Маматкуловдордун үй-бүлөсү дайыма талкуу чордонунда. Үй салгандан кызын узатканына чейин эл оозунда кызыгуу жаратып келет. Бүгүн Расул Маматкулов менен жубайы үй-бүлөлүк сыры менен бөлүштү.
– Бири-бирине окшош түгөйлөрдү табыштырган тагдырыңардан кепти баштасак...
Расул: – Биздин бирге жашап жатканыбызга 25 жыл болду. Анда жеңеңер арык чырай, сулуу эле. 10 кыздын арасынан көзүмө көрүнүп туруп алды. Тийишип койсом такси менен качып жөнөдү эле, артынан жашаган жерине чейин кууп баргам. Кийин ал мени кууп жүрүп тийип алды (күлүп).
Катя: – Расул артымдан жакшы эле чуркады. Таанышканыбызда аябай шамдагай, чачы өзгөчө, келишкен жигит эле. Улам эле тийишип колумду кармап, кучактай бергенинен алыстаганга аракет кылгам. Тагдыр экен, жашап жаткан үйүмдү сатканы жарнамага берсем, кардар болуп келип жатпайбы. Үйдү Расулга сатып, көчүп кетейин дегем. Анан бул "мен сенсиз жашай албайм" деп Москвадагы мен жашаган үйгө чала берип, 10 күндө кайра келгем. Себеби мага телефон чалыш үчүн почтада жашап калган эле.
– Анан келип эле өзүңүз саткан үйдө жашап калдыңыздар?
К.: – Келсем Расул тосуп алып, "Ошто концертибиз бар" деп алып кетип калды. Кечинде концерттен чыксак такси калбай калып, калдыраган эски Москвичти жалдап ата-энесинин үйүнө алып барды. Барсак казанда эт кайнап, үйдө коноктор толтура экен. Бул мага айтпай алдап алып келген экен дегем, жаман оюмда. Көрсө, ата-энеси шерине өткөрүп жаткан экен.
Р.: – Ал кезде телефон деген жок эле, үйдөгүлөр менен деле сүйлөшкөн эмесмин. Катяны жөн эле ата-энем менен тааныштырганы алып барсам, коноктордун үстүнөн чыгып жатпайбызбы. Апам байкуш кубанып ак жоолугун салып (күлүп), айла жок анан нике кыйдырып бир бүтүнгө айланып калдык.
– Катя эже, ырчы күйөө баласын ата-энеңиз кандай кабыл алышты?
К.: – Менин төркүнүмө бара элекпиз, экөөбүз шаарда батирде жашап жатсак, атам бизди көргөнү келип калыптыр. Залда диванда отурса Расул чолок шымчан, чачы саксайган боюнча атам менен учурашканы кирсе, атам чочуп кетип, "бар, балам, үстүңө бирдеме кийип кел" деп чыгарып ийди. Анан айылга барса апам "күйөө балаң кандай экен?" десе, "ой, билбейм, сапсайган эле бирөө экен" дептир (күлүп). Мен үйдө 7 кыздын кичүүсү болгондуктан, Расул ата-энемдин эң жакшы көргөн эрке күйөө баласына айланган.
Р.: – Жакшы окуяларды эстесең, адамды уят кылбай.
– Расул мырза, бир аз сыркоолоп жубайыңызга эркелеп жаткан экенсиз...
Р.: – Москвага тойго барып келдим эле, ал жакта суукка урунуп калыптырмын. Менин кийимим, чыгармачылыгым, "каприздеримдин" бүт баары ушунун моюнунда. Ыр жазсам биринчи угуучум да жубайым, Катя ырда десе ырдайм, "жакшы болбой калыптыр, ырдабай эле кой" десе ырдабайм. Тактап айтканда, мен жана балдарым – Катянын жумушу. Бир үйдө 4 ырчыбыз, ар бирибиздин мүнөзүбүз ар башка. Бирибиз "мындай кийим кием" десек, экинчибиз "андай тамак жебейм" дешибиз мүмкүн. Бизге чыдаган келинчегиме рахмат. Ырчы болобу, жөнөкөй эркек болобу, анын артында күчтүү тыл турбаса, ал ийгиликке жетиши өтө кыйын. Анын үстүнө чыгармачыл адамдардын жашоосу түйшүктүү болот эмеспи.
К.: – Мен өзү табиятымдан жаны тынбаган аялмын. Кандай маселе болбосун аралашып кете берем. Мага жардам бере турган балдарым да атасына кошулуп ырчы болуп кетишти. Алардын кийим-кечеси, азык-түлүгү, кандай маселеси болбосун бүт өзүм чуркайм. Зерикпей кийим сатып келип кийгизип көрүп, жакпаса кайра барып алмаштырып келем. Расулдун мага жаккан мүнөзү, майдачыл эмес. Канча акча тапса, ошол боюнча алып келип менин колума карматат. Кийин ал акчаны "эмнеге короттуң, эмнеге бул эмеректи алдың?" деп такыр кийлигишпейт. Мага өтө ишенет, мен сатып берген кийимди же буюмду бир да жолу жакпады же жарашпады деп айта элек.
– Ооба, Катя эженин тыңдыгы көрүнүп турат, а Расул мырза үйдө кандай кожоюн болду экен?
К.: – Негизи чыгармачыл адамга турмушка чыгарда ойлонуш керек. Анткени булар кара жумушка жок калк болушат. Мен бир эле нерсе айтып берейин, өзүңөр жыйынтык чыгарып алгыла (каткырып). Бир күнү үйдө лампочка күйүп кетип, "алмаштырып берчи" деп сурангам. Жакшы эле бурап алмаштырып жаткан, мен ашканада жүрсөм ушундай бир коркунучтуу үн чыкты. Чуркап келсем бопбоз болуп турат. "Эмне болду?" десем "жаман тартты да" дейт. Көрсө, ток тартып кетиптир. Ошондон кийин ток кармабас болду. Азыр ток маселеси да менин моюнумда. Оозун ачкан аял алса билбейм эмне болмок.
Р.: – Анда көрсө, палас суу экен да, суунун үстүндө туруп алмаштыра бериптирмин. Андайда ток жаман тартат экен. Катя, сен электрик же куруучуга турмушка чыккан жоксуң да. Сен деген артистке турмушка чыккансың, ошондуктан мага күлбөй, мени шылдыңдабай жүр.
– Расул мырза, эр ортону элүү жашка келип калыптырсыз, бул курактын сүйүүсү кандай болот экен?
Р.: – Бул куракта бири-бириңсиз жашай албай калат экенсиң. Үйгө келсем жубайым жок болсо, киргим келбей машинада отура берем же телефон чалып "каяктасың?" деп жанына жетип барам. Картайсаң деле жүрөк жаш болот экен, телефондорубузга да бири-бирибизди "жаным" деп сактап койгонбуз. Негизи чыгармачыл адамдар башкалардан айырмаланып өтө романтик болобуз. Ар кандай сюрприздерди жасап азыркыга чейин жубайымдын көңүлүн алганга аракет кылам. Катя ооруп калса маанайым бузулат. Айтор, бири-бирибизге аябай байланып калдык.
К.: – Расул жокто томсоруп эле калам. Ал жанымда жүрсө өзүмдү ханышадай сезем. Мурун бир жакка барсам балдарыма таттуу көтөрүп келчү элем. Азыр Расул жакшы көргөн тамакты ташыганды адат кылып алдым. Жаңы эле Расулга ашлян-фу ала келгем. Балдарым "бул үйдө сиздин сүйгөнүңүздөн башка киши жокпу, бизге деле ала келбейт белеңиз" деп шылдыңдап жатышпайбы. Жолдошумдун тамагын эле эмес, чыгармачылыгын да ойлоно берем. Акыркы кезде бош убактысында бильярд ойноп калган. Кудай жалгап кайра чыгармачылыгына кайтып, жаңы ырларды жаздырып, 50 жылдык юбилейлик концертине даярданып жатканы мени кубантууда.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg