ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (12-СЕНТЯБРДАН 18-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)

Жакын адамдарыңыздын сынына кабыласыз. Ал сындар жөндүү да, жөнсүз да болушу мүмкүн. Андыктан даяр болуңуз. Сиздин ага реакцияңыз курч болушу ыктымал. Анын жыйынтыгы менен ортодо карама-каршылык пайда болот. Жаңы буюм сатып алып, өзүңүздү сүйүнтөсүз. Сиз үчүн ийгиликтүү күндөр 17-18-сентябрь.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Апта үйдөгү майда иштерди бүтүрүү убаракерчилиги менен башталат. Балким, оңдоп-түзөө иштери менен алектенесиз. Сүйүү жаатында жакшы жаңылыктар бар. Жалгыз бойлор романтикалуу кечтерге кабылышат. Үй-бүлөлүүлөр түгөйү менен көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелер боюнча бир чечимге келүүчү жагымдуу маектердин күбөсү боло алышат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздердин айланасында тез арада жадакалса ойлонууга да убакыт тардык кылган окуялар орун алат. Жыйынтыгында өзүңүздүн гана интуицияңызга ишенип чечим кабыл алганыңызга сүйүнөсүз. Кесиптештериңиздин ойлору сизди башка жаатта ойлонууга түртөт. Ден соолугуңуз тууралуу ойлонуп, апта соңунда бир аз маанайыңыз чөгөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Майда маселелерге карабастан айрым иштерде чечим кабыл алууга туура келет. Алыстан жакын адамдарыңыз келип, алар менен жагымдуу кеч өткөрөсүз. Жаңы таанышуулардын күбөсү болосуз. Ал гана эмес жаңы тааныштарыңыз жакшы долбоорлорду сунушташат. Бирок алардын бири дагы сизди канааттандырбайт.

АРСТАН (23.07-23.08)

Сиз жумуштан чарчагандыгыңызды дагы бир ирет сезесиз. Эс алгыңыз келгени менен, шартыңыз болбой кабатырланасыз. Үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болот. Буга кызганыч себеп болушу мүмкүн Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт, анын аягы сүйүүдөн курулган үй-бүлө менен аякташы ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кимдир бирөөгө болгон кыжырданууңуздун аягы ден соолугуңузга зыян алып келерин унутпаңыз. Досторуңуз менен көңүл ачууларга барасыз. Абайлаңыз, достор арасында араздашуулар болушу ыктымал. Сиз үчүн ийгиликтүү күндөр 13-14 сентябрь. Эгер жумуш которууну кааласаңыз бул апта сиздин оюңузду ишке ашыруу үчүн эмес.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Өнөктөшүңүз менен кайым айтышууга барасыз. Акырында ийгилик сиз тарапта болот. Стилиңизди өзгөртүүнү каалап, сулуулук салонунун эшигин кагасыз. Башкача болуп өзгөргөнүңүз жагымдуу маанай алып келет. Апта соңунда шопинг кыласыз. Акча жаатында маселе жаралып, жакындарыңыз жардамга келет.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Күнүмдүк иш тартибиңизди өзгөрткүңүз келет. Ал үчүн жумуш ордуңузду которууну түшүнүп турсаңыз да, андай кадамга бара албайсыз. Мүлк сатып алуу үчүн ар кандай документтер менен иштөөгө туура келет. Абайлаңыз, документ жаатында маселелер жаралышы мүмкүн. Карьера жаатында бир тепкичке өйдөлөйсүз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жагымдуу жаңылыктары менен коштолгон жагымдуу күндөр. Мээңиз эс алып, ар кандай маселелерден четте болосуз. Сүйүү жаатында сезимдер курчуйт. Дос катары санап жүргөн адамыңыз менен болгон мамиле сүйүүгө чейин өсүп жетет. Ал гана эмес келечекте бир болуу үчүн пландарды да түзүп баштайсыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Апта башында жаңы иштер менен алектенбөөнү жылдыздар сунушташат. Жети өлчөп, бир кесүү керек экенин унутпаңыз. Ниети жаман адамдардын сизге болгон кастыгы менен көп убара болосуз. Бирок чечилбеген иштер дагы деле чечилбеген боюнча кала берет. Көптөн бери бара албай жүргөн кадамга барып, стилиңизди өзгөртөсүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Суу куярлар саламаттыгы тууралуу ойлонуулары зарыл. Достор менен жагымдуу жолугушууларды өткөрүшөт. Үй-бүлө ортосунда чыр чыгышы мүмкүн. Ага туугандар арасындагы таасирдүү адамдар да кийлигишет. Ойлонулбай таштаган кадамыңыз жашооңузга кара так салып коёрун унутпаңыз. Жыйынтыгында өкүнүп калышыңыз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Жеке жашоодо баары жакшы, бир калыпта болот. Ал эми карьера жаатында маанайыңыз чөгө турган иштерге кептелесиз. Кызыктуу иш-чараларга чакыруу аласыз. Апта соңунда акчаңызга сак болуңуз. Уурдатып же жоготуп алышыңыз ыктымал. Концертке же киного барып, эс алуу күндөрүн жакындарыңыз менен өткөрөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан