Учурда түштүк жергебизде башка жемиштер менен кошо бадамдын да бышып, жыйналып жаткан кези. 130 жылга чейин жашоочу бадамдын касиети жана андан эмнелерди жасап бышырууга болорунан сөз козгойбуз.
КЫРГЫЗСТАНДА 5 ТҮРҮ ӨСӨТ
Бадам – роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак жана бадал. Мекени – Батыш жана Орто Азия, Жер Ортолук деңизинин жээктериндеги өлкөлөр. Республикабыздын түштүгүндө таш-шагылдуу бөксө тоолордо, таштак адырларда жапайы түрүндө өсөт жана атайын өстүрүлгөндөрү да кездешет. Кургакчылыкка чыдамдуу. Таттуу жана ачуу сорттору бар. Кээ бирлеринин кабыгы жука, айрымдарыныкы калыңыраак. Гүлдөрү түрүнө карап ак, күлгүн, кызгылт. Кыргызстанда 5 түрү кездешет: кадимки бадам (же таш бадам), Петунников, Бухара, тикенектүү (же чингил бадам) жана Сузак бадамы. Булардын ичинен Петунников бадамы 1985-жылы Кызыл китепке киргизилген. Өлкөбүздөн бадам Орусия, Казакстанга экспорттолот.
Бадамдардын тамыры узун болгондуктан жер кыртышын бекем кармап, жер көчкү, таш көчкүлөрдүн жүрүүсүнүн алдын алат.
КОЛДОНУЛУШУ
БАДАМДУУ ТОКОЧ
КУУРУЛГАН БАДАМ
Керектелүүчү азыктар:
Бадам – 100 грамм
Кумшекер – 80 грамм
Суу – 40 грамм
Корица упасы – 1 чымчым
Даярдоо ыкмасы:
БАДАМДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ:
Курамы: Май, каротин, ликопин, витаминдер: C, B, A, E, кальций, магний, натрий, калий, фосфор, хлор, цинк, темир, йод, жез жана башка.
Пайдасы: Иммунитетти көтөрөт, организмдеги ууларды бөлүп чыгарат, эненин сүтүнүн көбүрөөк бөлүнүп чыгышын шарттайт. Көздүн, мээнин, ички бездердин иштешин жакшыртып, сөөктү жана тишти бекемдейт. Эркектердин бел кубатын көтөрүп, кандагы канттын деңгээлин турукташтырат.
Болбойт: Тахикардия, аллергияга (бадамга аллергиясы барларга).
Бадамдын көгүн жесе, адам ууланып калышы мүмкүн.
100 граммында 576 калорий болгондуктан арыктагысы келген толук адамдарга сунушталбайт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg