SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

1-сентябрь:
ӨЗБЕКТЕРДЕ 4 КЫРГЫЗ БАРЫМТАДА ЖАТСА, ДЕПУТАТТАР МАЙРАМДАГАНЫ ТАРАШТЫ

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жайкы каникулдан кийин кезектеги сессиясы ачылды. Депутаттар Москвадагы өрт, өзбектер тарабынан барымтага алынган 4 кыргыз жараны жана Кытай элчилигиндеги жардыруу тууралуу талкуулоо зарылдыгын айтышты. Спикер Чыныбай Турсунбеков аталган маселелер боюнча парламенттин комитет жыйынына жооптуу кызматкерлер чакырылып, маалымат берерин билдирди. Андан соң 6 фракция лидеринин ичинен үчөөсү трибунадан билдирүү жасады: Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Бабанов. Текебаевдин сөзү өзгөчө таасирдүү болду. "Биз бирөөнүн малайы эмеспиз, биз – эл өкүлүбүз. Парламенттин деңгээли мынчалык төмөнгө түшкөн эмес. Депутаттарга эч бир президенттин, өкмөттүн аппарат кызматкерлери кабинетине чакырып, көрсөтмө бербеши керек. Конституцияга ылайык, президентти катыштырбай туруп өкмөттү түзүүгө парламенттин укугу бар",- деди Текебаев.
Иса Өмүркулов депутат Чолпон Жакупованын "бийлик депутаттарды Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорго зордоп кол койдуртушту" деген сын-пикирине жооп берди. "Депутаттарды кол коюуга эч ким мажбурлаган жок. Эгер депутатты кимдир бирөө мажбурласа, ал кол койбогонго жана демилгени колдобогонго толук укуктуу",- деп ишендирүүгө аракет жасады Өмүркулов. Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө "Конституцияны өзгөртүш керек" деп чыкты, Бакыт Төрөбаев, Канат Исаев жана Алтынбек Сулайманов трибунага чыгышкан жок. Ошондой эле КСДПчы депутатынын сунушу менен Жогорку Кеңештин жыйындары 12-сентябрдан кийин өтмөй болду. Ал мындай демилгесин Көчмөндөр оюндарына депутаттардын бара турганы жана Курман айтты майрамдоо менен түшүндүрдү. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен жолугушканда Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкуу 10-сентябрга чейин узартылган. Демек, коомдук талкуу жүрүүсү керек болгон маалда депутаттар оюн жана майрам менен алек болушат. Өкмөттү, Чек ара кызматын чакырып, "Өзбектерде камакта жаткан 4 кыргыз жаранын качан бошотуп келесиңер?" деп талап кылгандын ордуна "майрамдайбыз" деп ишти баштабай жатып депутаттар тарап кетишти...

2-сентябрь:
ЧЕК АРАДА ЭЛДИН САБЫРЫ ТҮГӨНҮП БАРАТАТ

Өзбекстан Үңкүр-Тоону кайтарып турган милиция кызматкерлеринин санын көбөйттү. 22-августтан бери тоодо жүргөн 8 өзбек милиция кызматкеринин ордуна 20 милиционер бүгүн эки тик учак менен жеткирилди. Үңкүр-Тоого 2 тик учак келип конгонун алгач жергиликтүү тургундар кабарлашып, аймактагы элдин тынчы кете баштады. Андан соң Чек ара кызматы маалыматты ырастады. Өзбекстандын Үңкүр-Тоодо милиция кызматкерлеринин санын өстүргөнүнө эки себеп болушу мүмкүн. Биринчиси: Аксыдагы жергиликтүү тургундардан чочулоо. Кыргыз бийлигинин 2 жумадан берки чабал аракетинен улам кыжырданган жергиликтүү калк бүгүн чогулуп "өзбек милициясын Үңкүр-Тоодон өзүбүз айдап чыгабыз" деп камданып жатышкандыгы тууралуу кабар тараган. Бул максатта 200дөй адам чогулганы ЖМКларга жарыяланды. Өзбектер тик учак менен Үңкүр-Тоого кошумча күч жеткиргени ошондон улам болушу мүмкүн. Экинчи мүмкүн болчу себеп: Өзбекстандын чек араларында коопсуздукту күчөтүү. Расмий бийлик "президент Ислам Каримов каза тапты" деп жарыялай элек. Бирок өзбек лидеринин каза тапканынан дүйнөлүк коомчулук күмөн санабай деле калды көрүнөт.
Ички иштер министрлиги кырдаалдын курчуп кетеринен чочулап Үңкүр-Тоону өз алдынча бошотууга элдин чогулуп жатканын дароо четке какты. "Чек арага байланыштуу маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилүүгө тийиш. Бул сыяктуу маселелерди талкуулоодо да этияттык керек. Учурда аймакта тиешелүү чаралардын баары көрүлүүдө. Жергиликтүү тургундар көчөгө чыгып, митингдерге катышууга ниеттенишкен жок",- дешти ИИМден. Айылдык кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков SUPER.KG’ге:
"Өзбек тарап биздин 4 жараныбызды алып кетишкенине 10 күндөн ашты, алардын азыркы тагдыры белгисиз. Эртең Көчмөндөр оюндары башталса, андан кийин Курман айт... Бул маселени чечүү дагы бир канча убакка жылат. Маселени чечкиле, болбосо өзүбүз чечебиз"
деп оолуккан адамдар бар",- деп түшүндүрдү. Абал чындыгында эле кооптуу. Кармалган кыргыз жарандарынын биринин кызы "атам ушинтип эле келбей калабы..." деп ыйласа, биринин апасынын кан басымы улам жогорулап, кайра-кайра ооруканага түшүүдө. Бийлик Көчмөндөр оюндары менен алек, элибизде чек ара түйшүгү, ал эми өлкөбүзгө маселе жараткан коңшубуз так талашуу алдында... Азыр кыргызда эки доочу бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени дегендей абал...

5-сентябрь:
КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНАН КИЙИН КРЕДИТКЕ ТОЙ ӨТКӨРГӨН ЖАШТАРДЫН КЕЙПИН КИЙБЕЙБИЗБИ?

Президент Алмазбек Атамбаев жана 12-сентябрга чейин пленардык жыйындарын токтоткон Жогорку Кеңештин депутаттары Көчмөндөр оюндарында чер жазып жүрүшөт. Кыргызда "той болот, тойдун эртеси да болот" деген кеп бар. Бул жагынан алганда мамлекеттин эртеңине кам көрүүсү керек болгон бийлик төбөлдөрүнүн мындай аракеттери кыжырдануу жаратат. Үңкүр-Тоого байланыштуу чек ара маселеси чечилбей, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкууларды мына ушул шаан-шөкөткө жашыра коюшканы байкалууда. Ал эми бүгүн парламенттин комитеттик жыйынында депутат Аскарбек Шадиев 2016-жылдын бюджети аткарылбай калышы мүмкүн экенин айтып өкмөттү сындады. "Эгерде республикалык бюджет аткарылбай калса, анда биз өкмөт жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз",- деди депутат. "Көп мектептер салынып бүтө элек. Оорукана, жолдор боюнча да ошондой эле көрүнүш. Анткени өкмөт божомолду туура эмес коюп алып, биз ошол менен кетип жатабыз",- деди Шадиев. Мындан улам быйыл да бюджет таңсыктыгы келип чыгышы толук ыктымал. Көчмөндөр оюндарынан соң кредитке той өткөргөн жаштардын кейпин кийбейбизби деген суроо туулат...

6-сентябрь:
СИРИЯДАГЫ УЙГУР СЕПАРАТИСТТЕРИ ЖАРДЫРУУГА ЭМНЕГЕ КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮН ТАНДАШТЫ?

30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин дарбазасын унаасы менен сүздүрүп кирип, өзүн-өзү жардырып жиберген жан кечтинин ким экендиги такталды. Жардыруудан кийин айдоочудан да, унаадан да эч нерсе калган эмес. УКМКнын маалыматына ылайык, терактты Сириядагы уйгур террорчул топтору уюштурган. Жан кечти 1983-жылы туулган Тажикстандын жараны, улуту уйгур Зоир Халилов экендигин айтышат кыргыз чекисттери. Ошондой эле жардырууну уюштурууга тиешеси бар адамдар колго түшүрүлүп, кармала электерине издөө жарыяланды. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын жарандары бар. Буга чейин терактты уюштурууга уйгурлардын тиешеси бар болушу мүмкүн деген версиялар чын болуп чыгууда. Тээ Сириядагы уйгур террорчуларынан түшкөн буюртманын кыргыз, өзбек, тажик жарандарынын катышуусунда Бишкекте аткарылышы түркүн суроолорду жаратат. Террорчулардын дүйнөнүн туш тарабында орун алган Кытай элчиликтеринин ичинен Кыргыз өлкөсүндө жайгашканын тандашканы бул коопсуздукту камсыз кылуучу кыргыз күч органдарынын чабалдыгын көрсөтөт. Коргонуу жагы жогорку деңгээлде сакталган элчиликке кол салуу ишке ашып жаткан соң катардагы мекемелер жана башка эл көп барган жайлардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, анда кыргыз күч түзүмдөрү кантет?
Кыргыз жараны баштаган радикалдуу топ Казакстанда "11-сентябрды" кайталамакчы болгонун коңшу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Эске сала кетсек, 2001-жылы 11-сентябрда террордук топ барымтага алынган учактар менен Нью-Йорк шаарындагы дүйнөлүк соода борбору болгон эгиз мунараларды сүздүргөн. "Кыргыз жараны башчылык кылган топ Талдыкорган аба майданынан жарандык же аскердик учакты ээлеп алып, АКШда 11-сентябрда жасалгандай теракт уюштурууну көздөгөн. Чек ара кызматы менен Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнө жана муфтиятка чабуул жасамакчы болгон. Бири өзүн-өзү жардырууну пландап жүргөн",- дейт Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун башчысы Сакен Мынбаев. Буга чейин август айында теракт уюштурууга шектелип Алматы облусунда 4 адам кармалган, анын бири 1976-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны болчу...

7-сентябрь:
КАЗАКСТАН КААЛАСА БИЗДИ ИНТЕРНЕТСИЗ КАЛТЫРАТ

Кыргыз жергесиндеги интернет колдонуучулар үчүн күтүлгөн жагымсыз кабар иш жүзүнө аша баштады. Августта өлкөдөгү интернет-провайдерлер Казакстандагы компаниялар интернетти Кыргыз Республикасына жеткирүү баасын эки-үч эсе кымбаттатканы жатышканын жарыялашкан эле. Тарифтерди көтөрүү менен бир топ кардарларын жоготуудан чочулаган кыргыз интернет-провайдерлери казак интернет ташуучу компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мындан майнап чыкпагандыктан алар маселени чечүү суранычы менен Кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан. Өкмөт да жыйынтык чыгара албаганы байкалууда. Кыргыз компаниялары тарифтерди өзгөртө башташты. "Казакстандык өнөктөштөрүбүз интернеттин транзити үчүн бааны эки эседен көбүрөөк кымбаттатты. Алар менен буга чейинки келишимдерди сактай алган жокпуз. Мындан улам 2016-жылдын 1-сентябрынан тарта жаңы тарифтер киргизилди",- деген жагымсыз кабарды "Хомлайн" кыргыз провайдери жарыялады. Жакын арада "Акнет", "Мегалайн" жана башка интернет-провайдерлеринен да мындай маалыматты күтүүгө болот. Кыргыз жергесине интернет Казакстан аркылуу Орусиядан келет. Казакстандагы 4 интернет-провайдер монополия түзүп, транзиттин баасын негизсиз көтөрүп жатат деген жоромолдор бар. Кыргыз Республикасы 2015-жылдын август айында Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп кирген. Биримдикке кирерде бийлик "Кыргыз мамлекетинин алдында миллиондогон керектөөчүсү бар рынок ачылат. Кыргыздын тигүүчүсү, малчысы, дыйканы, эң негизгиси, Орусия менен Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранты жыргайт" деген эле. Биримдиктин курамына киргенибизге бир жылдан ашты. Жогоруда айтылган май көл менен сүт көлдүн бири да ишке ашкан жок. Казакстан илгери ар кандай шылтоолор менен кыргыз өндүргөн товарды чек арасынан өткөрбөй коюп келген, ал иштер дале уланууда. Орусияда мигранттардын абалы жыргап кеткен жок. Тескерисинче, элементардык коопсуздук шарттары жок иштеп чырактай кыздар тирүүлөй өрттөнүп кетишүүдө. Бүгүн кезек интернетке келди. Эртең дагы эмнеге келет? Казакстан кааласа бүткүл Кыргыз жергесин интернетсиз калтыра алат. Өкмөт дүйнөлүк желеге кошулуунун башка альтернативдүү жолдорун качан издейт?..

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан