БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ БИЗДЕ ЖАНА ЧЕТ ЖЕРДЕ КАНДАЙ?

Билим көп эмгектин, түйшүктүн, аракеттин артынан келери жалпыга маалым. Анын сыңары учурда жаңы окуу жылы башталып, окуучулар менен ата-энелердин түйшүгү арта баштаган маал. Андыктан мектепте эң оор баскыч болуп эсептелген башталгыч класстарда билим берүү бизде жана башка өлкөлөрдө кандай экенин салыштырып көрдүк.

КЫРГЫЗСТАНДА

Мекенибизде бала билим жолуна 6-7 жашында кадам таштайт. Негизи мектепке чейин бир жыл даярдоо классын аяктоого тийиш. Окуу жылы 1-сентябрдан 25-майга чейин уланып, 4 чейрекке бөлүнгөн. Бир класска айыл жергесинде 15тен 30га чейин, борбор шаарыбызда 50гө чукул окуучу туура келүүдө. Шаардагы айрым мектептерде бир жылда 10 параллель класс кабыл алынып жаткандыгын да айта кетүү керек.
Китептер мектептен берилет, бирок бардык окуучуларга жетиштүү эмес. Калган окуу куралдарын ата-эне сатып берүүгө милдеттүү. Башталгыч класстарга бир маал жеңил тамактандыруу каралган. Бирдиктүү мектеп формасы бекитилгени менен, аны бардык мектептерде кие беришпейт. Билим берүү бекер, бирок мамлекеттик мектептердин дээрлик көпчүлүгү материалдык жактан ата-энелердин жардамына муктаж. Мисалы, класстарды жыйнап-тазалатууга, оңдоп-түзөөгө, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, кароолчунун маянасына чогултулган каражаттарды айтса болот. Мындан тышкары да ата-энелер арасында түрдүү маселелер айтылып келет. Баланы окууга киргизүүдө шаардык мектептердин фондго деп акча жыйнашканы, бири болсо үй тапшырмаларынын өтө көптүгү жана окуу китептеринин татаалдыгы.

БАЛАГА ТУУРА БАГЫТ БЕРҮҮ КЕРЕК

Психолог Айзада Танаеванын айтымында, учурда билим берүү программалары мындан 10 жыл мурункуга салыштырмалуу, албетте, айырмаланат. Бирок азыр мектеп жашына жеткен балдардын аң-сезимин да ал учурга салыштырып болбойт. Баланы жөндөмүнө карап атайын бир багытта билим берген мектепке алып барган туура. Мисалы, математикага жөндөмдүү бала жүзгө чейинки сандарды алып, кошконду билип турса, ага жөнөкөй мектепте онго чейинки сандар менен амал чыгаруу кызыксыз. Негизинен бардык эле балага жакшы түшүндүрсө, бул куракта алардын кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү абдан өөрчүгөн болгондуктан бардык маалыматты эске тута алат.

ООР СУМКА КӨТӨРҮҮ ЗЫЯНБЫ?

Ата-энелерди ойго салган дагы бир маселе – бул окуучулардын сумкаларынын оордугу. Буга балдар ортопеди Алмаз Назаралиев төмөнкүлөрдү айтат:
– Негизинен өсүп келе жаткан өспүрүмдүн оор нерсе көтөргөнү бир аз болсо да анын боюнун өсүшүнө, булчуңдарына жана омурткасына таасирин берет. Анан да бир ийинге көтөргөн сумкалардын оордугу омуртка сөөктүн кыйшаюусуна алып келиши мүмкүн.
Эл аралык стандартка ылайык, бала өзүнүн салмагынын 10 пайызын түзгөн гана жүктү көтөрсө болорун айта кетели. Мисалы, баланын салмагы 30 килограмм болсо, сумкасынын оордугу 3 килограмм болушу керек.

АНГЛИЯДА

Бул өлкөдө бала алгачкы жолу мектеп босогосун 4 жашында аттайт. Мамлекеттик мектептерде билим берүү бекер. Албетте, аны менен катар, жеке менчик мектептер да абдан популярдуу. 4 жаштан 11 жашка чейинки балдар башталгыч, ал эми 11 жаштан 16 жашка чейинкилер орто мектептерден билим алышат. Эгер бардык талаптарга жооп берсе, үйдөн билим алууга да мамлекет уруксат берет. Эртең мененки саат 9дан түшкү 3:30га чейин окуучулар мектепте болушат. Бир класста 30 окуучу болсо, ага бир мугалим, 2 жардамчысы жана бир медайым жоопкерчилик алат. Сабактар абдан эркин, оюн түрүндө өтүлүп, балдарды кызыктыруу үчүн музейлерге, сейил бактарга, мал багылчу фермаларга жана зоопарктарга көп алып барышат.
Билим алууга керек болгон бардык окуу куралдарын мектептен беришет жана аны күн сайын көтөрүп жүрүүнүн кереги жок, анткени баары мугалимдин колунда болот. Ар бир мектептин өзүнүн логотиби түшүрүлгөн атайын униформасы, спорттук кийимдери бар. Ойноого, сүрөт тартууга, кол эмгекке, жалпы эле искусство менен алектенүүгө убакытты кенен бөлүшөт.
Мектеп менен окуучунун үй-бүлөсүнүн ортосундагы маалыматтык байланыш да абдан дыкат каралган. Ар жуманын башында ата-энеге баласы баш мүдүрдөн кат алып келет. Анда жума ичинде болгон окуялар менен келерки аптага коюлган пландардан тарта көңүл көтөргөн анекдотторго чейин жазылган. Дагы бир өзгөчөлүгү катары ата-энелер чогулушунун жоктугун айтса болот, анткени мугалим ар бир баланын жакындарына өзүнчө 5-10 мүнөттөн убакыт бөлүүнү туура көрөт. Ал эми мектептин мүдүрүнө жолугуу таптакыр маселе эмес, анткени аны күн сайын эртең менен короодо балдарды ойнотуп, көтөрүп, эркелетип жүргөнүн көрөсүз.

ЯПОНИЯДА

Японияда жаңы окуу жылы 1-апрелде башталып, 3 семестрге бөлүнөт. Муну сакуранын гүлдөшү менен байланыштырышат. Ар бир класста 35-40 бала тарбияланат. Саат 8де кагылган коңгуроодон кийин 45 мүнөттүк 4 сабак катары менен өтүлөт. Андан соң 1 сааттык түштөнүү, дагы 1 же 2 сабак тамактан кийин. Башталгыч мектептерде балдарга баа коюлбайт, үй тапшырма берилбейт. Атайын бирдиктүү мектеп формасы жок, болгону баштарына гана мектептин логотиби түшүрүлгөн ачык түстөгү баш кийимди сөзсүз кийишет. Билим алуу бекер, ал эми окуу куралдары менен камсыздоо ата-энелердин моюнунда.
Жыл сайын окуучу башка класска, башка мугалимге келип түшкөнүн бала жаңы жамаатка аралашууну, бейтааныш адамдар менен тил табышууну үйрөнөт деп түшүндүрүшөт. Окуучулар комикстерге абдан кызыгышат. "Япония тарыхы" деген аталыштагы 48 томдук комикс мектеп программасына бекитилген.
Жаштайынан эмгекчилдикке тарбиялоо максатында Япония мектептеринин ички-тышкы тазалыгы толугу менен окуучулардын моюнунда. 6 жашында билим уясын алгач ирет аттаган бала 18 жашка толгондо мектепти аяктайт.

ЗАМБИЯДА

Африка өлкөлөрүндө билим берүү деңгээли төмөн экендиги эч кимге сыр эмес. Мисал катары Замбия өлкөсүн алсак, мындан он жыл эле мурда жергиликтүү тургундардын дээрлик жарымы окуганды жана жазганды билчү эмес. 2000-жылдардын башында гана билим берүү маселесин колго алышып, баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Анда мектеп жашындагы 1-класстан 7-класска чейинки балдарга милдеттүү түрдө бекер билим берүү каралган.
Жергиликтүү калктын арасында бала окууга эмес, иштөөгө убактысын короткону жакшы деген түшүнүктөгү ата-энелер көп. Анткен менен кең келечектин кепилдиги билим экендигин калктын калың катмары түшүнө баштаган убак. Мугалимдердин, окуу мекемелеринин жетишсиздигинен улам кээ бир класстарга 80 балага чейин туура келет. Башталгыч класстарды аяктаган тарбиялануучулардын жарымынан азы гана окуусун орто мектепте улантат. Мунун башкы себеби, анда акы төлөп окуу керек.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bolotbeck1983
2016-09-13 03:22:39
Окуу, окуу жана окуу. В.И.Ленин
-2
Shat.88
2016-09-13 11:58:08
Биз окуган мезгилде сумканын оордугу менен эч ким эсептешпесе керек биз совет учурдагы китептер менен билим алдыкда ото чон болоор эле, азыр жакшы кг га тартылган ченеми менен расписание тузулот
+1
FSB
2016-09-17 16:27:04
Makalaga" 5" degen baa.
0
aitieva00
2016-09-19 18:46:19
Биздин мектепте эч эле окшош форма кийе албай жатабыз эки жылдан бери,ата-энелер бир чечимге келе алышпай
0
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан