Эльдияр Кененсаров, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер: «КВН ҮЧҮН УНААЛАРЫБЫЗ ЖАРЫМ ЖЫЛДАП КҮРӨӨДӨ ЖАТЧУ»

«Азия MIХ» командасы – кыргыз жерин КВН аркылуу бүткүл КМШ мамлекеттерине тааныткан сыймыгыбыз. «Голосящий КиВиН-2016» фестивалын биринчилерден болуп жеңген жападан жалгыз азиялыктардын командасы. Бул маекти 3 ай бою күттүк. Себеби Эльдияр мырзанын бош убактысы дээрлик болбойт. Бишкек-Алматы, Алматы-Москва-Сочи. Мына ушул учуп-конуп иштөө режими камчыга сап мырзабызды чарчатып жиберет. Маектешүү жагымдуу маанайда өттү, анткени бул күнү ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам берүү боюнча жарлык чыккан.

– Эльдияр мырза, сизди «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наамга ээ болушуңуз менен куттуктайбыз!..
– Рахмат, мен дагы деле ишене элекмин. Мындай наамды өмүр бою иштеп, ак чач баскан карыган адамдарга ыйгарат го деп ойлочумун. Мен 32 гана жаштамын, ушул куракта бийик баага татыйм деп ойлогон эмесмин. Бул менин гана сыйлыгым эмес. Бул наам мага ишенген адамдардыкы, ата-энемдики, жубайымдыкы, жадакалса жашоомо өзгөртүү киргизген балдарымдыкы, менин командамдыкы. Аларсыз бул ийгиликтерге жетпейт болчумун. Бул команданын эмгеги, мен аркылуу бүтүндөй «Азия МIХ`ке» берели деп ойлошсо керек.

– Өлкөбүздүн сыймыгына айланган «Азия MIХ» командасынын тарыхына токтолуп өтсөңүз...
– Биз башында КВН команда эмес, «Большие люди» долбоорун алып чыккан чыгармачыл бирикме болчубуз. Бир күнү балдар КВН көрүп отуруп «келгиле, Сочидеги фестивалга катышып келебиз» деп сунуштап калышты. Ага катышып, өзүбүздү ийгиликтүү көрсөттүк. Андан ары уланып Биринчи Лиганы утуп алдык. Аталган фестивалда ийгиликтүү ойноп, чемпиондордун катарында болгонубуз үчүн Александр Масляков Жогорку Лигага кошту. Ошол кезде команда мынчалык жакшы түптөлө элек болчу. Бизди редакторлор «эмне эле дайыма гастарбайтерлер тууралуу тамашаларды айтып, өзбектерди, кыргыздарды ушундай кылып көрсөтө бересиңер?» деп дайыма уруша беришчү. Айтылган сындар бизди ойлонтуп, башка форматта алып чыгууга түрткү болду. Ошондуктан жаңы команда азиялыктардын стереотиптерин эмес, алардын мүнөзүн, образын ачып берүүгө багытталды. Күйөрмандар азыр Санжар, Абдулниязов, казак шаманы, Ситорага көнүп калышты. Мен биз бул планда туура багыт алганбыз деп ойлойм. Ошондуктан «Алтын КиВиНди» биринчилерден болуп утуп алган жападан жалгыз азиялык команда болдук.

– Алдыда боло турган КВНдин Жогорку Лигасында акыркы жолу оюн көрсөтөт экенсиздер...
– Ооба, биз ушундай чечимди кабыл алдык. Бул биздин акыркы оюнубуз. Соңку сезондо биздин команда ачылып, «булчуңдары» чыгып, көпчүлүк көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды. Ушул сезондо өзүбүздү ийгиликтүү көрсөтүп, жеңүүчү аталганга мүмкүнчүлүк бар. Мындан ары болду КВНде ойнобойбуз.

– Өкүнүчтүү... Андан кийин эмне менен алек болосуздар? Сиздерди дагы экрандан көрө алабызбы?
(Күлүп) Биздин үй-бүлөбүз бар да, аларды караш керек. Ар бир оюн сайын акча издеген аябай кыйын. Муну Эрмек Нурбаевден «Тамашоуго» кантип акча издегенин сурап көргүлө. Мына ушул себептен алар Сочиге барып ойнобой калышкан. Биздин балдар кошумча сценарий жазып иштеп келишет. Орусиялык телеканалдардан, компаниялардан түшкөн сунуштар көп. Ошондуктан биз алектенчү иштер толтура. Өнүккөнгө өзүбүздүн багытыбыз, жолубуз бар. Азыркы тапта эч нерсе тууралуу ойлогубуз келбейт. КВНде жыйынтыктоочу оюн көрсөтүүгө 4 ай калды. Баарын жыйыштырып, ошол маселе менен гана алек болобуз. Кандай болгон күндө да биздин ишмердүүлүгүбүз телевидение менен байланыштуу. Чыгармачылыкта эле болобуз.

– КВНде оюн көрсөтүү үчүн карызга батканыңарды да билебиз...
– Мындай учурлар көп болгон. Балдар унааларын күрөөгө калтырып, карыз алып, концерттен түшкөндө төлөчүбүз. Унааларыбыз жарым жылдап күрөөканада жатчу.

– Өкмөттөн колдоо жок, татарстандык досторуңар колдоп жатканы капа кылган жокпу?
– Жон Кеннеди АКШнын президенти болуп турганда «мамлекет мага эмне кылды деп сураба, мамлекетке мен эмне кылдым деп сура» деген жакшы сөзүн айткан. Казакстандык досторубуздан «келгиле, биз силерди колдойлу, силер болсо Казакстандын атынан чыккыла» деген сунуштар түшкөн. Биз үчүн Орусиянын 1-каналына эптеп эле ар кайсы мамлекеттин атынан чыгып, жүзүбүздү таанытуу башкы максатыбыз эмес болчу. Башкы максат – Кыргыз Республикасынын атынан чыгып, кыргыз жеринде интеллигенттүү, өнүккөн, таланттуу жаштар бар экенин, ар түрдүү улуттар бири-бири менен ынтымакта жашаарын даңазалоо эле. Кудай жалгап татарстандык досубуз Ирек кол сунуп калды. Ал өз өлкөсүнүн командасын эмес, бизди колдоду. Кыргыз жеринен Бабур, Имамидин аттуу досторубуз колдоого алышты. Булар жарнама кылуу максатында колдошкон жок. Ошондуктан биз мамлекеттен эч нерсе сурабайбыз жана «мына, мамлекет бизге жардам көрсөтпөй жатат» деп ыйлабайбыз. Мамлекет өзүнүн маселесин чечип алсынчы. Өкмөт жакшысы пенсионерлерге, ардагерлерге жардам берсинчи. Биз жашпыз, колу-бутубуз бар, өзүбүз иштеп таап алабыз. Мен бул биздин милдетибиз деп билем, ошондуктан капачылык жок. Негизи позитивдүү маанай, сыймык алып келгенибиз элдин аң-сезимин өстүрөт, «биз «чурка» эмеспиз, биз мыктыбыз» дешет. Бул, буюрса, спортко да жетет. Жакында Олимпиада болду, анда бир гана чемпиондук дух жетишпей калды. Бардык спортчулар аренага ур-тепкиге алынгандай чыгышты. Чындыгында алардын техникасы, машыкканга жардам берип акча сарптаган достору бар. Алар «биздин колубуздан келет, Америка, Франция болсо эмне болуптур?! Эй, бери келчи!» деши керек. 10 жылдан кийин сөзсүз ушундайга жетебиз деген ишеничтемин.

– Александр Масляковдун сизге болгон өзгөчө мамилеси байкалат. Башкаларды команданын атынан атап чакырса, сизге Эльдияр деп кайрылат. Бул бизге аябай жагымдуу болот...
– Мен сыймыктансам болот, себеби Жогорку Лигада ойногон бардык КВНчи эле Александр Васильевич менен бир столдо отуруп тамактанган эмес. Бардык эле КВНчилер анын үй-бүлөсү менен мендей тааныш эмес. Аны кыргыз жеринде да коноктоо бактысы буюрган. Биз меймандос, ак ниеттүү, «понт» кармабаган элбиз. Мына ушул сапаттар да жакшы таасир берди окшойт. Александр Васильевич бизге көп мүмкүнчүлүк берген, мамилебиз жакшы. Анан менин оюмча, атым жакшы угулат болуш керек. Көнүп калган Вася, Ваня дегендерге караганда, Эльдияр деген өзгөчө болуп жатпайбы (күлүп).

– Команданын ийгилик сыры барбы?
– Бардык жеңиштер дисциплина аркылуу келди. Кыргызда «эртең, бүрсүгүнү, «брат», кечигип калдым» деген жаман сапат бар. Мына ушул жаман сапаттардын баарын алып салдык да, немис технологиясын кыргыз командасына киргиздик. Бирок кыргызда жакшы нерсе бар, эч ким ишенбей калса да акырына чейин бирөө үчүн бешөө барат. Мына ушуларды калтырып койдук. Ошондуктан биздин команда акырына чейин күрөшүп келет. Мен оюнчуларга кечикпегенди, бир жерде отуруп иштегенди, жазганды үйрөттүм.

– Команданын курамы да жаңыланды...
– Курам башында башка болчу. Алар азыр ар ким өзүнүн теледолбоорлору менен иштеп жүрүшөт. Өзгөрбөй өнүгө албайбыз, бул туура тандоо болду. Юрмаладагы фестивалга катышууга бир жума калганда бизге чакыруу келди. Досубуздун жардамы менен бир жумада бүтчү визаны бир күндө жасаттык. Ошол кездеги команданын жарымы, азыр өз алдынча иштеп жаткандар өзүлөрүнүн себептери менен барбай калышты. Мен, Эрмек, Руслан, Бахтияр, Азамат эле калдык. Бул 5 адам «Азия МIХ» боло алабы? «Ким ырдайт, ким кызыктуу?» деп издеп, командага чакырып тааныштарга чалып чыктым. Сергейге (Абдулниязов) чалдым, ал ошол маалда радиодо ди-джей болуп иштечү. Анын мурда КВНде ойноорун, жакшы ырдаарын эстеп кеттим. «Сергей эмне кылып жатасың?» десем «жумуштан бошоп, сериал көрүп отурам» дейт. «Анда жакшы болуптур, жүрү биз менен Юрмалага кеттик» дедим. Мына, ал капысынан эле командага кошулуп калды. Аябай ишти жакшы көргөн адам экен, командага бат эле аралашып кетти. Жаңы командада сулуу кыз, шаман, кыргыз студенти, тажик ырчысы, ысык-көлдүк жигит Санжар бар. Алар абдан кызыктуу персонаждар.


Эльдияр Кененсаров менен болгон маек Кыргызстан менен Казакстандын жолдоштук беттеши орун алган күнгө туш келди. Команданын капитаны футболду жакшы көргөндүктөн «Азия МIХ`ти» футболдук командага салыштырып сүрөттөп берди.

– Теоретикалык мааниде «Азия МIХ`ти» футболдук командага салыштырса болот. Баарыбыз бир бүтүнбүз. Бир кишини эле алып салсаң команда болбой калат. Ошондуктан ар бир оюнчуга кылдат мамиле кылабыз.

РОСТИСЛАВ ЯЩЕНКО (москвалык милиция кызматкери) – жарым коргоочу

Жакында бойдокчулук менен коштошкон Ростислав «Большие люди», «KG club» долбоорлорунун сары баласы катары жылдызы жанган.
– Ростислав кенен тааныштырууга муктаж эмес го дейм. Себеби аны баары таанышат. Ал көптөгөн идеяларды берип турат. Командада көбүнчө москвалык милиция кызматкеринин ролун аткарат.

СЕРГЕЙ ДУШИМОВ (Абдулниязов) – чабуулчу

Абдулниязовдун образы тажик эстрадасынан мурутчан ырчы Мехрубони Равшандан алынган.
«Радиодо 6 жарым жыл иштеп бошоп кеткенден кийин «Азия MIX`ке» кошулдум. Команданын форматы өзгөрүп, тамашасы да кызыктуу болуп калды. Мага Абдулниязовдун ролун сунуштаганда дароо эле макул болдум. Азиялыктардын катарына тажик ырчысы кошулганы жакшы болот дегем»,- дейт Сергей.

АЗАМАТ ТОКТОСУНОВ (ботаник студент Азамат) – каптал жакта ойногон футболчу

– Азамат биз уюштурган «Ала-Тоо» Лигасында ойночу. Ал катышкан команда Азаматтын жардамы менен утуп келген. Азамат үнүн аялдыкындай кылып, «балдар, ким бүгүн үй тапшырмасын аткарып келди?» деген Айнаш апанын ролун ойночу. Көрүнүктүү оюнчу болгондуктан пайдалуу болот деп ага ботаник кыргыз студентинин образын ойлоп таптык. Ал оюн талаасында баланс кармап, күтүлбөгөн жерде пайда болот.

ЭРМЕК КЕНЕНСАРОВ (ысык-көлдүк Санжар) – чабуулчу

– Баарыңыздарга маалым болгондой эле Эрмек менин бир тууган иним. Ал командада эң күлкүлүү персонаж болуп саналган ысык-көлдүк Санжар аттуу баланын ролун жаратат.

РУСЛАН МАКСИМОВ – КОРГООЧУ

– Русланды футбол талаасында коргоочу катары сыпаттамакмын. Себеби ал баары уктап жатканда, таңкы саат 6да менин жанымда отуруп алып уктабастан сценарий жазышат. Көбүнүн сахнага чыккысы келет го, Руслан андайлардан эмес. Ал сахнада аз көрүнөт, көбүнчө командага тийиштүү кара жумуштарды аткарат.

ДАНИЯР МАКАШЕВ – жарым коргоочу


Данияр Сүйүн Откеевдин «Сен эмне кылмаксың?» деген тасмасында Бекзат деген жигиттин ролун ойногон. «Тамашоудо» казакстандык «Эксклюзив» командасынын оюнчусу да болгон.
– Данияр Макашев командага жакында гана кошулду. Ал команда үчүн башкалардан да көп иш жасады. Акчаны дайыма андан алчубуз. «Ала-Тоо» Лигасында чемпион болгон казакстандык команданын капитаны болчу.

СИТОРА ФАРМОНОВА (өзбек кызы Ситора) – күйөрмандардын тобун жетектейт

– Биз башында жалаң эркектердин гана командасы болобуз деп ойлогонбуз. Кыздын кошулушун таптакыр каалаган эмеспиз. Жубайым «командага сулуу кыз алгылачы, керек болот» деп сунуштады, «сенден башка кайсы сулуу кыз? Сенин кичинекей балаң бар» десем, «Ситораны алгыла» дейт. Биринчи турда оюн көрсөткөндө жалгыз аны гана байкап калышыптыр. Негизи жаңы курам менен аябай начар оюн көрсөткөнбүз, көпчүлүк тамашалар өтпөй калган. Бирок редакторлор «кызыңар аябай татынакай экен, азамат, супер» дешти. Ситорага көп тамаша жазып койсок «тамашалабай жөн эле тура берсин, азиялык кыздар жөнөкөй келишет» деп кесип салышат. Мейли, ал аз сүйлөсө да өзүнүн турган турпаты менен элге жагымдуу атмосфера жаратат.

БАКТИЯР КАСЫМАЛИЕВ (казак шаманы) – каптал жакта ойногон футболчу

Шамандын образын жараткан Бактияр командада 2011-жылдан бери ойнойт. Ал кезинде «Тамашоунун» «Ни дай Бох» командасынын оюнчусу болчу.
«Шамандын образын баарыбыз талкууладык. Мен ошол кезде эле ирокез чач жасалгасы менен жүргөндүктөн бул ролду ойноп калдым. «Ни дай Бох» командасы менен чемпион болгонбуз, андан да көтөрүлүп, башка этапка өткүм келди. «Азия MIХ» командасы аркылуу кыргыз жеринде гана эмес, Борбор Азияга чейин популярдуу болдук. Жер кезип саякаттадым, жаңы тааныштарды күттүм»,- дейт Бактияр.

МАРАТ ЖУМАНАЛИЕВ (спортчу Маратик) – дарбазачы

– Маратка чалып, «командада ойногонго каалооң барбы?» десем, «мен эмне маскарапоз белем?» деп жатпайбы (күлүп). «Эми сахнага бир эле жолу чыгып коёсуң» деп эптеп көндүрдүм. Кийин «экинчи оюнга барасыңбы?» десем, «албетте, менсиз барганы жаттыңар беле?» дейт. Үчүнчү оюнда «Мара, эми ырдаш керек» десек, «мени башында сахнада туруп бергенге эле чакырбадыңар беле? Макул, тамаша айтайын, эми силерге ырдашым керекпи?» деген. Төртүнчү оюнда болсо «кана мага тамаша, эмне мага жазган жоксуңар?» деп калыптыр. Эми Марат жашоосун КВНсиз элестете албай калды.

АКИМ КАРАСАЕВ – каптал жакта ойногон футболчу

Аким Карасаев командага Эльдияр мырзанын чакыруусу менен кошулган. Анын персонажы – «Азия MIХ» командасынын күйөрмандар тобун жетектеген позитивдүү, ак көңүл жигит. Бул жигитти Орусиянын «Comedy Баттл» долбоорунун финалына чейин жеткен топучан Акимжан катары да тааныйбыз
.
«Командага жан тартып материалдык, моралдык жардам көрсөткүсү келип тамашаларды ойлоп табууга аракет кыла берген жигиттин ролун аткарам. Анын тамашалары жарабай калат, бирок мунун баарын ал чын жүрөктөн жасайт. Командага кошулуп башка адамдарды угууга, жардам берүүгө үйрөндүм. Эң башкысы жуунучу бөлмөнү башка бирөө ээлеп калбаш үчүн эрте турууга көндүм (күлүп)»,- дейт Аким.

КАМИЛА АБДИЛ – коргоочу


«Ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аял турат» деген сөз Эльдияр мырзанын өмүрлүк жары Камила айымга туура келет. Камила – команданын менеджери, аны алдыга сүрөгөн «мотору» десек да жарашат. 7 жыл мурун баш кошушкан түгөйлөр бактылуу үй-бүлөнүн үлгүсү болуп уул-кызды тарбиялап келишет. Камила жолдошунун сүйүктүү жары гана болбостон, ишеничтүү жакын досу жана өнөктөшү. Ал сценарий жазууга жардам берип, команданын оюнчуларын жана жолдошун ар тараптан колдоп келет.

Эльдияр Кененсаров Александр Масляков, жубайы жана балдары менен.


«Башында 1500 тамаша жазабыз, алардан иргелип 500 калат. Электен өткөн 500 тамашаны кайрадан окуп көрүп 100 тамаша калтырабыз. Аны да «кысканда» саламдашуу номерине 20 тамаша калат».


"Азия МIX" командасынын башкы курамында ойногон Ренат Тентимишов 3 жыл мурун жүрөк оорусунан каза тапкан.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эльдияр Кененсаров жана "Азия MIX" командасынын ийгилик жолу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
altyshka_23
2016-09-12 09:13:18
Азаматтар биз силер менен сыймыктанабыз
+6
Izdeim_seni.
2016-09-12 11:17:45
Жакшы интервью
.куудулмун деп эле аны муну суцлой бербептир
+7
AnGelina
2016-09-12 16:00:10
Izdeim_seni., кайсы аны-муну суйлой бериптир. Орду менен маанилуу создорду айткан.
-2
bema_bema
2016-09-12 20:45:21
AnGelina,сиз тушунбой калдыныз окшойт, суйлой бербептир деп жазыптыр
+5
over
2016-09-12 19:21:59
мыкты интервью
+4
altynka95
2016-09-12 20:50:16
Мындан ары да коп ийгиликтерди жарата бериниздер сиздер менен сыймыктанабыз!
+4
Arsenal2
2016-09-12 21:05:56
Чынында эле мыкты бала экен, Азаматсын биз сени менен сы
ймыктанабыз.
+5
ayushka
2016-09-12 21:33:09
Кандай гана дем дух берет кучтуу адам ошондой эле жонокой дагы сыймыктана турган улгу ала турган соонун инсан...ар дайым ийгиликтер коштоп журсун сиздерди
+4
tokitok
2016-09-13 18:13:41
Азамат! Эльдияр. мына ажобуз айткандай мекендештерим жаман жашоонорго кечке эле мамлекет окмот ажону куноолой бербей айткан создорунон сабак алсанар болчудай биз деген жашпыз. Аракетке берекет.
+7
Blume_gul
2016-09-13 23:24:10
Azamattar, ozu aitkanday mimika ele menen emes, dagy bilim, mee menen tamashalashat. Iygilik!
+2
LadyB
2016-09-15 12:05:18
Эльдияр Азаматсынар, мен Казахстанда жашасам да силерди коргондо журогум жарылып-болеть этем, и горжусь вами! Молодцы, очень жаль что этот сезон крайний у вас, но ничего надеюсь вы всегда будете делать Кыргызский крутые проекты чтобы дальше мы гордились вами и вашими трудами.
+2
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан