(Башталышы өткөн сандарда)
Ош дегенде бир башкача угулду, үйгө жетериме ишенбей да кеттим. Артты карасам Жыргал башын жерге салып алыптыр, Алим эки жакты карап чоочун жерлерге көз жүгүртүп келатат. Мен түнү менен уктабаганга, анын үстүнө жол да кенен, тептегиз экен, кантип көзүм илинип кеткенин билбей калыптырмын. Бир ойгонсом "Кыргызстанга келип калдык" деп айдоочу мени карап койду. Лейлекке жетейин деп калыптырбыз. Бүт тааныш жерлер, Тажикстанга базарлык кылганы келгенде канча өткөм бул жолдордон, дагы бир сааттай жүрсөк, биздин айылга бурулган жолго жетебиз. Уйкум ачылып кетти, Жыргал менен Алим уктап калышыптыр.
Акыры Кыргызстанга өттүк, өзүм-өзүмө ишенбейм, машинаны токтоттуруп жерди өөп алгым келди.
– Аксакал, Ак-Турпакты билесизби?
– Кантип билбейин, билем, балам, бул жерлерге канча келип мейман болуп кеткем. Ак-Турпактансыңбы?
– Ооба.
– Анда силерди кийинки айылдан таксиге салып коюп кете берейин, макулбу? Үйүңө жеткенде мага чалып бир кабарыңды айтып кой. Мени эч ким көрбөй эле койсун.
– Макул, аксакал, түнгө калбай жетип алыңыз сиз дагы.
Аксакалдын номерин алып, коштошуп такси менен үйгө жетип алдык. Үйгө кирейин деп жатсам, коңшу үйдүн алдында жеңил машина токтоп турган эле, эки америкалык аскер кийимчен адамдар түшүп келишти, бирөөсү Жон Макфелл болчу. Эмне кылышты билбей далдырап эле туруп калдым. Жыргал менен Алим менин коркуп кеткенимди байкашты окшойт артыма бекинип, Алим колумду бекем кармап алды. Ар жакта ар кимден качып жүрө берип ушунчалык чарчаптырмын, алым куруп эле тура бердим. Үйгө келип-келбей жатып минтип тосуп чыгышса... Анан негедир жиним келип кетти, ким эле булар, мени жок жерден кыйнап, дагы келип тосуп алышканын кара?! Ачуум келип карап калсам, Макфелл менен шериги мени карап күлүп жиберишти:
– Салам, Ганни, ачууңду келтирбе, сага бир сунуш менен эле келдик,- деп Макфелл мени сынагансып карап калды. – Макул болсоң иштейсиң, каалабасаң биз сени унутабыз, экинчи көрбөйсүң бизди.
Кыскасы, сүйлөштүк, мен жөнүндө АКШ мамлекетинин жашыруун кызматы угуп, ошолор ар бир кадамымды карап турушуптур. Ар кандай жумуштары чыгып калса аткарып берүүмдү айтышты. Эгер макул болсом биринчи тапшырмасы Казакстандын бир чоң шаарындагы "Калтар" деген кылмышкерлердин башчысынын кайда бекинип жүргөнүн билип берүү эле экен. Акчасын айтканда каяктан, кантип табам, эч нерсени ойлонгон жокмун, дароо эле макул болдум. Эптеп бир нерсе ойлоп табармын, каякта жүргөнүн эле билип берүү үчүн ушунча акча төлөп жатышса кантип макул болбойм? Мынча акчага көп нерсе алса болот да...
(Аягы)
Субан Жуманалиев