Жакында эле Ноокат райондук соту 47 жаштагы жергиликтүү тургунду 5 жылга эркинен ажыратты. Ал өз келинине бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган экен. Мындай мамилеге акыры чыдай албай калган келини өз өмүрүнө кол салган.
МАРКУМ ЖАЗГАН МАНДЕМДҮҮ КАТ
2016-жылдын 1-апрелинде саат 10:00 чамасында Ноокат шаарынын Лутфиллаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 1996-жылы туулган Р.А. аттуу келин өзүн-өзү асып каза тапкан. Окуя болгон жерге барган Ноокат РИИБинин ыкчам иликтөө тобу маркумдун кийимдерин кароо учурунда чөнтөгүнөн бир барак кат табышкан. Ал катта маркум эмне себептен мындай кадамга баргандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү жазып калтырган: "Апа, мага ыраазы болуңуз. Мени ойлоп көп санаа чекпеңиз, ооруп каласыз. Жашагым келбей жатат, кечиргиле! Жакшы келин болуп жүргөн элем, бардыгы кайнатамдын айынан болду. Ошол окуяларды эч эсимден чыгара албай койдум, мейли, баарына Кудай бар!"
Кол жазманы аныктоо үчүн жүргүзүлгөн соттук экспертизанын корутундусуна ылайык, кат маркум тарабынан жазылгандыгы аныкталган. Бул боюнча териштирүү иштери жүрүп, күбөлөрдүн көрсөтмөсү аркылуу маркумдун кайнатасы "келинин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген" деген шек менен кармалган.
"КЫЗЫМА КАЙНАТАСЫ БИР НЕЧЕ ЖОЛУ ТИЙИШКЕН"
Кызынын өлүмүнө кудасын күнөөлөгөн маркумдун атасы милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, буга чейин болгон окуяны да айтып берген:
– Кызым 2015-жылдын сентябрь айында Ноокат шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган М.Эгамбердиевге турмушка чыгып, күйөө баламдын ата-энеси менен чогуу бир үйдө жашап жүрүшкөн. 2015-жылдын декабрь айынын орто ченинде үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, кайнатасы кызыма тийишиптир. Башкача айтканда, кызымдын аялуу жерлерин кармалап, жыныстык катнашка барууга аракет жасаган. Кызым кайнатасынын бул жоругуна арданып, аны бизге айткан эле.
Бул окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн териштиргени кудабыздын үйүнө аялым жана апам кетишкен. Аялым кудаларыбыздын үйүнө барбай, жолдон эле калып калыптыр. Апам барып териштирсе, кызымдын айткандары чындык болуп чыккан экен. Анан апам кудабыздын туугандары менен өткөн ишти талкуулашыптыр. Чоң кудагый, тагыраак айтканда, куданын апасы "балама өзүм айтып коём, мындан ары жогорудагыдай жосунсуз жоруктарга барбайт" дептир. Анын убадасын алган соң апам кызымды кайын журтунун үйүнө таштап келе берген. Куданын апасы "кечирип койгула, бул окуяны эл укса уят болобуз, эч ким билбей эле койсун" деп суранганынан бул жөнүндө эч кимге билдирбей, болгон иш жабылуу аяк боюнча эле калган.
Бирок жогорудагы окуядан сабак албаган кудабыз 2016-жылдын январь, март айларында да кызыма тийишкенин уланткан экен. 4-5 жолу тийишкенин кызым апасына айтыптыр. Кызыма орой мамиле жасап, "эгер менин айтканыма көнбөсөң, анда элдин баарына "келиним менен жыныстык катнашта болгом" деп айтам" деп коркутуп жүрүптүр. Жыйынтыгында кызым бул кордукка чыдабай өзүн-өзү асып алган.
"КЫЗЫМ КАТАРЫ ЭРКЕЛЕТИП, КУЧАКТАП КОЙГОМ"
Келининин өлүмүнө шектелип кармалган Дилшод Эгамбердиев тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Өзүм 1969-жылы Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулгам. Үй-бүлөлүүмүн, 4 балам бар. Мурда соттолгон эмесмин. Билимим орто. Туруктуу иштеген ишим жок, курулушта иштечүмүн. Мындан тышкары сүрөтчүмүн, тарткан сүрөттөрүмдү сатып каражат тапчумун. 2015-жылдын декабрында чын эле андай окуя болгон. Башкача айтканда, уулум гайморит болуп ооруканага жатып, 1 айдан ашык дарыланып жүргөн. Аялым базарда иштегендиктен, ал күнү жумушунда эле. Карыган ата-энем да биз менен жашашат. Апам китеп окуп өзүнүн бөлмөсүнөн чыкпайт. Атам болсо күндүзү көчөгө чыгып кетип, үйдө деле көп отурбайт. Майда балдар болсо мектепте болчу. Үйдө келиним экөөбүз эле калганда мен аны жаман оюм жок кызым катары кучактап, эркелетип койгон элем. Келиним анымды туура эмес түшүнүп, ата-энесине айтып барыптыр. Алар келип, бул окуяны талкуулаганбыз. Мен куда тараптан кечирим сурап, "мындан ары кайталанбайт" деп убада бергеним чындык. Ошол боюнча келиниме жологон да эмесмин. Эмне болгонун билбейм, 2016-жылдын 1-апрелинде уулум экөө жатчу бөлмөдө асынып алыптыр.
"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ МОЮНУНА АЛГАН"
Жогорудагы окуя боюнча Ноокат РИИБинин тергөөчүсү Чыңгыз Матисманов буларга токтолду:
– Маркум асынып алганда окуя болгон жерди кароо үчүн барганбыз. Ал учурда келин каза болуп, өлүкканада экен. Ошондо маркумдун апасы "менин арыз-доом бар" дегенинен кыздын денесин экспертизага жөнөтүп, маркумдун ата-энесине арыз жаздырганбыз. Кыздын апасы баарын билет экен, себеби кызы мурда ага кайнатасы тийишип жүргөнүн айткан. Жыйынтыгында келиндин өлүмүнө шектүү катары анын кайнатасын кармадык. Ал "келинимди кызым катары эле эркелетип, кучактап койгом. Башка эч нерсе кылган эмесмин" деп күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алган. Кылмышкер качан эле "мен кылгам" деп күнөөсүн моюнуна алмак эле? Бирок биз күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аркылуу анын кылмышын далилдеп, Кылмыш жана жаза кодексинин 102-беренесинин 2-бөлүгү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү, ошол эле жосун күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата жасалганда) боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүп бергенбиз. Соттук-психиатрдык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кылмышка шектүүнүн акыл-эси жайында экендиги аныкталган. Ал эми маркумдун күйөөсү "атам андай ишке барышы мүмкүн эмес" деген пикирде. Жакында эле Ноокат райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.
Балким, маркумдун ата-энеси алгачкы окуядан соң кызын кайрадан кайын журтуна таштап баса бербегенде мындай каргашалуу окуя катталмак эмес чыгар...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg