ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ТИЗГИН МИРЗИЙОЕВГЕ ӨТТҮ

Өзбекстанда Ислам Каримов кайтыш болгон соң бийлик башына келиши мүмкүн болгон адамдардын тегерегинде түрдүү маалыматтар чыгып жатат. Өкмөт башчы Шавкат Мирзийоевге каршылык билдирген акциялар Сурхондарё облусунда башталды деп айтылып, бирок бул кабарды өзбек бийлиги тастыктай элек. Бул аралыкта Шавкат Мирзийоев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Самаркандда жолугушуу өткөрдү. "Доско таянгандай бизге ишенсеңер болот" деген Путинге Мирзийоев "Өзбекстандын Орусия менен болгон өз ара карым-катнашы стратегиялык өнөктөш катары өнүгөт" деп жооп кылды. Орусия президентинин Ислам Каримовду эскерүү үчүн келген сапарын көбүрөөк өз адамынын позициясын бекемдөө катары сыпатташууда. Себеби Шавкат Мирзийоев орусиячыл, ал эми дагы бир президенттикке талапкер болот деген өкмөт башчынын биринчи орун басары Рустам Азимов батышчыл саясатчы деп эсептелет. "Мирзийоевдин Путин менен жолугушуусунан улам Өзбекстанды эми ким башкарат деген маселе да чечилди" деп жазгандар болгон.
Ал эми мураскери болот деген Каримовдун кыздарына келсек, бул жаатта да жаңылыктар бир топ. Улуу кызы Гүлнора Каримова атасын акыркы сапарга узатууда көрүнгөн жок. 8-сентябрда кичүү кызы Лола Каримова-Тилляеванын жолдошуна таандык базарда жана компанияда текшерүү иштери башталганы маалым болду. Швейцарияда чыккан "Bilan" журналынын 2011-жылдагы маалыматы боюнча, Каримовалардын байлыгы 1 миллиард долларга жетет.
Гезит басууга кетерде "Интерфакс" агенттиги өзбек парламенти Шавкат Мирзийоевди президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаганын маалымдады. Мыйзамга ылайык, спикер дайындалышы керек эле, бирок Нигматилла Юлдашев талапкерлигин чакыртып алган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан