БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Лекция аяктап калган, дал ушул учурда Элизанын телефонуна СМС келди. Кыз телефонунун үнүн басаңдатып койгонду унутуп калган экен. Кат түшкөнүн билдирген чырылдаган үн аудиторияга жаңыра түштү. Эрлан кол саатын бир карап алып:
– Убакыт болуп калыптыр. Жигиттериңердин да чыдамы кетти окшойт. Баарыңар бошсуңар. Көңүл бурганыңарга чоң рахмат!
– Жок, бул жигитим эмес. Менин жигитим жок,- деди кыз актанган түр менен. Эмнеге минтип айтты өзү да түшүнбөй калды. Айтканын айтып алып, уурулугун карматкан кишидей кызарып кетти. Эрлан болсо жагымдуу жылмайып коюп сыртка бет алды. Катты болсо чынында эле Элизанын жигити жиберген болчу. Ооба, кыз калп айтты. Анын кызарып кеткенинин себеби да ушунда болсо керек. Окуучулук кезинен тарта сүйлөшүп жүргөн Азамат аттуу жигити бар. Бирок Азамат эмнегедир Эрландын фонунда акыркы убакта көрүнбөй баштаган. Элиза ар убак Эрлан менен Азаматты салыштыра берет. Эрлан бою узун, чырайлуу, билимдүү, орду менен сүйлөйт. Азаматчы?.. "Эх, ал дагы эле жаш баладай" Элиза ичинен улутунуп койду. Жигити "сенин универиңе келдим. Чык" деп жазып жөнөткөн экен. Кыз көңүлсүз сыртка жөнөдү.

ххх

Эрлан жумушу бүтөр замат сейил бакка шашылды. Окуу жайдан чыгары менен такси тосту да, айдоочуга "Түштүк дарбазасына айдаңыз. Колдон келсе тезирээк" деп арткы орундукка жайгашты.
Шаарда бул учурда тыгын башталат. Унаанын жүрүшү жайлап, айдоочулардын маанайы пас боло түшөт. Арткы орундукта бараткан Эрлан көчөдөгү адамдарга көз сала үнсүз келе жатты. Бир убакта өзүнө тааныш бир адамды көрүп калса болобу. Студенти Элиза экен. Кара-торусунан келген бир жигит менен жетелешип бара жатыптыр. Унаа ордунан козголуп барып дал ошол кыз-жигитке жанаша түшүп жол чыракты күтүп токтоп калды. Ары-бери жагын кыялдана тиктеп келе жаткан Элиза таксидеги таанышын, болгондо да акыркы кезде анын кыялын ээлеп алган Эрлан агайын көрүп чочуп кетти. Көздөрү тостоё түшүп ордунда туруп калды да, жигитинин колунан өз колун тездик менен тартып алды. Ал күнөөлүү кишидей бозоро түштү. Эрлан болсо аны карап алып жан дили менен жылмайып жаткан. "Көрдү!" деди Элиза ичинен.
– Эмне болуп кетти? Ким?- жигити кыздын кылыгына түшүнбөй калды.
– Байкем...
– Кана?
– Такси менен өтүп кетти...
Эрлан күлкүсүн токтото албай баратты. Чын, ага Элизанын азыркы абалы абдан эле күлкүлүүдөй сезилди. Ал өз оюнда кыз агайынан уялып, өзүн күнөөлүүдөй сезе түштү окшойт деп ойлоп койду. Ананчы, ал азырынча Элизанын ага болгон сезимдерин биле элек да. Билгенде делечи? Анын өзүнүн Айдайы бар эмеспи. Айдай... Айдай Эрлан үчүн периште, өзгөчө жан, анын жүрөгүн, жүрөгүн эле эмес, бүткүл акыл-эсин ээлеп алган карагат көздүү селки. Жигиттин жашоодогу максаттары, тилектери мына ушул кызга байланган. Эгер кыз Эрландын жашоосунан жок болуп кетсе, анда жигиттин түркүн түстүү боёкторго боёлгон ааламы заматта урап түшөрү турган иш. Бул бир караганда акылсыздык. Бир адамга мынчалык байланып алып, ал жоголсо кошо жоголуп кетүү деген акылсыздык эмей эмне?! Бирок сүйүү дегендин турпаты ушул эмеспи. Ал жүрөк менен акыл-эсти тирештирип туруп, бирок акыр аягында жеңишти баары бир жүрөккө берип салат. Сүйүү деген ушундай тентек сезим да.
Таксиден түшүп, сейил бакты аралай басып келди да, күндө келчү отургучка отурду. Айдайы менен жолугушчу жер ушул. Кыз ар убак бир аз кечигип келет. Эрлан бир чекитти тиктеген калыбында аны күтүп отурду. Бир убакта ал кыздын колдору анын ийинине коюлганын сезди.
– Берекем,- жигит кыздын алакандарынан шуу жыттап, өөп койду. Кыз адаттагыдай эле сулуу. Назик көйнөгү өзүнө куп жарашып, карагат көздөрү жадырап турат.
– Бүгүн унчукпайбыз!- кыз сөөмөйүн эриндерине тийгизди... – Кыялданабыз...
Анан ал жигитине башын жөлөй, көздөрүн жумду. "Кыялданабыз..." жигит да көздөрүн жумду... Ушул калыбында алар түн киргенче отурушту. Эмнелерди гана кыялданышкан жок. Үйлөнүү той, жөнөкөй турмуш, балдар, карылык... Кыялдарында бардык жерде экөө чогуу жүрүштү.
– Мен сени жеткирип коёюн...
– Жүр,- кыз жигитинин колунан алды. Анан алар бак аралай басып, жолго чыгышты. Жигит такси тосту. Жашы өтүп калган айдоочу эски унаасы менен келип токтоду.
– Мен өзүм эле кетем, ээ?- кыз жигитине эскертип койду. Эрлан баш ийкей айдоочуга кайрылды.
– Бул кызды айткан жерине жеткирип коёсузбу?
– Кайсы кызды?
Эрлан айдоочунун суроосун жоопсуз калтырды. Арткы орундукка кызды отургузду да, айдоочуга акча карматып басып кетти.
Айдоочу дендароо болуп, бир колундагы акчаны, бир басып бара жаткан жигитти карап тура берди. Анан арткы бош турган орундукту карап койду. Эч ким жок болчу...
Эрлан шаар көчөлөрүн аралай бактылуу жылмайып бара жатты. Ооба, азыр анын бактысында чек жок болчу. Жакында үйлөнөт... Андан соң аны Айдайы менен бактылуу жашоо күтүп турат. Ичинен ушуларды ойлоп келе жаткан Эрлан өзү жашаган көп кабаттуу үйгө кантип жеткенин да билбей калды.
Апасы ашканада күйпөлөктөп жүргөн экен. Эрландын келгенин байкай калып: – Оо, менин профессор уулум келди,- деди жылмая.
– Атам кайда?
– Сыртка чыкты сейилдегенге. Кандай, иштериң жакшыбы?
– Жумушум жагып жатат. Бул жагы жакшы. Студенттерим да сонун. Анан айлыгым аябай аз. Эч нерсеге жетпей жатат. Бул жагынан алганда иштерим анча эмес.
– Балам, "дарак бир жерден көгөрөт" дейт. Иштей бер, азыр бойдоксуң. Бара-бара баары болот.
– Ооба, бирок мен окуу жайда эмес, кайсы бир банкта же бир ишканада деле көгөрсөм болмок,- Эрлан ичтеги оюн сыртка чыгарып алды.
– Албетте, анда сонун болмок. Бирок жумуш табылышы кыйын болду го. Эми болуп калар. Азыр баары жетиштүү. Кам санаба. Андан көрө үйлөнүүгө камдан. Кыздар менен сүйлөшүп жатасыңбы?
Капыстан Эрландын телефону чырылдап калды. Белгисиз номур экен. Жигит апасынын акыркы суроосун жоопсуз калтырды.
– Алло!
– Саламатсызбы?- кыздын үнү угулду.
– Саламатчылык. Ким?
– Бул мен, Элиза. Студентиңиз...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
belka
2016-09-12 11:39:15
Кызы олуп калган окшойт,анан Эрлан кичине оорулуу болуп калган окшойт деп ойлодум.
0
Aima94
2016-09-12 11:42:48
Кызыктын баары алдыда
+1
Anar_13-07-89.j
2016-09-12 12:16:30
Эрландын суротун тартсам бут аял суймок болчу дегендей эле айтып ататко ээ. Айдайычы андан ашат бирок кыялбы же приведениеби кызык экен
+1
aqua.94mema
2016-09-12 13:09:42
Бала кыялындагы кызды суйуп калат экен да . э тооба бул эми не деген фантастика .
0
Federica
2016-09-12 13:24:52
Андан да такси тосуп акча берип койгону концерт экен го)))
+6
nagishka
2016-09-13 13:05:35
Federica,мен да ошону ойлоп койдум эле))))
0
kuli88
2016-09-12 15:07:41
Мм периште жигити суйуп калып козуно коунгондур балким ......
0
Toktoshova
2016-09-12 15:20:21
эмнеси болсо да дагы бир жума кутууго туура келет
0
ismail_uulu
2016-09-12 15:28:47
Клип бар го ушундай.
0
begaly-nurtilek
2016-09-12 18:19:26
Кызы олуп калган окшойт.Дагы бир жумааааааа кутобузю
0
Asel2415
2016-09-12 23:52:44
Шизофрения оорусу менен ооруйт окшойт
0
benni
2016-09-13 02:16:55
Элизанын шору го дейм...
+2
esimdesin
2016-09-13 14:21:26
таксиге салдыбы же жокпу кудай ай айтып койгулачы бул жагын
0
Shef87
2016-09-13 16:06:20
башын окубадынар беле бул ооруп калган ошо айдайын жоготуп
+1
asefsa
2016-09-15 10:27:53
Ооба дал ошондой ойлоп жатам , мен дагы.
0
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-27 21:00:53
Иииии
0
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан