Бир учурда Мухтар Атаналиевдин «Жаш сулуу», «Май айы», «Толкундар», «Балалыкты сагынуу» аттуу ырлары хит болгон. Концерттерине эл батпай, жаштардын обон созгон кайрыктары да ушул чыгармалар эле. Кийин ырчы дин жолуна түшүп, сахнадан алыстап кеткен. «Мен ырчылыктан кино тартканга өттүм. Чыгармачылыктан кеткен жокмун» деген ырчы «Үркүн» тасмасын элге көрсөтүүгө уруксат берилбей жатканын айтып кеңсебизге баш бакты.
– Мухтар мырза, Үркүн окуясынын негизинде тасма тартып бүттүңүз. Эмне үчүн бул тарыхый окуяны тандап алдыңыз?
– «Үркүн» тасмасын тартуу идеясы эки жыл мурун жаралган. Башымдагы ой бышып жетилип, окуянын 100 жылдыгына карата тартып бүтүрөйүн деп өткөн жылы сентябрда баштаганбыз. Учурда кино монтаждалып бүттү. Тасманы жаратууга мекениңдеги көйгөй сенин да көйгөйүң болуш керек деген ой түрткү болду. 100 жыл илгери ата-бабаларыбыз бейажал кырылып, ач-жылаңач белде, жолдо азап тарткан. Ошол тарыхый чындыкты тасма аркылуу чагылдырайын дедим.
– Тасманы өзүңүз каражат таап тартыптырсыз. Мамлекеттен акча сураган жоксузбу?
– Адегенде бул тасманы эч ким тартып жаткан жокпу деп сураштырдым. Башка тарткан киши жок болгондон кийин каражат издей баштадым. Мамлекетке кайрылсам, «100 жылдык иш-чараны уюштурууда фильм тартуу планыбызга кирген эмес» деп коюшту. Өзүмдүн жакын санаалаштарыма кайрылып демөөрчү таптым.
– Бул чоң окуя. Талаштуу, ачылбаган көп жагдайлар бар. Сценарийин кимдер менен кеңешип жаздыңыз?
– Акча табылгандан кийин «сценарийин жазып бергиле» деп көп адамга кайрылдым. Азыр алардын аттарын атабай эле коёюн. Бирок баарынан эле «убактым жок», «Ажарды» тартпайсыңбы», «Кандуу жылдарды» эле тартып койчу» деген жоопторду алдым. Бир жигит жазып берем деп алып кетип, иш баштаар алдында сценарийди сурасам «жаза элекмин» дейт. Анан өзүмө-өзүм суроо салдым. Мен чыгармачыл адаммынбы? Эгер ошондой болсо, эмне үчүн өзүм жазбайм дедим. Кинону тартууга киришкенден тартып окумуштуулар, тарыхчы, адабиятчылар менен көп жолу жолуктум. Кеңеш, ой-пикирлерин уктум. Үркүн окуясына катышкандардын урпактарынан уккандарымды мээме сиңирип алган экенмин, ошонун негизинде жаздым. 7 күн уктабай жазып көздөрүм канталап чыкты. Бүтөрүм менен чыгармачыл топко окутсам жарайт дегенде сүйүнгөнүмдөн өх дедим.
– Актёрдук курамды кантип тандадыңыз?
– 90 пайыз профессионал актёрлор. Облустук, шаардык театрлардын дасыккан ишмерлери тартылды.
– Камера иштеп баштаганда ой-чабыт күчөп, сценарийден чыгып кеткен эпизоддор болдубу?
– Окуяны курчутуш үчүн бир эпизод тартылды. Жигит менен кыз кичине эле суудан өтө турган жерин чоң суудан өткөзмөй болдук. Режиссёр менен оператор «жөн эле өткөзүп ийбей, сууга чалынтып жыгылталы» дешти. Алардын коопсуздугунан коркуп төмөн жакта карап турдум. Жигит кызды көтөрүп жээкке жетейин дегенде жыгыл дешти. Бала сууга жыгылып, кызды кармай албай калып агып кетсе болобу? Мен кызды кармап калайын деп чуркап жүрсөм, операторлор тартып жүрүшөт. Суудан чыгарып, кызды ата-энесине жеткирип, кечирим сурап келдим. Ошол күнү аябай коркуп калган экенмин, таң атканча уктай албай койдум.
– Тарыхый окуяны чагылдыруу чоң жоопкерчилик. Тасма жарыкка чыккандан кийин элдин сын-пикирин угууга даярсызбы?
– Чындыгында, жоопкерчиликти сездим. Биз бир эле айылдын окуясын алып, ошол аркылуу Үркүндү чагылдырдык. Мен элдин сын-пикирин угууга даярмын. Элдин айтканга акысы бар. Эч кимге кылган ишиң менен 100 пайыз жакпайсың да.
– Тасманы качан көрсөтөлү деп жатасыздар?
– 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтөлү дегенбиз. Бирок тасма тартылып бүткөндөн кийин көрсөтүүгө тиешелүү тараптардан уруксат берилбей жатат. «Бул жерин алыш керек, жумшартыш зарыл. Орустар менен мамилебизди эми жакшыртып келатканда ушуну тартып эмне кереги бар эле?» деп кайра кишини күнөөлүү кылышат.
– Сиз тартардан мурун сценарийин ошол адамдарга көрсөттүңүз беле?
– Ушундай жагдай чыкпасын деп кино тармагына тиешелүү тармактан тартып, укук коргоо органдарына, президенттик аппаратка, депутаттарга чейин бергем. «Ушундай сценарий менен тасма тартып жатабыз. Каршы болсоңуздар азыр эле айтып коюңуздар, убара болуп калбайлы» деп кайрылганбыз. Окуп көрүп, анча-мынча жерин оңдоп, «тарта бер» дешкен. Эми тааныбаган эле адамдар чалып «братан, тасмаңыз жарыкка чыкпай калбасын деп кабатыр болуп жатабыз да. Бул жерин алып эле салсаңыз болмок. Биз сиздин эмгегиңизди ойлойбуз!» деп кекетип жатышат.
– Аларга кайсы жери жакпай жатыптыр?
– Тасмадагы белде баратып музда тоңуп өлгөн кемпир, жаш бала, айылга келип элди өлтүрүп кеткен эпизоддорду ал деп жатышат. Жакында эле кино тууралуу сүйлөшөлү деп чакырышты. 30 жаштын тегерегиндеги жигиттер жогорудагы эпизоддорду алып салбайсызбы дешти. Мен аларга «1916-жылкы окуяда кыргыздар учак менен Кытайга барып келди беле?! Кыргын болгон, бул деген тарыхый чындык» деп айттым. Акыркы күндөрү ушинтип кодулагандар күчөп, өзүмдү кылмышкердей сезип жүрөм.