Барган сайын Бишкек калаабыздын кай бир имараттарынын дубалдарына тир укмуш сүрөттөр тартылып, көз жоосун алып келет. Бул сүрөттөр граффити же стрит-арт деп аталып, көчө искусствосунун бир түрүнө кирет. Жаш сүрөтчүлөрдүн бул кызыгуусуна арбалып, стрит-арт тууралуу баяндайбыз.
КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Стрит-арт – англис тилинен алынган, бизче "көчө искусствосу" деп которулат. Имараттардын же башка дубалдарга тартылган кандайдыр билдирүүнү камтыган, ачык түстөр менен тартылган сүрөт же жазуулар (граффити). Ар бир сүрөтчү өзүнүн “фишкасы” же өзгөчө стили менен көрүүчүнү арбалтып, кызыктырып алуусу керек.
Алгачкы граффити жазууларын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда АКШнын Детройт шаарындагы бомба чыгарылган заводдо иштеген Килрой аттуу жумушчу жазган деп айтылып келет. Ал ар бир бомба камтылган жашиктерге “Килрой бул жерде болгон” (“Kilroy was here”) деген жазууларды калтырып турган. Граффитинин андан ары өнүгүшүнө Филадельфиянын сүрөтчүлөрү салым кошуп, вагондорго жаза башташкан. Жылдан жылга өнүгүп отуруп бүткүл дүйнөгө тарап кеткен.
“СТРИТ-АРТ МЕНЕН ШААРЫБЫЗГА ПОЗИТИВ ТАРТУУЛАЙБЫЗ”
Шаардагы бир нече жерлерге ар түрдүү стрит-арттарды тартып жатышкан бир канча адамдан турган топ "BASIC COLORS" деп аталат. Аталган топтун мүчөсү Виктор Цой бул искусство тууралуу кененирээк айтып берди.
– Саламатсызбы, Виктор? Стрит-арт дегендин өзү эмне? Граффитиден кандай айырмасы бар?
– Салам! Бул эки түшүнүктүн айырмасы бар, бирок аны көпчүлүк бири-бири менен алмаштырып алышат. Граффити аэрозоль менен дубалга тартылган живопись, стрит-арт деген граффитиден келип чыккан жаңы кыймыл. Ал бир гана аэрозолдор менен сүрөт тартуу эмес, инсталляция, стикерлер жана башка. Стрит-арт көп тармактуу.
– Бул өнөргө качан кызыгып калгансыз?
– 1990-жылдардын соңунда граффити жаштар арасында популярдуу болуп жаткан. Мен дагы ошол убакытта кызыгып, тарта баштагам.
– Бишкекте стрит-арт жана граффитинин абалы кандай?
– Бул кыймылдар биздин өлкөбүзгө жаңыдан гана сүңгүп кире баштады. Бишкек шаарында гана болбосо, башка жактарда кызыгуу аз. Бирок өнүгүүсүнө толук мүмкүнчүлүк бар.
– Ар бир тарткан сүрөт кандайдыр бир маанини камтыйт. Сиз тарткан кайсы стрит-арт башкалардан өзгөчө деп ойлойсуз?
– Биз ар бир тарткан сүрөтүбүзгө терең маанини камтууга аракет кылабыз. Ал сүрөттүн көрүүчү менен байланышы болушу керек. Стрит-артта кандай сүрөт болбосун негизги басымды позитивге жасайбыз. Аны менен көрүүчүлөргө бөлүшүп, жылуу сезимдерди пайда кылууга аракет кылабыз.
– Дубалдардагы ири сүрөттөрдү кантип тартып жатканыңар кызык. Кандай сырлары бар?
– Сырлары деле жок. Чоң сүрөттү дубалга түшүрүүнүн бир канча ыкмасы бар, алардын негизгилери – проектордун жардамы менен сүрөттү көчүрүп тартуу жана ар бир бөлүкчөсүн өзүнчө кылып тартып, анан жайгаштыруу. Мен экинчи ыкманы колдоном, себеби сүрөтчүнүн чебердиги ушунда билинет. Ал эми биринчи ыкма жаңы өздөштүрүп жаткандар үчүн ыңгайлуу.
– “Качан көчө искусствосу галереяга киргенде ал автоматтык түрдө поп-арт, заманбап искусство, абстракция жана башка ушул сыяктуу аталат. Ал эч качан стрит-арт деп аталбайт”. Бул сөзгө канчалык кошуласыз?
– Буга толугу менен кошулам. Чыныгы граффити жана стрит-арт көчө дубалдарында гана жашайт. Калгандары мода тенденциясын кубалаган конъюнктура.
– Сүрөтчү стрит-арт менен жан багуусу мүмкүнбү?
– Ооба жана жок. Бул сүрөтчүнүн өзүнөн көз каранды. Бизде муну менен жан багуу татаал, бул тармак жаңыдан гана өнүгүп келе жатат.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg