ПАРОДИЯЛАР ПАРАДЫ

Эл оозуна алынган ырларга кай бирде пародия токуп калабыз. Максатыбыз мазактоо эмес, окурмандардын жүзүнө жылмаюу тартуулоо. Бул ирет да элге кеңири тараган ырларга пародия жаратып көрдүк, жыйынтыгы төмөндө.

P.S.: Ырчылар, саясатчылар жана аракечтер, таарынмай жок!

"Сага"
(Назира Токонова)

Сыздасын дегениңби,
Сырымды билбей койдуң.
Сыйкырлуу жомогумдун,
Ичине кирбей койдуң.

Унутсун дегениңби?
Уйкумду бузбай калдың.
Жайнаган көңүлүмдү,
Жылытпай музга айландың.

Түңүлсүн дегениңби?
Түшүмө кирбей койдуң.
Тымызын сүйөрүмдү,
Негедир билбей койдуң.

Аялуу жүрөгүмдүн,
Эшигин чертпей калдың.
А бирок унутулбай,
Оюмдан кетпей калдың.

"АК ҮЙГӨ КАТ"
(Пародия)

Сыздасын дегениңби,
Сырымды укпай койдуң.
Сыйкырлуу Ак үйүңдүн
Сыртына чыкпай койдуң.

Соолусун дегениңби,
Союздаш болуп алдың.
Сага эмне баары бир да,
Жакшы эле тоюп алдың.

Түңүлсүн дегениңби,
Үңкүр-Тоого келбей койдуң.
Элиңдин кыйналганын,
Негедир сезбей койдуң.

Ак үйдүн мындан ары,
Эшигин чертпей калдым.
Анткени баштагыдай,
Үнүмдү укпай калдың.

"ТОРГОЮМ"
(Нурмат Садыров)

Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Ашык болдум жалындап,
Калпы болсо оңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Гүлдөй болуп соолбоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Күндөп-түндөп ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин ырчы торгоюм,
Жолугууну болжоюн.
Алтынчы күн – Кадыр түн,
Карап күтөм жол боюн.

Сен торгоюм – сүйгөнүм,
Арнап өмүр гүлдөрүн.

Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап торгой үндөрүн.
Ырахат го жаш кезде
Күлүп-ойноп жүргөнүң.
Саймалайлы жылдыздай,
Жашообуздун түндөрүн.

Жалын болуп жаркылда,
Чагылгандай чартылда.
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылда,
Канат күүлө, күү чалып.
Ойноп-күлүп жаркылда,
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлгө кир калтырба.

Көңүл куруп, күү чалып,
Күлүп-бийлеп, үн салып.
Менин сүйгөн торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып.
Айыл ичин гүлдөтүп,
Обон созуп ырдашып.
Жаркылдаган жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр суусун кечели,
Жабык сырды чечели.
Ак таң болуп нурданып,
Аппак гүлдү терели.
Ак нан болсо ыр болот,
Сүйүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Соо жүрөлү дешели.

"АРАКЕЧТИН ЫРЫ"
(Пародия)

Сенсиң менин торгоюм,
Кебетемди оңдоюн.
Ысыгыңа жылытчы,
Суугуңа тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Алкымымды оңдоюн.
Сопу болдум солкулдап,
Калпы болсо оңбоюн.

Сенсиң менин торгоюм,
Курсак ачып соолбоюн.
Киргизип кой үйүмө,
Суукта калып тоңбоюн.
Сенсиң менин торгоюм,
Балдарымды ойлоюн.
Ишенип кой сөзүмө,
Калпы болсо оңбоюн.
Менин сулуу торгоюм,
Иш табууну болжоюн.
Иш жок болсо жатпастан,
Шыпырамын жол боюн.

Сен торгоюм – сүйгөнүм,
Барсам кууп жүрбөгүн.
Бир басалы гүл бакта,
Тыңшап балдар күлгөнүн.
Ырахат го жаш кезде,
Өз үйүңдө жүргөнүң.
Каалга жаппай кабыл ал,
Арнайм өмүр гүлдөрүн.

Көп сөз айтып аңкылда,
Чагылгандай чартылда.
Көкөйүмө ойногон,
Көгөргөн бир жансың да.
Акыры анын артында,
Жаман көрбөй жаркылда.
Кадырлашып өтөлү,
Мени эшикке калтырба.

Жаактан ары бир чабып,
Барсам айгай үн салып.
Менин сүйгөн торгоюм,
Кууп чыкпа чуу салып.
Үйдүн ичин гүлдөтөм,
Калбайлычы чырдашып.
Жарашалы жаштык кез,
Кете электе кырды ашып.

Өмүр бирге кечели,
Көйгөйлөрдү чечели.
Алкаш болуп жүргөнүм,
Артта калды кечээги.
Нан болсо үйдө ыр болот,
Бөлүп дайым жешели.
Ден соолукта каткырып,
Карылыкка жетели.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nazikbaigazy
2016-09-13 03:11:13
Ха ха супер
+2
shadyeva
2016-09-13 20:48:26
Зор го
0
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан