Укук коргоочулар ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА жана АЗИЗА АБДИРАСУЛОВАНЫН президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арыздарын 7-сентябрда Бишкек шаардык соту канааттандырган жок. Арыз ээлери эми Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришти.
Оштогу №01525-аскер бөлүгүндө жоокерлер ортосунда мушташ чыгып, келишим менен кызмат өтөп жаткан аскер ЭЛАМАН ТАШБАЛТА уулу кайтыш болду.
6-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо КЫРГЫЗСТАН-ФИЛИППИН курамалары достук беттешин өткөрүп, оюн 1:2 эсебинде Филиппиндин пайдасына жыйынтыкталды.
Рио-де-Жанейродо 7-сентябрда XV ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ башталды. Оюндарга кыргыз өлкөсүнөн үч спортчу катышат. Алар – пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов.
КУРМАН АЙТКА байланыштуу 12-сентябрь дем алыш күн деп жарыяланды. Борбор шаарда Айт намазы Эски аянтта окулат.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Бишкек, Нарын, Талас жана Ош шаарында 4 жаңы ГЕМОДИАЛИЗ борбору ачылат.
"Реформа үчүн жана жыйынтык" жарандык бирикмеси Кыргызстандын бардык аймактарында иликтөө жүргүзүп, өлкөдө ар түркүн кылмыштардан ЖАБЫР ТАРТКАНДАРДЫН 63 пайызы укук коргоо органдарына кайрылбайт деген жыйынтык чыгарды.
Жогорку Кеңештин депутаты ДАСТАН БЕКЕШЕВ коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагалыгына МАРАТ ТАШБАЕВ шайланды. Аталган коомдун мурунку төрагасы Калык Мамбетакунов 17-июлда ден-соолугуна байланыштуу отставкага кеткенин билдирген.
Бишкектиктердин 45 пайызы ТҮНҮ үйүнөн чыгуудан коркушат. Мындай маалымат атайын сурамжылоолордун жыйынтыгында белгилүү болгон.
7-сентябрда Бишкек шаарында 1 жаштагы наристе АЖАТКАНА үчүн казылган чуңкурга түшүп кетип каза болду.
"Манас" аэропортунан 7-сентябрь күнү Душанбе шаарына учкан TAJIK AIR авиакомпаниясынын Boeing 757 жарандык учагы авариялык абалдан улам Бишкектин үстүнөн учуп өтүп, кайра "Манас" аэропортуна келип конду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.