КЫРГЫЗ АЙЫМДАРЫ ТАРЫХ ТАРАЗАСЫНДА

Мезгил үнү

Атагы кыйырга кеткен айымдар кыргыздан да чыккан. Буга тарых далил. Алдыдагы жаз майрамына карата ошол айымдарыбызды тарыхтын таш күзгүсүнөн карап көрүүнү туура көрдүк. Албетте, өткөн доор менен бүгүнкү доордун айымдарын салыштыруу менен.

ӨТКӨН ДООР КААРМАНДАРЫ
Карт тарыхтын чаң баскан барактарын ачып карай турган болсок, кылым карыткан кыргыз элинин сыймык менен айта турган кыздары арбын экен. Алар акылдуулугу, тапкычтыгы, калыстыгы, алтургай баатырдыгы менен сый-урматка татыктуу болуп, артында из калтырган. Кыргыз айымдарынын үлгүсү катары адегенде эле Манас атабызга арка-жөлөк, кеңешчи болгон энебиз Каныкейдин атын атасак жаңылышпасак керек. Кенже эпосторубузда кездешкен Жаңыл Мырза, Кыз Сайкалдай баатыр айымдарыбызды атабасак да болбос. Булардын катарына кечээки эле өткөн доордо Алай ханышасы аталган датка апабыз Курманжан да кошуларын айта кетели.

ЭМГЕГИ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛГАНДАР
Илгери “аял эл башкарбайт” деген пикир өкүм сүргөн заманда аял эл башкаруучу боло аларын далилдеген революциячыл айым чыккан. Ал 30-жылдарда колхоздоштурууга зор салымын кошкон Уркуя Салиева эле. Колхоздун төрайымы болуп турганда тап душмандардын колунан каза тапкан Уркуянын да тарыхыбызда аты калды.
Гектарынан 6 тоннадан кызылча алып, СССР боюча рекорд жараткан Зууракан Кайназарова 2 жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган (1948-1957-ж.ж.). Мындай көрсөткүч учурунда СССР боюнча Кыргызстанда гана кездешкен. Эмгеги менен даңкка бөлөнгөндөрдүн катарында Керимбүбү Шопокова да бар.

ИСКУССТВО ЧЕБЕРЛЕРИ
Кыргыз ССРинин маданият тармагында жылдызы жанып, эл сыйлаган айымдарыбыз да көп. Балет өнөрү менен даңк­талган Бүбүсара Бейшеналиева, сулуулукка жана кайталангыс талантка ээ Таттыбүбү Турсунбаева элдин эсинен өчпөйт. Ошолор менен тең чыккан Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова жана Кайыргүл Сартбаева сыяктуу энелерибиз кыргыз искусствосуна өчпөс из калтыра алышты.

ЗАМАНДАШ АЙЫМДАР
Учурда эгемендүү өлкөбүздө сыймык менен атын айтар айымдарыбыз да жок эмес. Өлкөбүздү өстүрүүгө салымын кошуп, саясат жаатында эркектер менен тең жарышып иштеп жүргөн айымдарыбыз четтен табылат. Мисалы, Роза Отунбаева, Чолпон Баекова, Дамира Ниязалиева, Тажикан Калимбетова сыяктуу эжелерибиз бүгүнкү доорубуздун мыкты чыкма айымдары.
Аялдардын жана балдардын укугу жаатында иш алпарган айымдарыбыз өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп, эл керегине жароодо.
Тартипти жана мекенди коргоо, маданият, билим берүү, медицина жана башка тармактарда иштеп, сыйлыктарга жана наамдарга татыгандар да бар.
Базар экономикасына байланыштуу соода-сатык иштери менен алектенип, үй-бүлөсүн баккан айымдар көп. Көпчүлүгү эмгек мигрантына айланып, Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө жүрүшөт. 2007-жылы андай мигрант айымдардын саны 27 425ти түзгөн. Ал эми 2009-жылдын октябрь айындагы маалыматта 150 миңге чукул мигрант айымдар бар экендиги айтылат.

ЖАШООНУН ТЕСКЕЙИ ЖЕ МЕДАЛДЫН ЭКИНЧИ ЖАГЫ
Турмушта баары кездешет эмеспи. Биз мактанып “кыргыздан мындай айымдар чыккан” деп төш какканыбыз менен, кыргыз элин жаманатты кылган кыздарыбыз да жок эмес. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, ата-бабабыз эзели укпаган сойкулук менен алектенген кыздарыбыз ондоп эмес, миңдеп саналат. Мындай кыргыз сойку кыздары мекенибизден тышкары чет өлкөдө да жүрүшкөнү өкүнүчтүү. Мындай ишке барышына эмне себеп болгонун тактай келсең эле жумушсуздукту күнөөлөшөт. Кыргызстан Аялдар конгрессинин берген маалыматына таянсак, 1987-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстанда ВИЧ/СПИД оорусу менен 669 аял ооругандыгы катталган. Албетте, булардын ичинде аз санда болсо да зордуктоого кабылып, ооруну эркинен тыш жуктуруп алгандар бар.
Эркек жасабаган ишти айымдарыбыз жасап жүрөт деп сүйүнөбүз. Ошол эле учурда кылмыш ишин жасап, түрмөдө отургандар да жок эмес. Баарын каралоодон алыспыз. Анткени бирөөлөр жокчулуктун айынан кылмыш кылууга барса, кай бирлери кокустуктан темир тор артында отурушат. Айрым маалыматтарга таянсак, абактагы айымдардын 87 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар. Алар маалымат бергенде өзүн коргоо максатында кылмыш ишине баргандыктарын айтышкан. Бул жаатында анализ жүргүзө келсек, экономикалык кыйынчылык, аялдарды сыйлоонун төмөндүгү, жумушсуздук сыяктуу себептер түрткү болгондугу айкындалат. Бирок кандай болгон күндө да, аял деген аялдык сапатын жоготпой, эне деген сыймыктуу атына көлөкө түшүрбөсө дегиң келет.

Амантур Султанкулов
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АЯЛСЫЗ ЖАШООҢУЗДУ ЭЛЕСТЕТЕ АЛАСЫЗБЫ?

Курал,
39 жашта, жеке ишкер:
– Убактылуу жашаса болот. Мисалы, бойдокчулук кезде. Бирок аялсыз жашоомду элестетким да келбейт. Учурда аялдар эркектер жасай турган ишти да аркалап, үй-бүлөсүн багып жүрүшөт. Мисалы, чет элге эмгек мигранты катары кеткендердин көбү эле айымдар.

Максат,
21 жашта, студент:
– Мен аялсыз жашоону элестете албайм. Мисалы, көпчүлүк эркектер ашканада азык-түлүк толуп турса да, ошону бышырып курсагын тойгуза алышпайт. Аялсыз 3-4 күндө жүдөп калышат. Алтургай аялынын жардамысыз чечим чыгара албагандар да бар.

Алишер,
30 жашта, куруучу:
– Кээ бирөөлөр аялзатысыз деле жашоо сүрө беришет. Бирок мындайлардын саны аз болсо керек. Өзүмө келсек, менин жашоомдо аялдын ролу чоң. Айта кетсем, үй-бүлө очогумду сүйүктүү жарымсыз элестете албайм. Анткени жашоодо арка-жөлөк болор да, балдардын мээримдүү энеси да аял.

Сардар,
76 жашта, пенсионер:
– Аялсыз кантип жашоо болсун?! Менимче, эркекмин дегендин баары эле ушул жоопту айтат болушу керек. Бирок аялзатынан катуу көңүлү калып, аялсыз жашап жүргөндөр да арабызда бар. Ушул жерден мен аялзатын сыйлабагандар эркек эмес деп айтар элем!

Алтынбек,
33 жашта, чабан:
– Эми баары шартка жараша болот эмеспи. Мисалы, аялдар таптакыр жок чөлгө алпарып койсо, айла жок жашайсың да. Бирок бул жашоонун көркү аялзаты деп айтар элем. Аял болбосо тукум уланбай, адамзаты жоголуп кетпейби! Буга кошумча аялсыз өзүң кир жууп, конок тосуп жүргөнүңдү элестет?!

Эрлан,
19 жашта, студент:
– Бойдок кезде аялсыз деле жашаса болот. Бирок үйлөнгөндөн кийин аял сенин жарымың болуп калат эмеспи. Ошондуктан аялды эркексиз, эркекти аялсыз элестетүү өтө кыйын. Экөө бири-бирине эриш-аркак болсун үчүн жаралган. Анын үстүнө аялдар эне дагы да. Кыскасы, аялсыз жашоо көрксүз.

Ниязбек,
59 жашта, соодагер:
– Жеке өзүмдү айтсам, аялзатысыз жашоомду бир мүнөт да элестете албайм. Арабызда аялсыз деле жашап жүргөндөрдү жашоонун чыныгы маңызын сезе билбегендер деп айтар элем. Жараткан аял-эркекти бир бүтүн кылып жараткан да.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Margosha
2010-03-08 20:18:02
Аялсыз жашоо ото кыйын!
0
Tendik
2010-03-09 16:45:33
аял жакшы эр жашкы деп коет эмеспи. Бирок ушул макалга таянып аялдарга коп милдетти жуктоп койгондойбуз. Эгер эркек жашоодо онолбосо,аял аны эч качан ондой албайт уй булосу да онолбойт демекчимин. Ошон учун эркек дайыма жашоо тизгинин оз колуна алыш керек. Аял болсо жардам гана берет!
0
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан