Канаданын Монреаль шаарында өткөн "А" классындагы эл аралык кинофестивалда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Атанын керээзи" тасмасы "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алды.
Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп жеңишке жетишкен жаратуучулардын бири Бакыт Мукул: "Бул биздин гана эмес, бүткүл кыргыз элинин сыйлыгы. Анткени бул кино жаатындагы сыйлыктын эң жеткен чеги. Кинофестиваль 25-августтан 5-сентябрга чейин уланды. Бизге виза ачылбай, ал жакка бара алган жокпуз. Ошентсе да эмгекти баалап, биздин тасманы жеңүүчү деп табышыптыр. Бул толук метраждуу киного 5 миллион сом сарпталып, башкы ролдорду Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева жана мен жараткам. Фильм кыргыз элинин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга, ата салтын даңазалоого багытталат,- дейт кубанычы коюнуна батпай. Кошумчалай кетсек, Бакыт Мукул "Боз салкын", "Белгисиз маршрут", "Ак бас" жана башка кинотасмаларда роль жараткан.