Орусиянын футболчусу Андрей Аршавин ага 3 бала төрөп берген Юлия Барановская менен бирге 9 жыл чогуу жарандык никеде жашап, эки ажырымга кетишкен эле. Жакында гана ал нике шакегин журналист Алиса Казьминага салып, экөө 1-сентябрда расмий түрдө никеге турушкан. Анын жубайы жолдошунун фамилиясын алып, Аршавина деп катталган. Жарандык никеде жашаган аялын жана 3 баласын атасыз калтырган Андрей төртүнчү жолу ата болорун орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Себеби Алиса футболисттен боюнда бар экенин билдирген.
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg