КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК ЖҮРӨКТҮН КЕМТИГИНЕ АЛЫП КЕЛЕТ

Кызыл жүгүрүк жөн жерден пайда болбойт. Сөзсүз бир себеби болот. Мисалы, ангина болуп калдыңызбы, аны дарылатпасаңыз кызыл жүгүрүк келип чыгышы мүмкүн. Аталган оорунун организмге дагы кандай терс таасирлери бар? Бул туурасында №1-шаардык клиникалык ооруканасынын ревматология бөлүмүнүн жогорку категориядагы ревматологу Кенже Өмүракунова айтып берет.

КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК

Кызыл жүгүрүк (ревматизм) – байыркы грек тилинен которгондо агым, агыш, жайылуу (дене бой) дегенди билдирет. Жүрөк, муун, нерв системи, ошондой эле башка органдардын сезгениши менен мүнөздөлгөн инфекциялык оору. Көбүнчө 7-15 жаштагылар ооруйт. Ал эми 7 жашка чейинкилер жана улгайып калгандар арасында аз кездешет.
Оорунун күчөп, оор өтүшүнө организмдин иммундук системинин начарлашы да түрткү болот. Сыз, ным жана суук өтүү аталган ооруну козгой тургандыктан оорулуулардын саны жылдын суук мезгилинде көбөйөт.

ЭМНЕ КОЗГОЙТ?

Кызыл жүгүрүктү стрептококк бактериясы пайда кылат. Стрептококк пайда кылуучу оорулар – ангина, фарингит, ларингит, гайморит. Ушул ооруларды убагында дарылабай же аз убакыттын ичинде кайра-кайра кайталана берсе кызыл жүгүрүктүн пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Анткени стрептококк бактериясы кан менен барып, жүрөк-кан тамыр системин, муундарды жабыркатат.

ТҮРЛӨРҮ

Кызыл жүгүрүк өз ичинен 2 түргө бөлүнөт:

1. Курч кармаган. Жаңы башталган учуру курч кармаган мезгили болуп саналат. Бул мезгил оору башталгандан 3-4 жумага чейинки аралык.
2. Өнөкөт. Курч кармаган мезгилинде дарыланбаса өнөкөт түрүнө өтүп кетет.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Оорулуунун алы кетет.
  • Жүрөктүн тушу ооруп, лакылдап согот.
  • Чоң муундары шишийт, кызарат, чыдатпай ооруйт (Бейтапта шишиктин саны 3-4кө жетиши мүмкүн).
  • Дене табы көтөрүлөт.
  • Денеге кызыл тактар чыгат.

Мындай белгилер 2-3 жумадан кийин гана билине баштайт. Эгер жүрөк кемтиги болсо, аны кардиохирургдар дарылайт.

ДАРЫЛОО

Анализге кан, тамактан мазок, кардиограмма керектелет. Анализдин жыйынтыгы менен бейтапка дарылоо жүргүзүлүп баштайт. Башкача айтканда, стрептококк бактериясын өлтүрүп, жоготуу багытындагы дарылар берилет. Балдарга салмагына жараша дарынын өлчөмү азайтылат.
Бейтап стрептококко каршы дарыны ай сайын алууга тийиш. Курч кармаган түрүндө 5-10 жыл, ал эми өнөкөт түрүн 15-20 жылга чейин дарт жүрөк кемтигине, нерв системинин бузулушуна өтүп кетпөө үчүн дарылоо жүргүзүлөт. Бирок бардыгы организмдин жалпы абалынан көз каранды. Эгер иммунитет күчтүү болуп, оорулуу өзүн жакшы карап эрте сакайып кетсе, ошол учурдан тарта дарылоону токтотуп коюу мүмкүн.
Муундары шишип кеткен абал оорунун кайсы түрүнө карабай дарынын негизинде мурунку калыбына келет.
Оорулууга ооруканада жатканда эле калыпка келтирүүчү атайын көнүгүүлөрдү жасатуу башталат. Үйдөн адам аларды улантып жасашы керек.
Бейтаптын тамагы витаминге, айрыкча С витаминине бай болушу керек. Бейтап, мисалы, мандарин, лимон, апельсин, сабиз, картошка, сүт азыктарын, анын ичинде быштакты көп жегени жакшы.
Туз жана көмүртектин өлчөмү чектелет. Туздалган, ышталган тамак-аш, торт, токоч, чай, кофе азайтылат.
Ошондой эле оорулуу диспансердик каттоодо болуп, оорунун кабылдап кетишине каршы алдын алуу чаралары жүргүзүлөт. Мындан тышкары диспансерлерде таза аба (сейилдөө) жана суу (бассейн) менен дарылоо ыкмалары колдонулат.

ДАРЫЛАНБАСА...

  • Кызыл жүгүрүктө жүрөк функциясын начар аткарып, жүрөк-кан тамыр оорулары келип чыгат. Мисалы, жүрөк кемтиги пайда болот.
  • Организмге ашыкча суу толот.
  • Боор чоңоёт.
  • Буттар шишийт.

АЛДЫН АЛУУ

  • Кызыл жүгүрүктү алдын алуу үчүн организмди чыңдоо, мисалы, спорт менен машыгуу жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо керек.
  • Бейтап менен өбүшпөө;
  • Энелер балдарына тамак чайнап бербөө;
  • Ангина, фарингит, ларингит, гайморит ооруларын убагында аягына чейин дарылоо.
  • Туура тамактануу (С витаминине бай).
  • Ангина жылына 2-3 жолу кармаса лор врачтын сунушу менен тамак бездери алынып салынышы мүмкүн.

МААЛЫМАТ

Кыргызстанда ревматизм менен жабыркагандардын саны 100 миң кишинин ичинен 500-600 адамды түзөт.
Тарыхта кызыл жүгүрүк оорусунан жабыркаган атактуулар да кездешет. Рим императору Нерон, АКШнын экинчи жана үчүнчү президенттери Жон Адамс жана Томас Жефферсон, австриялык композиторлор Вольфганг Амадей Моцарт жана Густав Малер, орус жазуучусу Михаил Салтыков-Щедрин.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кызыл жүгүрүк жүрөк-кан тамырлардын ооруларына алып келет
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан