ИЙГИЛИКТҮҮ ТАНДЕМДЕР

Ырды айрымдар жөн гана укса, айрымдар тагдырына байланыштуу чыгарма катары тыңдайт. Угарман сүйүп уккан, ырчынын аброюн арттырган ырлар бир эле адамдын эмгегинен жаралганы саналуу. Акын, обончу, ырчы үчөөнүн эмгегинен жаралган ийгиликтүү тандемдерге токтолобуз.

Гүлнара Кахарова: "АЙТПАСА ЭКЕН" ЭКИНЧИ ДЕМИМДИ АЧТЫ"

Гүлнара Кахарованын аткаруусундагы "Айтпаса экен", "Биз анда" аттуу ырларды көпчүлүгүбүз угуп жүрөбүз. Аталган чыгармалар ырчыга ийгилик алып келип, экинчи демин ачканын белгилеп, акын, обончу менен кандайча иштешкенин кошумчалады:
– Гүлжигит Сатыбеков "сизге ылайыктуу бир ыр бар" деп жүрчү. Угуп көрүп, дароо купулума толду. Ырдын жаш куракка жараша угарманы болот эмеспи. Бул ыр угарман тандаган жок. Өспүрүмдөргө да, аялдарга, эркектерге да бирдей жакты. Чыгарма мага ийгилик алып келип, экинчи демимди ачты.
Ал эми "Биз анда" аттуу ырдын сөзү башкача болчу. Аранжировка жаздыргандан кийин ыр шаңына чыкпагандыктан Жыпара Исабаевага сөзүн жаздыргам. Ал ырды аткарганыма аз убакыт болсо да угармандарын таап жатат.

Акын Жыпара Исабаева ырдын сөзүн кандайча жазып калганы тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:
– "Сүйөм деп айтпаса экен" деген ыр 2003-жылы жазылган болчу. Былтыр Гүлнара (ред. Кахарова) курбум "жети муундан турган, сөздөрү башкача ыр керек болуп жатат" деп калды. Китепти барактап отуруп, ушул ырды туура көрдүм. Окуп көрүп "бир-эки эле жерин оңдоп, дагы бир куплет кошуп бересиңби" деди.

Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүт күн.
Кол чатыр кармап алып,
Сен мени, билем, күттүң...- деген куплетти кошуп бердим. Бир күнү уулум мектептен келип "автобустан сонун ыр уктум, аябай жагып калды" деди. "Кандай ыр экен?" десем, "көзүңүз башкача экен, сүйөм деп айтпаса экен" деп кыңылдап ырдап калды. "Бул менин ырым, Гүлнара эжең ырдайт" десем, ишенбей көпкө таң калды.
"Биз анда" деген ыр болсо былтыр жазылган. Гүлнарага окуп берсем дароо менчиктеп алган.

Эки ырдын обонун жазган Гүлжигит Сатыбеков Гүлнара Кахарованын ырларды ийине жеткире аткарганына ыраазы:
– Бул ырлардын обонун Гүлнара эженин суранычы менен жараттым. Эки ырдын тең аягы жеңил болуп, элге бат жетти,- дейт ырчы.

Жылдызбек Турсунбаев, акын: "НУРЛАНДЫН ЫРЫН СЫНДАГАНДАН КИЙИН ИШТЕШИП КАЛДЫК"

Нурлан Насиптин хит ырларынын катарын толуктаган "Эки жаш", "Мейли", "Туулган күн", "Жакшы көрөм түбөлүк" аттуу ырларынын сөзү Жылдызбек Турсунбаевге таандык. Акын ырчы менен тандеми кандайча түзүлгөнү тууралуу мындайча баяндады:
– Бир ирет Бишкектеги телеканалдардын биринде хит ырлардын сөзүн талдай турган берүүгө серепчи катары чакырылып калдым. Баа бере турган ырым Нурлан Насиптин "Маякчы карындаш" аттуу ыры болуп чыкты. Чынында, ырды обондон бөлүп окуганда акын жазбаганы айдан ачык белгилүү болчу. Катуу сынга алып, болгонун болгондой эфирден айтып салдым. Нурлан чычалап, каршы чыккандын ордуна кемчиликтерин моюнуна алып, кийинки бир ырын мага жаздырарын айтыптыр.
Айтылгандай өзү издеп келип жакындан тааныштык. Биринчи жолукканда эле мурдатан тааныштардай чыгармачыл жаатта көпкө сүйлөшүп отуруп, "Туулган күн" аттуу ырынын обонун таштап кетти. Сөзү кандай болушу керектиги боюнча өз пикирин айтты, колумдан келишинче жазып бердим. Нурлан "буюрса, жакшы ыр болот" деп сүйүнүп алып кеткен. Экөөбүздүн алгачкы эмгегибизди көп өтпөй радиолордон угуп калдым. Жакшы кабыл алып, эл өзү эле көтөрүп кетти.
Чыгармачыл тандемдин алгачкы чыйыры башталган соң аркасынан да талыкпай "Эки жаш", "Жакшы көрөм түбөлүк", "Мейли", "Апакемдин келини", "Ысык-Көлүм" сыяктуу чыгармаларды жараттык. Нурлан көбүнчө мага оюна келген сөздөрдү ырдап, чыгарган обонун берет. Анан эмне тема, арасында кандай сөздөр, ойлор камтылыш керектигин айтат. Мен ырдын муундарын санап, Нурлан берген багыт боюнча текст жазам. Жакпаса оңдоп берем. Анткен менен ырдын обонунун автору эле белгиленип, сөзүн жазган акындар экинчи планга калган учурлар көп болот. Бул жагынан Нурлан Насип кылдат мамиле жасап, шарты келген жерде менин атымды унутпай айтып жүрөт.
Соңку Кайрат Нуртас менен чогуу берген концертинде сый конок катары чакырып, анан "Туулган күн" аттуу ырын ырдаар алдында мени элге тааныштырганы залда отургандарга да, кийин теледен көргөндөргө да чоң таасирин тийгизиптир. Ошол концерттен кийин эл арасынан "сен Нурлан Насиптин ырларынын сөзүн жазат турбайсыңбы? Азамат!" деп мактап калгандар, аны менен катар "мага да Нурландыкындай хит болчу текст жазып бериңизчи" деп кайрылган жаш ырчылардын саны арбыды.

Ал эми Нурлан Насип Жылдызбек Турсунбаев экөө бири-бирин жарым сөздөн түшүнөрүн, бир обонду көпкө чейин иштеп чыгарын айтты:
– Мен эмнени каалап турсам, Жылдыз байке ошону жазып берет. Кээде обон чыгарып алып барсам, кээде ал жазган ырды окуп, анан обон жаралат. Бул чыгармалар мага көптөгөн ийгиликтерди алып келди. "Эки жаш" аттуу ыр жаңыдан баш кошкон жубайлардын гимнине айланды. Тойлорго барганда элдин суранычы менен бул чыгарманы эки-үч ирет аткарууга туура келет.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
altyn2015
2016-09-12 13:22:47
Ырчылардын акындар менен иштешкендери туура. Нурлан азаматсын!
Гулнара эженин "айтпаса экен" деген ырына соз жок. Абдан мыкты чыгарма.
+2
Izdeim_seni.
2016-09-12 15:29:19
Ырчы эжелердин ооздору кантет. Калп жылмайышып
0
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан