Адатта клипке тартылган бийкечтерди бир көрүп эле унутуп калабыз. Бирок "Торгоюм" клибинин каарманы Айпери көпкө элдин эсинде калды. Качан көрбө интернет баракчасында ал жөнүндө сын-пикир айткан кишилер. «Сүрөт жүктөөрүн жүктөп алып эмне деп жазышат болду экен деп коркуп турам» деген Айпери берилген суроолорго ачык жооп берип жатты.
– Айпери, элге сени тааныткан «Торгоюм» клибине кантип тартылып калдың эле?
– Эрнист Сыдыков «клипке сени тарталы деп жатабыз» деп чакырган. Клипке тартылуума ата-энем түрткү болду. Эгерде жайыма койсо, баргандан коркуп отура бермекмин. Тартуу учурунда көп деле кыйналган жокмун. Болгону суукта боз үйдүн ичинде отурганда үшүдүм.
– Социалдык тармактарга жигитиң менен түшкөн сүрөттү жүктөп калдың. Той деле алыс эмес окшойт...
– Жигитим экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө 4 жыл болду. Ал аралыкта таарынычтар да болуп жатты. Жарым жылга чейин сүйлөшпөй койгон учурлар болду. Азыр баары жакшы. Буюрса, той да алыс эмес.
– Эл арасында сени кыздуу болгон деп айтышат. Бул тууралуу өз оозуңдан уксак...
– Бир тууган эжемдин кызын биз баккандыктан өзүбүздүн кызыбыздай эле болуп калган. Аты Азалия, 3,5 жашта. Аны менен түшкөн сүрөттөрдү жүктөсөм, баары эле «кызыңызбы?» деп сурашат, «жээним» деп жооп берсем деле ошол комментарийлердин алдына кайра эле ушул суроолор менен кайрылышат. Анан тажаганда «ооба, кызым» деп койгом, мүмкүн, ошон үчүн бул сөз тараса керек.
– Жараткан ийгиликтериң туурасында айта кетсең?
– Менимче, мектепти жакшы аяктаганым, 12 жыл «Шаттык» бий ансамблинде бийлегеним жетишкендик болсо керек. Бийде көпкө кармалышың кыйын. Ал жактан сага катуу айтышат, жадакалса чабышы да мүмкүн. Ушуга чыдаганым деле жеңишим деп ойлойм. Мындан аркы максатым – жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктоо, турмуштан өз ордумду табуу.
– Сен дайыма ушинтип созулуп жүрөсүңбү же керек учурда кыялыңды көрсөтүп коёсуңбу? Дегеним, сүрөттөрүңдө дайыма ошондой ойду жаратасың...
– Абдан сабырдуумун. Бирок адам чектен ашып кетсе, кыялымды көрсөтөм. Эмнеге мындай уялчаак жаралып калганымды билбейм. Ата-энем деле андай эмес. Үй-бүлөдө эжем экөөбүз эле ушундайбыз. Бирок адамга көнүп кетсем, жакшы эле сүйлөшүп кетем.
– Адамдардын эсинде ар дайым биринчи ийгилиги калат эмеспи. Ошону эстеп кетсең...
– Мындан 4 жыл мурун Бишкекте өткөн «Мисс дива» сынагына катышканда 22 кыздын ичинен Гран-прини жеңип алгам. Сынакка 1 ай даярданганбыз. Ал кезде 11-классты бүтүп жаткан элем, экзамендеримден аксап калам деп ортодон «катышпайм» деп чыктым. Чынында мендей окуучу кыз үчүн экөөнү бирдей алып кетүү оор эле болду. Акырында баарына жетишсе болоруна көзүм жеткенде катуу даярдана баштагам.
– Көбүнчө эс алууда жүргөн кездеги сүрөттөрүңдү жүктөйсүң. Үй тиричилигине каралашасыңбы?
– Эс алууда көп деле жүрбөйм. Кээде архивдерди жүктөп калам. Бир жолу сиңдимдин туулган күнүндө кафеде түшкөн сүрөттү жүктөп койсом, бир кыз «сен күндө эле клубдарда жүрөсүң го?» деп жазыптыр. Мен клуб, дискотекаларга өмүрүмдө барган эмесмин. Үй жумуштарын жасоо колумдан келет. Көбү эле «бул кыз үйүнөн жумуш жасайбы деги?» дешет. Кадимки кыздардай эле идиш жууйм, тамак жасайм, үй жыйнайм дегендей. Болгону камыр жая албайм (күлүп).
– Инстаграмда окурмандарың эки жаат болуп урушуп да кетишет. Алардын талашканы эмне?
– Өспүрүм кыздар «Айпери эже, сиз кандай сулуусуз, менин эжем болсоңуз» деп жазып калышат. Анын баарына жооп бергенге аракет кылам. Арасында жеке аброюма шек келтиргендери көп. Алардын ою боюнча мен бүт денеме операция жасаткан экенмин. Кээ бирөө «мурдуң бир кызыктай экен» десе, анын алдына бир кыз «акчасынын баары оозуна операция жасатканга кетип, мурдуна келгенде жетпей калган го» дептир. Анан да күлгөнүмдү жасалма дешет. Өзүм ушинтип күлсөм эмне кылайын? Ар дайым менин жанымда жүрүп, мени менен пластикалык операцияга чогуу барып келгенсип жазышканына таң калам. Акыркы учурда сүрөт жүктөп алып дагы эмне деп жазышат болду экен деп коркчу болдум.
– Дайыма саркеч кийинип жүрөсүң, сени ким камсыздайт? Же өзүң иштейсиңби?
– Ишенесизби, мен буга чейин такыр иштеп көргөн эмесмин. Ата-энем камсыздап келет. Атайын өзүмө кийим алышым керек деп дүкөнгө барбайм. Мисалы, иниме кийим алганы барганда бир нерсе жагып калса сөзсүз саттырып кием.
– Маегиңе рахмат! Ишиңе ийгилик!
Жазгүл Кенжеева
star@super.kg