ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 9 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Жол кырсыгынын айынан бир заматта 9 адам каза тапты. Арасында төрөлгөнүнө 1 гана ай болгон наристелер да бар.

КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА

Ушул жылдын 27-августунда Бишкек-Ош унаа жолунун 178-чакырымында, тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндө Мицубиси Лансер жана Фольксваген Пассат унаалары кагылышкан. Жыйынтыгында Мицубисинин ичиндеги 4 адам, Фольксваген Пассаттын ичинде бараткан 5 адам каза болгон. Дагы бир жүргүнчү Арсен Бакытбеков оор абалда ооруканага жеткирилген. Каза болгондор: Мицубиси Лансер унаасынын айдоочусу Болот Жумадылов, жүргүнчүлөрү Тынчтыкбек Кулов, Нурдин Касымов жана Айзат Исмаилова. Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу Жылдызбек Шүкүров, жүргүнчүлөр Элнура Шүкүрова, Жылдызбек кызы Нурзада (ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон), Айлин Шүкүрова жана Алияр Шүкүров. Мицубисинин ичиндегилер бөлөлөр болуп, алар Таласка кудага бара жатышса, экинчи унаанын ичинде Жылдызбек Шүкүровдун үй-бүлөсү төрөлгөнүнө 1 ай болгон эгиз балдарын Кара-Кулжадагы ата-энесине көргөзүп, Бишкекти көздөй келе жатышкан. Кайсы унаанын айдоочусу бул кырсыкка күнөөлүү экенин укук коргоо органдары иликтеп жатышат.

"ИНИМ ТИРҮҮ БОЛГОНДО 32 ЖАШКА ТОЛМОК. БҮГҮН АНЫН ТУУЛГАН КҮНҮ ЭЛЕ"

Ал эми Мицубиси Лансер унаасынын айдоочусу маркум Болот Жумадыловдун апасы Жамал Сабаева менен байланышканыбызда, ал “Жакшылыкка бара жатып ушундай кырсык болуп кетти. Мындай болорун ким билиптир? Баламдын артында 2 кызы жетим калды. Сыздап отурам. Баламдын калган өмүрүн кыздарына берсин” деп билдирди. Ал эми маркум Нурдин Касымовдун бир тууган эжеси Айчолпон Касымова төмөнкүлөрдү айтып сыздап отурду:

– Нурдин иним, Айзат келиним болот. Биз үч бир тууганбыз. Нурдин жалгыз эркек болгондуктан дайыма бизди сыйлап, “эжелеп” эле турчу. Тирүү болгондо иним 32 жашка толмок. Бүгүн анын туулган күнү эле (6-сентябрь). Атабыз 2010-жылы каза болуп калган. Андан соң апабыздан да айрылганбыз. Быйыл апамдын ашын берели деп турсак мындай кырсык болуп кетип, жалгыз инибизден айрылып калдык. Инимдин артында 3 баласы калды. Улуу кызы Аяна 3-класста окуйт, ал эми Каныкей 1-класска барды. Арсен болсо 6 жашта. Кудайыма шүгүр, Нурдинден туяк калып отурат. Анын абалы жакшырып, сүйлөп калды. Бардыгыбыз анын амандыгын тилеп жатабыз.
Мен Москва шаарында болгондуктан кабарды угуп эле келдим. Инимдин кыздарын азыркы тапта таенеси карап жатат. Биз болсо Арсендин жанындабыз. Арсен аман-эсен айыгып алгыча аларды таенеси карап турса, андан кийин өзүбүз колубузга алабыз. Өкмөт тарап жардамын берип эле жатат. Аким менен губернатор кабар алышууда. Келечекте да бул 3 баланы унутка калтырбай, колдон келген жардамдарын берип турушса жакшы болмок. Унаада жалаң гана бөлөлөр болгондуктан бир убакта 4 жакыныбыздан айрылып, жүрөгүбүз тилинип жатат. Арсен болсо ата-энеси жөнүндө сөз болуп калса артты карап жатып алат, ичинен жамандыкты туюп жатат окшойт. Бирок ага окуя тууралуу эч нерсе айта элекпиз.

"АБАЛЫ ТУРУКТАШЫП КАЛДЫ"

Бишкектеги №3-шаардык ооруканасынын баш мээ хирургия бөлүмүнүн башчысы Нурбек Шаакеримов жол кырсыгынан жалгыз тирүү калган 6 жаштагы Арсен Бакытбековдун абалы туруктуу болуп калды дейт:
– Арсен Бакытбеков 29-август күнү Кара-Балта аймактык ооруканасынан бизге которулуп келген. Анын бир буту жабыркаган. Учурда баланын абалы оор, бирок туруктуу. Өз алдынча сүйлөй баштады. Буюрса, кийинки жумада бутуна операция жасайбыз.


"БИРДЕЙ 5 КИШИДЕН АЙРЫЛЫП, КАН ЖУТУП ОТУРАМ"

Ошол эле кырсыкта эгиздери менен кошо каза болгон Элнура Шүкүрованын апасы Ракыя Бектурова менен байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Күйөө балам менен Элнура 2001-жылы баш кошушкан. Суктанарлык үй-бүлө эле. Кызым 6 баланын энеси болчу. Ал өтө жароокер, көргөн элдин баары суктана турган жан болчу. 2002-жылы улуу кызы Нурзада төрөлгөн, ал быйыл 9-класста окумак. Экөө буттарына туруп алгыча иштеп алышсын деп Нурзаданы кичинесинен биз бакканбыз. Эл сыяктуу эле алар да Москвада иштешчү. Кара-Кулжадагы күйөө баламдын туугандарына жолугуп, анан биздин колдогу балдарына келе жатканда ушундай кырсык болуп кетпедиби!? Айла жок бир убакта кызымдан, күйөө баламдан, 3 неберемден, баш-аягы 5 баламдан айрылып минтип кара кийип, кан жутуп отурам. Жылдызбек менен Элнуранын артында 3 баласы калды. Бекзат 4-класста окуп жатат, 5 жарым жаштагы Аяна менен 3 жаштагы Айбийке бала бакчага барышат. Үчөө тең менин колумда. Байкуш эгиздери болгону 33 күн гана жашашты.

"КҮНӨӨЛҮҮ АНЫКТАЛА ЭЛЕК"
Бул кырсыкка ким күнөөлүү, иликтөө иштери кандай жүрүп жатат деп Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери Асылбек Токтомушевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– 27-август күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында Мицубиси Лансер менен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү 2 автоунаа кагылышып, жыйынтыгында 9 киши каза болгон. Бул боюнча Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Техникалык, трасологиялык жана башка тиешелүү бардык экспертизалар дайындалган, учурда алардын жыйынтыгы чыга элек. Экспертизалардын жыйынтыгы чыккан соң ким күнөөлүү жана ким кандай эрежени бузганы тууралуу кошумча маалыматтар берилет. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

Шүкүровдордун эгиз балалуу болгонуна 33 гана күн болгон.


Нурдин Касымов менен Айзат Исмаилованын артында 3 баласы калды.


Маркум Жылдызбек кызы Нурзада быйыл 9-класска бармак.


Маркум Тынчтыкбек Кулов.


Маркум Болот Жумадылов.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
9 жарандын өмүрүн алган жол кырсыгы 9 баланы жетим калтырды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Daldachka
2016-09-12 13:27:03
Ээ Аллахым жатккан жери жайлуу болсун,журогум эзилип кетти оккуп жаттып козумо жаш толуп
+2
gulu-91
2016-09-12 14:26:24
Мен 27 августда туулган кунум болчу.Аябай капа болдум 27 озумо да жакпай калды ,ушул каргашалуу окуядан кийин.
+1
Tyga
2016-09-12 14:42:29
Жылдызбек аке менин кошунам болчу жакшы адам эле,жаткан жерлери жайлуу болсун Аллахым бейиштен оорун берсин.
+1
stepboy
2016-09-12 23:44:52
27-август ото эле каргашалуу кун болду! Кыргыз эли ойлонолу кай жака баратканыбызды!
+1
chynya
2016-09-13 00:27:58
Кырсык каш кабактын ортосунда кудай сактасын
+1
dina-85
2016-09-13 01:03:10
Маркумдардын жаткан жайлары жаннат болсун,жакындарына кудайым сабыр берсин,аман калган наристенин ден соолугу чын болуп омуру узун болсун.
+1
gulnur.narmatova
2016-09-13 09:34:23
Аябай окунучтуу окуп атып коз жашымды тыя албадым жаткантжерлери жайлуу болсун Аллахым оз рахматына алсын жакындарына сабыр тилейм
+2
gulnur.narmatova
2016-09-13 09:36:59
Машинаны шашылбай акырын айдасак жакшы болот эле катуу ылдамдыкта келе жатышкан окшойт шашкан шайтандын иши деген туура эле эгерде жай айдашканда мындай кырсык болбойт эле эгиз балдарды ойлоп журогум ооруп жатат
+3
Kanatbek81
2016-09-13 14:22:33
Ош Бишкек жолунда ото катуу айдашат озу, айрыкча таксистер.Жай элэ айдашса болотко положенный ылдамдыкта.ажал айтып келбейт бирок себебин кылып сактаныш керек.Праваны сатыб алабыз, ой жок тавакалга салабыс.
+2
rukopashnik
2016-09-13 17:53:22
ким күнөөлү экенин кантип ушул убака чейин аныктай албаган немелер, көрүнүп эле турса керек эле обгонго чыккан машина.
Жайлары жаннаттан болсун.сабыр кылыңыздар
+1
HanTegin
2016-09-14 13:55:19
козумо жаш келди. озгочо наристелерчи...
+1
HanTegin
2016-09-14 13:55:50
наристелерге боорум ооруду...
+1
Uragan07
2016-09-14 15:39:19
Аллахым айттырбай келген ажалдан сактасын. Мен да апамдан айрылдым. Аллага шугур атам тируу калды. Апам менен кечинде суйлошконмун. Эртеси танга маал Ошко баратып кырсык болгон. Ар бирибиздин башыбызда бар. Аллахым акыретини абад кылсын откондорду.
+2
Zamirbek_77
2016-09-15 05:48:27
Аттиң эгиздер, жаңы эле төрөлгөндө эчтекени билбестен кетишти, жүрөгүм сыздап кетти.
+1
Akmatova89
2016-09-15 12:27:21
Наристелерде эмне куноо,Кудайым баарыбыздын билип-билбей жасаган куноолорубузду кечире кор,жаткан жерлери жайлуу болсун,Жаратканым бейиштен орун берген болсун,менин кызым 27-августта 2ге чыкты,уйдо эле тынч белгилеп койдук.
+2
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан