Коомчулукка «Сулуу болуп төрөлбө» («Не родись красивой») сериалы аркылуу белгилүү болгон Нелли Уварова кош бойлуу. Актёр Александр Гришин менен 5 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан Неллинин учурда боюнда бар экени маалым болду. Эми кинодон сырткары театрда эмгектенген актриса спектаклдерде роль жаратууну убактылуу токтотту. Эскерте кетсек, түгөйлөрдүн 5 жашар Ия аттуу кызы бар.
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg