Маршруттук таксиге түшсөм эле төрдөгү орундукта сен телефонуңа үңүлүп отурупсуң. Азыр ойлосом курч экенмин. Жаныңа барып отуруп эле: “Кирпиктериң өзүңдүкүбү? Жасалма эмеспи?” дедим. “Өзүмдүкү” дедиң жылмая. Байкасам чын эле өзүңдүкү экен.
– Укмуш экен. Үйгөбү?
– Ооба.
– Атың ким?
– Аида.
– Меники Санжар. Мен эми “кирпиктери кереметтүү болгон кыз менен тааныштым” деп досторума мактанам. Алар болсо “аның кана, көрсөтчү” деши мүмкүн. Эмне дейм?
Жооп ордуна жылмайып гана койдуң.
– Эртең бир кечеге барам. Сени менен мактанайын, мени менен кошо барып келбейсиңби?
– Бош эмесмин.
– Андай жоопторду кабыл албайм. Телефонуңду жаз!- тамашалап телефонумду сунсам жылмайдың да, номериңди жазып сактап койдуң. Ошентип кечинде телефон аркылуу сүйлөштүк.
Эртеси жалгыз жашаган досума барып, сен үчүн атайын кече уюштурмак болдум. Сени жумушуңдун алдынан тосуп алдым. Досумдун үйүнө келдик. Столдо шараптын бөтөлкөсү койкоёт. Сүйлөшүлгөн боюнча биз барганда үй бош, досум жок болуш керек эле. Бирок ал: “Эжемдикине барайын десем алар Көлгө кетип калышыптыр. Калышым керек болду. Тоскоол деле болбойм!” деп мага актанды. Айла жок. Эки шам күйгүзүлгөн столду тегерете үчөөбүз орун алдык. Анан досумдун көз карашынан эле сага сук артып жатканын байкадым. Досум гитарада мыкты ойнойт, анан созолонто ырдайт. Сени илдирип жибербесем экен деп санаа тартып жаттым ичимден. Айткандай аз өтпөй досум ырдап баштады. Бул сени менден тартып алып, торго түшүрүүнүн амалы болчу. Бир нерсе кылышым керек эле. Таптым, мен анекдоттун сазайын берчүмүн. Ошентип досум ырдайт, мен күлдүрөм. Айтор, экөөбүз маскарапоз боло бердик. Экөөбүз тең сенин көңүлүңдү алуу, жагынуу үчүн күрөшүп жаттык. Бир убакта анекдотторум түгөндү. Сенин эликтикиндей сулуу буттарыңдан көзүмдү албай унчукпай отуруп калдым. Тиги ырдай берди. А менин көздөрүм буттарыңда. Көрктүү, түптүз буттарың жинди кылып жиберейин деди. Ушунчалык кумарлануу менен тиктеп отурам. Бир убакта сага тигилсем, мени карап турупсуң. Каректериңди ала качтың. Менин каректеримде сага болгон бардык кумар, эңсөөм чагылып турган болчу. Заматта кызарып кеттиң. Ойлорумду, эңсөөмдү карегимден окуп салдың окшойт. Эми мен сулуу эриндериңди, көрктүү ийиндериңди, деги койчу, дене мүчөңдүн ар бирин сугалактык менен тиктөөгө, көзүм менен чечинтүүгө өттүм. А сен улам акылынан азган кишидей сени коюуланган көздөрү менен тиктеп турган мени көз кырың менен карап, кызара бердиң. Бир убакта аста гана эриниңди тиштеп койдуң. “Болду” дедим ичимден, “Меникисиң...” Эртелеп жеңишти өзүмө ыйгарып алдым. Бөлмөдө экөөбүз гана калышыбыз керек эле. Бирок тиги кашайган досум ырдаганын токтотпойт. Анан ал бир убакта экөөбүздүн кумарлуу тиктешүүбүздү байкап калды окшойт. Оозу жап болду. Гитарасын кучактаган бойдон ашканага жөнөдү. Эриндерибиз чап жабыша, кийимдерибиз туш келди ыргытыла берди. Сулуу экенсиң. Жылаңач денеңди көрүп алып эстен танайын дедим. А добушуңчу? Аста чыккан жагымдуу үнүңдөн башым айлан көчөк болуп жатты. Мен эзели көрбөгөн, укпаган, добушу өтө эле жагымдуу жана кумарлуу музыкалык аспапта ойноп жаткандай болдум...
Бир топ убакыттан кийин досумдун гитара менен кайгылуу бир обонду ойногонун эшиттик. Бул анын арман күүсү болчу...
Санжар
Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg