Куудул Тынар Курбаналиев 31-август күнү социалдык тармактагы баракчасына "бүгүн "Ала-Тоо" аянтында мен ойногон интермедияны бирөө кайталады дейт, укпадыңарбы?" деп жазды. Сөздүн төркүнү президенттин Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзү тууралуу эле. Куудулдун билдирүүсү интернетте кызуу талкуу жаратып, күндүн анекдотуна айланып кетти.
– Тынар мырза, кыргыз жараны катары президенттин Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата аянтта сүйлөгөн сөзүн кандай кабыл алдыңыз?
– Ажобуздун аянтта сүйлөгөнүн интернеттен көрдүм. Президент салыштырып айтты окшойт. Анын көз карашы, айтканы мага анчейин жат эмес. Анткени ал окуяны биз мурда интермедия кылып аткарып жүргөнбүз. Анын сөзүн ар ким өз деңгээлине жараша кабылдайт. Мен дагы кабыл алчу жерин алдым. Аянтта катуураак айтып эжесин таарынтып алганы туура эмес болуп калды.
– Бул суроого сизден курч жооп күткөм...
– Бир нерсени кыйкырып айтсаң да, ыйлап айтсаң да, күлүп айтсаң да болот. Мен жай гана айтып койдум. Ажо өзүнүн оюндагысын айтты. Бийликте туугандары барларга бул сөз майдай жакты. Оппозиция тараптагылар анын сөзүн сындап жатат. Биздин 120 кой боюнча сатирабызга айрым депутаттар чычалады эле. Атамбаевдин сөзүнө үн катышкан жок го. Ага да "эмнеге койго салыштырасың?" деп айтышпайбы! Демек, биздин айткан анекдот туура, ага Мискенбаев чычалабай эле койсо болот. Бир нерсени айта кетейин, биз ойногон 120 кой тууралуу сатирага Өмүрбек Текебаев жогорку баа бергенин угуп, куудулдар ыраазы болдук.
– Ажонун сөзү интермедияга айланышы мүмкүнбү?
– Азыр деле концертте Рахман Разыков президенттин сөзүн салыштырып айтып жатат. Ал сөздү интернеттеги баракчама жазганда өзгөчө деле максат көздөгөн жокмун. Интернеттен карап көрсөм биз ойногон интермедия кайталаныптыр. Оюмду башкалар менен бөлүшөйүн деп баракчама илип койдум. Менимче, билдирүү катуу деле талкуу жараткан жок. Жогору жактын деле реакциясын байкабадым.
– Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев менен тирешүүңүздөрдүн жыйынтыгы кандай аяктады?
– Мен башында эле Мискенбаевдин деңгээлине түшпөйм дегем. Анын мандатына караганда мага элдин берген мандаты өйдөрөөк. Интернеттен карасам анын атасынан баштап туугандарына чейин сөз тийиптир. Кыргызда "артылып камчы салдырба, атаңа наалат айттырба" деген кеп бар. Анын ордунда болсом мандатымды чөнтөгүмө салып отурбайт болчумун. Мен үчүн жигиттик намыс өйдө турмак.
Ал тирешүүдөн кийин Рахман Разыковдун концертин өткөрүүгө имарат бербей кыр көргөзүштү. "Оңдоо иштери жүрүп жатат" деген өңдүү болбогон шылтоолорду айтышты. Алыскы айылдардан келген аксакалдар бийликтегилерге тескери бата беришкенде араң уруксат беришпедиби.
– Жогорку тирешүүдөн кийин сизди сабатып салыптыр деген кептер чыкты эле...
– Ал сөздөр ушак. Андай нерсе болгон жок.
– Сиздер берген концерттерди "саясий митингдей" деп сыпаттагандарга кандай жооп бересиз?
– Ал сөздү айткан депутаттын сатирага болгон деңгээли төмөн.
– Куудулдарды Бакиевдердин буйрутмасын аткарат дешет...
– Бизге андай буйрутма боло элек. Болгон күндө да аткарбайбыз. Атын айтпай эле коёюн, бир депутат бизди "Жаныш Бакиевдин буйрутмасын аткарып жатат" дегенде "Бакиевдин убагында "Ганси" аттуу сатираны ойногондо бул келесоо каякта жүрдү экен?" деп куудулдар аябай күлгөнбүз.
– Куудулдардын арасында атаандаштык барбы? Болсо сиздин атаандашыңыз ким?
– Мен атаандашпайм. Кайра бирөөнүн ийгилигине сүйүнөм.
– Борончу Кудайбергенов маектеринин биринде "Тынарга ишенбей калдым" деп айтты эле, ортоңуздарда чечилбеген нерсе барбы?
– Борончунун маегин окуп Рахман аке "туура эмес интервью бериптир" деп таарынды. "Концертине эл келбесе бирөөдөн көргөн туура эмес да" деп көп эле чыгармачыл чөйрөдөгү кишилер айтып жүрүшөт. Мен Борончуну ишендире тургандай сөз берген эмесмин. Бул окуянын башталышы мындай болгон. Чыгармачылыгымдын 15 жылдыгына карата Ош шаарына концерт берүүгө камынып жатсам, ал борбордо ашар концерт берүүгө киришиптир. Ага келип "ашар концертке караганда 15 жылдык юбилей маанилүү. Жакында сиздин 50 жылдыгыңызды өткөрөбүз" десем, "залды алып койгом, бара албайм" деди.
– Жакында өнөр адамдарына Эл артисти, Эмгек сиңирген артист деген наамдар ыйгарылды. Аталган наамдарга бир дагы куудул кошулбаганынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Жакшы суроо болду. Биринчиден бул наамдар казаныбызга аш салып бербейт. Эмне себептен экени белгилүү да. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" демекчи, биз алардын кемчилигин айтып турсак кайдан бермек эле. 40 жылдан ашык кыргыз сатирасына салым кошкон Рахман Разыковдун 60 жылдык юбилейин өткөрүүгө имарат бербейт да, наам бермек беле? Жакында биз Ошто 5 күн концерт бердик. Жалаң аншлаг менен өттү. Ошол эле эмгек сиңиргендердин концертин көрүп жүрөбүз, бир күн эл келсе келет, келбесе токтоп калат. Ушундан эле кимдин элге эмгек сиңиргенин билип алса болот.
– Апаңыз кайтыш болуптур, арты кайрылуу болсун! Эрке балага энесинен ажыроо катуу тийсе керек?
– Апам менен таң атканча сырдашып жаткан күндөрүмдү сагынам. Үйгө барсам короодон караанын издейм. Тирүүсүндө "ушул сатираны айтпай эле койчу, аларга теңелбей эле койчу" деп турчу. Ошондой акыл-кеңештерин уккум келет. Жарыктыгым, төшөк тартып көп деле ооруган жок. 4-5 күн сыркоолоп эле жан берип кетти. Мага айткан акыркы сөзү, башымдан жыттап, "мен сени эл үчүн төрөгөм, зоболоң жогорулай берсин" дегени болду.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр куудулдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg