КИМ СЕКСУАЛДУУ? АЙЫМДАРБЫ ЖЕ МЫРЗАЛАРБЫ?

Азыр 21-кылым. Айымдар менен мырзалардын укуктары бирдей. Андыктан мырзаларга айымдар бардык жагынан “атаандаша” алат десек да болот. Ал эми төшөк маселесине кайрылсак, “айымдар кыйынбы же мырзалар кыйынбы?” деген суроо туулат. Жообун табууга аракет кылып көрөлү.

(P.S.: Макала 18 жаштан жогоркулар үчүн! Белгилер:Жыйынтык Кеңеш)

1. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, кыздар 12-13 жашында балакатка жетет. Ал эми эркектер 14-15 жашында гана “ишке жарамдуу” болуп, чыныгы мырзага айланат.
Демек, айымдар ат чабым алдыда, андыктан упай узун чачтууларга берилет.
Мырзалар чүкө ойноп жүрө бербей, эртерээк чоңойгонго аракет кылса болот.

2. Эркектердеги тестостерон гормону (сексуалдык каалоону жаратуучу негизги жыныстык гормон) айымдардыкына салыштырмалуу 20 эсе жогору экендиги илимде аныкталган. Ошондуктан эркектер секс тууралуу айымдарга караганда көп ойлонушат. Орто эсеп менен алганда мырзалар күнүнө 19 жолу, ал эми айымдар 10 жолу төшөк оюнун эстешет же каалашат.
Ойчул жана кыялкеч мырзалар, албетте, алдыга озот.
Айымдар косметиканы эле эмес, башканы да ойлошсо ашыкча болбойт.


3. Дүйнөлүк статистика боюнча, мырзалардын 76 пайызы өнөктөшүнүн көзүнө чөп салат. Ал эми созолонуп жүрүп солду көздөй басып кеткен айымдар 26 пайызды түзөт.
Бул жакшы көрүнүш эмес, бирок көрсөткүчү жогору болгондуктан упайды эркектер илип кетти.
Абайлагыла, эркектер! Ала жипти аттайм деп ооруларга чалдыгып же жан шеригиңизден кол жууп калбаңыздар.

4. Сексологдордун изилдөөсү боюнча, мырзалардын 93 пайызы мастурбацияга (өз алдынча сексуалдук моокумун кандыруу) барат. Ал эми айымдардын 62 пайызы мындай “сыр тутчу” жорукту жасашат.
Бул саам дагы сексуалдык каалоосу ашып-ташып турган мырзалар өзгөчөлөндү.
Мырзалар, душка азыраак түшкүлө.


5. Америкалык сексолог Альфред Кинси эркектердин 75 пайызы орто эсеп менен 4 мүнөттө оргазм аларын аныктаган. Ал эми айымдар орто эсеп менен 10-20 мүнөттө оргазм алышат. Андыктан айымдардын көпчүлүгү кумардын туу чокусуна чыга албай калышат. Изилдөөлөр боюнча, айымдардын 29 пайызы гана оргазмдын даамын татышат, ал эми 70 пайыздан ашууну өнөктөшүнүн шагын сындырбайын деп калп эле кумардын туу чокусуна жеткендей түр көрсөтүшөт.
Кумардын туу чокусуна чыгууда көйгөйдүн аздыгына байланыштуу упай эркектерге берилет.
Айымдарга актриса болууну токтотуп, өнөктөшү менен ачык-айкын кеңешип алуу сунушталат.


6. Медициналык статистика боюнча мырзаларда 40-45 жаштан кийин төшөктө көйгөйлөр башталат. Бул жаштан өткөндөн кийин импотенция деген диагнозду укса таң калбай эле коюшу керек. Ал эми айымдардын сексуалдык активдүүлүгү 40 жаштан кийин күчөй баштайт.
Карыган сайын төшөктө “жашарган” айымдар бул ирет алдыда.
Айымдар, эч болбой калгыча ийгиликтин кеч болсо да жылмайганы жакшы. Мүмкүн көз кыса тургандар табылат (тамаша).

Жалпы жыйынтык: Айымдар, таарынбаңыздар, жалпылап алганда 4:2 эсебинде эркектер сиздерге караганда сексуалдуу деп табылды.

Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Kroxa
2016-09-12 22:50:34
Кунуно 19 жолу мырзалар 10 жолу аялдар каалашат дейби кунуно эмес жумасына да 10 жолу коптук кылат го
+4
Syimyk01kg
2017-01-30 18:03:48
Kroxa, гунуно 2 жолу норма болот
+1
admin_superstan
2016-09-13 16:31:44
Mavlyuda, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
munduz2016
2016-09-15 22:51:08
Мен кээде 100жолу секс жонундо ойлоном)))
+6
baxa90
2016-09-16 12:46:02
кыздар бузулду
+1
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-19 21:36:35
Чын мен да ишенем ушуга
-2
chon.alai.
2016-10-11 23:36:04
секс болбосо жашоонун кызыгы кацда
+4
sainjek
2016-11-20 10:49:53
Охоо
-1
Edilbek.
2017-01-28 21:08:14
Мен 100 жолу ойлоном деген хаха болуптур
-1
Syimyk01kg
2017-01-30 18:02:44
Ойлонбогула э зыян ошондойду ойлонуп атып байкуш кыздарды зордкуктап салтасынар
+1
aziiiz
2017-02-13 09:29:00
эх тошок оюну кандай сонун мен бир кундо 20 ашык жолу ойлоном.
+1
ArtikSkyBoy94
2017-02-13 10:43:14
Ойлоно бербей уйлонгуло да... Кыздар тымызы окуп отурбай, тийгиле мырзаларга, көбөйүп 7 миллионго жетсин тезирек саныбыз...
0
admin_superstan
2017-05-02 09:58:09
bashtykk, этика нормаларына дал келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
sulaimanov.ulan
2017-06-19 16:19:57
Жигиттер бул жакта ойлонбой эртерээк уйлонсонор ансыз деле кыздарды албарстылар басып кеттат
+3
rus228300
2017-08-13 00:43:48
Ойлоно берип анан маструбация кылышат экенда ойлонбойле ишке откуло сразу эле.
0
Nurbek77
2017-09-05 01:46:03
Эркектер озунордуле ойлой бербей жанынардагы сулуунуда ойлоп чогуу бутушунорду сунуштайм!
0
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан