Эмилбек Каптагаев, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси: "УШУЛ БАШ МЫЙЗАМДЫ ТЕБЕЛЕП КЕТСЕК, МЫНДАН АРЫ ЭЧ КАНДАЙ ЫЙЫКТЫК ЖОК БОЛУП КАЛАТ"

Президент Алмазбек Атамбаев өзү мүчө болгон Убактылуу өкмөт менен эки жаат боло тирешип турат. Коомчулукта да бүдөмүк суроолор көбөйүүдө. Андыктан биз бир кезде Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган Эмилбек Каптагаев менен баарлашып, суроолорго жооп издедик.

– "Көкөтөйдүн ашы – көп чатактын башы" демекчи, Эгемендик күнүндө президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү чоң саясий жаңжалдын башаты боло тургандай. Кыргыз эли үчүн улуу майрам күнү мындай сөздөр айтылышы керек беле?

– Чынын айтканда, эл башында турган адамдын мындай эмоцияга алдырып, "жарымы төгүн, жарымы чын, жалпы журттун көөнү үчүн" дегендей сөз сүйлөшү, айрыкча орунсуз жерде мындай кирди-чыкты сөздөрдүн айтылышы одоно эле көрүнүш болду, муну элдин баары айтып жатат. Бирок менин баамымда, бул сөздөр жөн жеринен айтылган жок, биз муну акыркы жылдарда өлкөдө жана эл аралык маселелерде болуп жаткан окуяларга карата, айрыкча ойлогон ойлор менен алдыга максат кылып койгон программалык ири иштердин ордунан чыкпай жатышы, көп иштердин теңирден тескери кетип, терс натыйжа берип жатканы да психологиялык фон түзүп, президентке, анын сөзүнө түздөн-түз таасир этип жатышы да мүмкүн. Ал эми Убактылуу өкмөттүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана референдум өткөрүү демилгесине каршылыгы кошумча болуп кетти го, "чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей.

– Азыркы кырдаалда силердин ушундай каршы пикир менен чыгууңардын артында кандай саясий кызыкчылыктар жатат?
– Бул окуяны мурдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ич ара чабышы, касташуусу катары кароого болбойт. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошол эле 2010-жылы бардык маселелер боюнча "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" биримдикте болгон эмес, ар ким өз алдынча пикирде, ар кимдин өз алдынча кызыкчылыктары болгон. Бир дагы жыйын тынч, азыркы өкмөттүн жыйынындай жипке тизгендей тартип менен өткөн эмес. Бардык принципиалдуу, мамлекеттин тагдырына түз таасир этүүчү чечимдер кызыл чеке болуп талашуунун, бири-бирибизге карата катуу талап коюунун натыйжасы болгон. Кимдир бирөө каршы болгон чечим адатта кабыл алынчу эмес. Анткени биз бардык чечимдерди мүмкүн болушунча консенсус тартиби менен, башкача айтканда, бардык мүчөлөрдүн пикирин эске алуу менен кабыл алабыз деп макулдашканбыз. Референдум боюнча пикирибиз келишпегени менен, биз президент Атамбаевдин душманы эмеспиз. Анын аман-эсен, сый-урмат менен эмдиги жылы ишин аякташына бизден өтө күйөрман болгон киши жок. Кайрылуунун артында бүгүнкү кырдаалга карата эч кандай саясий же башка кызыкчылык жок. Бирок биз референдум өткөрүүгө азыркы учурда эч кандай мыйзамдык негиз жок, 2010-жылы жаңы Конституцияны элге сунуш кылып жатып 2020-жылга чейин Баш мыйзамга тийбейли, он жыл ичинде жаңы саясий түзүм, жаңы саясий маданияттын алкагында иштеп көрөлү, ага чейин 3 жолу Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт, 2 жолу президент шайланат, элибиз дагы демократиялык шартка көнүп калат, өлкөдө саясатчылардын жаңы мууну калыптанат, мына ошол мезгилде ошол кездин саясий элитасы он жылдык тажрыйбага таянып, оош-кыйыштарын байкап туруп анан өзгөртүп, оңдоп-түзөп алсын деген макулдашууга келгенбиз. Бул ойго эч ким каршы болгон эмес. Эл да колдогон. Ушул жагдайды элге, депутаттарга айтып, президенттин эсине салып коюу биздин милдет болчу. Унчукпай коюуга мүмкүн эмес да, эртең эле айтып чыгышат да "убагында эскертип койсоңор мындай катачылык болмок эмес" деп. 2010-жылы 7-апрелде биз, Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү өлкө үчүн жоопкерчилик алганбыз, өз ыктыярыбыз менен. Ал жоопкерчиликти эч ким бизден алып салбайт. Кызматта болосуңбу же жокпу, ошол жоопкерчилик моюнда турат, мына ушул жагдайды коомчулук жакшы түшүнүүсү керек деп ойлойм.

– Борбордук аянтта президент сүйлөп жатканда экс-президент Роза Отунбаева трибунадан түшүп кетип калды, нааразы болгонун ачык билдирип. Роза Исаковнанын мындай кадамына карата оюңуз кандай?
Роза Исаковна абдан туура кылды. Ошол жерде ошондой сөздөрдү угуп тура берүүгө мүмкүн эмес эле. Чакан жыйындар залы эмес, борбордук аянтта биздин эл эле эмес, дүйнө жүзү карап турган учурда мындай кадам жасоого да эрк керек, терең саясий баам керек. Ар кимдин эле колунан келе бербейт. Аялзаты эмес, анча-мынча жүүнү бош эркек болгондо ошол жерде эки тизеси калтырап, өң-алеттен кетип, үн жок, сөз жок туруп бермек. Бул боюнча дагы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү дароо эле өз пикирибизди жарыя кылдык. Өңгө-өңгө, бирок эжеге карата мындай мамиле, мындай орой сөз болбошу керек эле, өкүнүчтүү окуя болду. Ошол кезде, 2010-жылдын башында оппозицияда жүргөн Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаровдун башы бирикпей, жыйын сайын тартыш болуп турганда Роза Исаковна баарын бириктирип, ортого түшүп турганын, анан 7-апрель түнү эмне кыларды билбей дендароо болуп турушканда башына туруп, ошол учурдун түйшүгүн, кан жуткан кайгысын энелик назик жүрөгү менен кабыл алып, эркектин колунан келбей турган милдетти аткарганын ким танат?! Намысына келип, Роза Исаковна эмдиги жылы кайра чыкса дагы эл колдоп, кайрадан президент болуп шайланарына ишенем. Эженин эл ичинде дагы, эл аралык деңгээлде дагы авторитети чоң.

– Роза Исаковнанын ошол учурда өткөөл мезгилге президент болуп шайлануусуна да шек келип, "самозванка" дегендей ой айтылып кетпедиби, референдумда "фокус" болгон деп. Бул маселе кандай чечилди эле?
– Эч кандай "фокус" болгон эмес. Ошол кездеги бул маселени талкуулап, чечкен адамдар турат го тирүү эле. Май айында өткөөл мезгилге президенттик кызмат ордун түзүү боюнча сунуш болуп, талкуулаганбыз, чечим кабыл алганбыз. Бул туура ой болгонун азыр президент Атамбаев деле моюнга алып жатпайбы. Мына ошол президенттик кызмат ордун түзүү жана ал кызматка Роза Исаковнаны дайындоо жөнүндө Убактылуу өкмөттүн чечими референдумга коюлган документтердин катарында болчу, азыр казып окусаңар деле турат жазылып. Эженин легитимдүү президент болгонун эч ким тана албайт, анткени ал чечим референдумда жалпы элдик добуш менен бекиген, эл аралык коомчулук, башка мамлекеттер тарабынан таанылган.

– Президент Алмазбек Атамбаев "менден кийин дагы бирөө бийликти менчиктеп, мурдагыдай жеке адамдын жана анын жакындарынын бийлиги орноп калбаш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизип, биротоло бышырып салайын" деп жатат. Ошондой тартип орноп калганынын эмнеси жаман?
– Ачыгын айтуу керек, президент шашылыш түрдө Конституцияны өзгөртүү керек деген оюн бир топ жүйө менен бекемдегенсип жатат, бирок анын бирөө да ынанымдуу эмес. Калпыс, жаңылыш ойлор. Мисалы, ал айтып жатат "... бир жылдан кийин шайлана турган жаңы президент Акаев менен Бакиевдин жолуна түшүп, өлкөнү тоноп, үй-бүлөлүк режим түзбөсүн десек, Баш мыйзамды өзгөртүш керек" деп. Бул жаңылыш ой. Баш мыйзамды өзгөртүшсө ага мындан ары эч ким тийбей, өзгөрбөй кала берет, кийинки бийлик ээлери ошол чектен чыкпай иштейт деп ким кепилдик бере алат? Мындай болбойт. Тетирисинче, көп адамдар, алардын ичинде эмдиги жылы бийликке келебиз дегендери дагы азыр Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө салынган мораторийди бузууга кызыкдар, алар ошон үчүн шыкактап жатышат, тезинен өзгөртө салалы деп. Аларга баары бир, азыр кандай өзгөрүүлөр кирет, иши кылып 2020-жылга чейин кол тийбейт деген тыюуну алып салууну көздөшүүдө. Алардын саясий кызыкчылыгы ачык эле көрүнүп турат. Канчалаган мекендештерибиздин каны кургай электе кабыл алынган Баш мыйзамды тебелеп кетсек, анда мындан ары эч кандай ыйыктык жок болуп калат. Кийинки бийликке келген адамдар каалагандай калчап, каалагандай бычууга укуктуу болуп калышат. Президент мына ушул жагдайды жакшы түшүнбөй жатабы деп ойлойм.

– Президент Атамбаев "мен Убактылуу өкмөт түзүүгө дагы, Конституцияга дагы, референдумга дагы каршы болгом, парламент аркылуу эле спикер шайлап алсак баары тынч өтмөк, балким, кан да төгүлмөк эмес" деген ойду айтты. Бул айткандары канчалык чындыкка жатат?
– Ошол учурда, 2010-жылдын апрель-июнь айларында Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп туруп Алмаз Шаршеновичтин кандайдыр бир принципиалдуу маселелер боюнча, айрыкча Убактылуу өкмөт түзүү, өткөөл мезгилдин президенти кызматын киргизүү, жаңы Конституцияны жалпы элдик добушка алып чыгуу сыяктуу маселелер боюнча көшөрүп макул болбой, каршы пикир айтканын уккан эмесмин. Апрель айынын 20-числолорунан кийинки жыйындардын бардыгынын стенограммасы архивде турат, кызыккандар алып окуп чыгышса деле болот. Ошондой эле коомчулукка кайрылып, каршы пикир билдиргенин деле билбейм, жалпыга маалымдоо каражаттарынан деле окуган эмесмин. Ошон үчүн эмнеге таянып ошондой деп айтып жатканын билбейм. Ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн "алар" анан "мен" деп экиге бөлүп айтып, "временщиктер" деп баса белгилеп жатышында, албетте, логикалык карама-каршылык бар. Кандай болгон күндө дагы "временщик" Атамбаевдин "временщик" Каптагаевден айырмасы асман менен жердей, анткени ал Роза Исаковнанын биринчи орун басары катары көп маселеге жоопкер эле, ыйгарым укуктары да чоң болчу. Атүгүл май-июнь айларында укук коргоо жана күч органдарын жетектөө дагы ал кишиге жүктөлгөн эле. Прокуратура, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги бүтүн бойдон колунда болгон. Анан кантип болгон окуялардан өзүн бөлүп айтат түшүнбөйм.

– Учурда айрым адамдар "президент Убактылуу өкмөттүн кай бир мүчөлөрүн камайт, саясий куугунтуктоолор башталат" деп да айтып жатышат. Ошондой эле "Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн ортосунда "компромат согушу" башталат, булар бири-бирин ала жатышат" деген да пикирлер бар. Сиздин пикир кандай, өзүңүзгө карата куугунтук болот деп чочуркабайсызбы?
– Чынын айтканда, азыр "Убактылуу өкмөт өз ара кармашып, бири-бирин ала жатса" дегендер четтен чыгат. Убактылуу өкмөттү жаманатты кылып президент Алмазбек Шаршенович дагы эч кандай баар таппайт, тетирисинче, "чапанчанды чапса көйнөкчөнгө доо кетет" дегендей, ал кишинин өзүнө дагы улам көп суроо жаралат, муну деле баары баамдап турат. Депутат Чолпон Жакупова жакында эстүү ой жазды, "эсиңер барда этегиңерди жапкыла, силердин чатактан мамлекетке зыян келет" деп. Туура ой. Ар кимде бар айта турган сөз, келтире турган факт. Бирок реалдуу мыйзам бузуулар болсо, ошол эле айтылган фактылар далилденсе, албетте, жоопкерчилик болууга тийиш. Бул жерде "бармак басты, көз кысты" кылууга болбойт. Мен бул ойго кошулам. Ошондой эле мага дагы кандайдыр бир суроо болсо, жооп берүүгө даярмын. Бирок ачык эле айта алам, уурдап алган, жеп алган эч нерсем жок, Кудай алдында дагы, эл алдында дагы жер карап уяла турган маселе жок. Азыр мен жөнүндө ар кандай ушактарды таратып жаткан айрым гезиттерге боорум ооруйт. Баары унутулганда дагы абийир деген бар, абийир сотунан эч ким кутула албайт, ушуну эстеринен чыгарышпаса.

"2011-жылы инаугурациядан кийин президенттик креслого Алмазбек Атамбаевди отургузуп жаткан учур".


Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан