ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ (фотороман)

20. – Султанга барып жабышып "жардам бер" дегенден уяла берчүмүн. Бирок ал өжөр мүнөзүмдү билет да, ошондуктан мени жалдыратып чуркатпай эле "кел, мен сага жардам берем, продюсерим менен тааныштырайын" деген. Султандын ошондогу мага кылган жакшылыгына ыраазымын. Ал мени Динара эженин (ред. Эсенгулова) үйүнө ээрчитип келип тааныштырды. Динара эже мени ырдатып көрүп, "үнүң жакшы экен, даярдана бергиле, жакында "Ала-Тоо" аянтындагы Эгемендүүлүк күнүнө арналган концертте Султан экөөңөр дуэт ырдайсыңар" деп койду. Ошондо кубанганымдан өзүмө батпай чыккам.


21. – Эсимде, сахнага алгачкы жолу Динара эженин (Акулова) концертинде чыккам. Толкунданганымдан ырымдын сөзүн унутуп койгом. Тердеп, колдорум титиреп микрофонду түшүрүп жибере жаздаганымды эч унутпайм. Ошентип чыгармачылыгымдын чыйыр жолу башталды. Башында алып баруучулар сахнага чакырганда фамилиямды айта алышпай «Түлөбердиев, Билимбердиев» да кылышты. 2007-жылы алгачкы жеке концертимди берүүгө да жетиштим.


22. – 2008-жылы сахнада эле эмес, кафе, ресторандарда жандуу ырдай баштадым. Мени ырчы Раллия «Кайрат, сен англис тилинде ырдашың керек, үнүң ошого ылайыктуу. Стиви Уандер жана башка ырчыларды уксаң» деп жүрүп кызыктырып салды. Анан кафелерде иштеген музыканттар менен достошуп, барып ырдай баштадым. 2009-жылы Динара эже (ред. Эсенгулова) менен түзгөн келишимим бүтүп калган болчу. Ошондон тарта кабак ырчысы болууга баш-отум менен кирип кетип, сахнадан алыстай түштүм.


23. – Жаңылуу адамды дайыма коштоп жүрөт экен. Жаштык кылдыкпы, айтор, биринчи жубайым Айзада экөөбүз үй-бүлөбүздү сактап кала албадык. Анын үстүнө ошол убакта сахнадан алыстап, кыйынчылыкка тушуктум. Бишкекте үйүбүз жок батирде жашадык, жан багуу үчүн такси да айдадым. Ушундай шарттар жашообузга таасирин тийгизди окшойт. Экөөбүз урушуп-талашпай, тынч эле эки башка жолго түшкөнбүз. Азыр биринчи жубайымдан көргөн уулум 6га чыгып калды. Андан кабар алып, жолугуп турам.


24. – Кийинки жубайым Эльвира менен Казакстанда кафеде чогуу иштеп калып таанышкам. Эля жашаган батирдин бир бөлмөсүндө досторум менен жашачумун. Жумушка чогуу барабыз, келе жатканда Каспий деңизин бойлой сүйлөшүп жөө келебиз. Жээгинде ак чардактар, ак куулар көп эле. Анан кантип сүйүү башталбайт? Эляга үйлөнгөндөн кийин жашоом түп-тамырынан өзгөрдү. Ал мага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду, балканактай уул төрөп берди, чыгармачылыкка жаңы дем менен кириштим.


25. – Кабакта ырдасаң үнүң такшалат, анан сынактарга катышып өскүң келет. Кыргызстандагы көп сынактардын тандоо туруна катышып, бирок өтпөй калчумун. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» деген менмин, шагым сынып калгандын ордуна болбой эле тырыша берчүмүн. Акырында келинчегим Эльвира «Кыргызстандагы сынактарга катышпай эле койчу, сени баары бир баалашпайт. Анын үстүнө картайдың, жаштар деле катышсын» деп чыйпылыктачу болду. Ошентип Орусиядагы «Главная сцена» телесынагына катышып калдым.


26. – Так ошол «Главная сцена» телесынагынан кийин жылдызым жанды десем болот. Кыргыз эстрада ырчыларынан алгачкылардан болуп Москвадагы Кремль сахнасында ырдадым, атактуу орусиялык ырчы Елена Ваенга концертине конок катары чакырды. Ошентип бир кездеги элдин сүймөнчүгү болсом деген кыялым орундалды. Кайда барып ырдабайын эл ырларымды сүйүп угуп, жаныма келип «Азамат! Биз сени колдойбуз» деген жакшы сөздөрүн айтышканда «ырчы болсом» деген үзүлбөгөн үмүтүм акталып, азыр үзүрүн көрүп жатканымды сезем. Албетте, бул ийгиликтерге алтындай болгон апамдын, келинчегимдин, уулдарымдын, жакындарымдын жана кыргыз элимдин үмүтү, колдоосу аркылуу жеттим.


Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы Кайрат Примбердиевдин кыйынчылыкта өткөн бала чагын, алдыга койгон аруу тилектерин, сахнага чыгууга болгон аракетин баяндаган элек. Ырчы болууга чейин Кайрат кара жумушта, нан бышыруучу жайда иштегенин айтып берген.

(Аягы)

Башкы ролдордо:

Кайраттын бала чагы – Алихан Алматов


Апасы – Нестан Эсенжанова


Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды.

Асхат Субанбеков
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
airus879015
2016-09-12 16:00:05
Моладес. Кыйынчылык менен жетиштинби эми узурун кор. Алгааа!!!!!!
+3
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан