ЖАҢЫРТТЫКПЫ, ЖАҢЫЛДЫКПЫ? ЖЕ ЭСКИ ЫРЛАРДЫН ЖАҢЫ ӨМҮРҮ

Жылдыздар турмушунан

Угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармаларды жаш муун бүгүн өз стилине, үнүнө ылайыктап жаңыртып ырдап келатат. Эски ырлар жаш жылдыздардын аткаруусунда жаңы өмүр таптыбы же кор болуудабы? Бул суроолорго жооп издөө үчүн профессионал адамдардын ой-пикирлерине таяндык...

«ЭСИМДЕ»
Эски ырларды жаңыртуу эң жакшы нерсе. Бирок ал ырдын өзүнчө жаралуу тарыхы бар. Балким, ар бир сабында, ыргактарында автордун кайгысы, сүйүнүчү, сүйүүсү, жашоо турмушу баяндалгандыр. Автор ичиндеги бугун ыргактар менен чыгаргандыр. Анан эле ошол ыргактарды, саптарды бузуп башка дүйнөгө алып барып салуу кайсы адамдын маанайын түшүрбөсүн? Мисалы, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокуевучурда Атай Огонбаевдин “Эсимде” ырын аткарып жүрүшпөйбү, Сапар Сопубеков менен Назми. Булар Атайдын атын атап ырды ырдап башташат да, эки саптан соң таптакыр бул ырга тиешеси жок, өзүнчө эле башка бир чыгарманы аткарышат. Бул нерсе Атайды колдонуучулук эмеспи?!” деген нааразычылыгын жашырган жок.

«АЙНАШ»
Албетте, адамдын баарына жага албайсың. Ошентсе да музыка сынчыларынын ичинен азыркы ырлардын аранжировкасына тийишкендерди көп байкай элекпиз. Ыр жагына келе турган болсок, Замир Арыкбаев менен Съездбек Искеналиевдин учурдагы элди шаңга бөлөгөн, бийге да түшсө жарашчудай ырларынын бири – “Айнаш”. Бирок аталган ырдын көп ноталарын бузуп ырдашкан. Бул боюнча аранжировкачы Мирлан Ниязов «кооздойт десе эле обонун өзгөртүп, оюна келгендей кыла беришпей туура ырдашса...» деп мисалга Съездбек менен Замирдин «Айнаш» деген ырын атап өттү.

«ЖАЗЫМ КЕЛЧИ»
Учурдагы эстрада ырчыларынан жагымдуу, уккулуктуу, таасирдүү ырлары менен Гүлнур Сатылганова өзүнчө бөлүнүп турат. Гүлнур эжебиз ырлардын тексттерине да чоң маани берет. Ырларынын ар бир сабы адамды жакшы жакка тарбиялайт. Бирок ошол эле учурда нотадан чыгып ырдаган да ыры бар. Ал Жолдошбек Мамажановдун “Жазым келчи” деген ыры. Ырчы болом деп талпынган жаштарга вокалдан сабак берип жаткан Анарбек Ибраев:Гүлнур ырды ийине жеткире ырдаган. Бирок аяк жагын кичине бурмалап жиберген. Гүлнурдун таасири чоң да. Мен сабак берген кыздар дал Гүлнурду туурап ырдашат. Анан мен ал жагы андай эмес, мындай деп үйрөтөм”,- дейт өз сөзүндө.

«ЖОЛУГАРЫМ БИЛГЕМИН»
Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугарым билгемин” ыры кимдин гана жүрөк кылдарын дирилдетпейт. Анан да бул ырга кайрылган ырчылардын да саны аз эмес. Жадакалса корей улутундагы Алексей Пак дагы бул ыр аркылуу элге таанылууга белсенди. Башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде сүйлөп же ырдап койсо эле мактап жатып калмайыбыз бар. Ырды бузуп аткаруу мактоодон да айрымдардын ашыкча кыжырын келтирет. Акцент менен ырдагандарды уккан авторлор көзү тирүү болсо, нааразы болгондон башка эмне дешмек?..

«ТУУЛГАН ЖЕР»
Туулган жер, сүйүү, аялзаты, ата-эне, наристе – өлбөс-өчпөс тема. Учурда деле түбөлүк темаларга кайрылып ыр жазган акындар, аларга обон жараткан обончулар көп. Бирок эмнегедир эски ырларга жетпегендей таасир калтырат.
“Туулган жерим, асыл турагым,
Сезимимде өчпөс чырагым.
Симфония болсоң сен эгер,
Нота болуп сага турайын...” деген саптары бар “Туулган жер” деген ыр кимдин гана жан дүйнөсүн козгоп, патриоттуулукка үндөбөйт. Бул ырды Сапар Эркебаев да жаңыртып ырдап чыккан. “Дагы эле баягы, чоң атамдын таягы” дегендей, Сапар дагы ырды аткарууда баштапкы обонун өзгөртүп ырдап койгону баарыбызга маалым.

«ПАРИЗАТ»
Эски ырларга жаңы өмүр берүүнү кийинки муундун милдети катары карасак туура болот. Анткени бир кезде эл жүрөгүнөн түнөк тапкан, ыр күйөрмандары кыңылдап ырдагандан тажабаган ырлар унутулуп калбашы үчүн муундан-муунга өткөрүп ырдоо чыгармачыл адамдардын парзы. Бирок чектен аша чабуу терең ойлонбогондук. Мисалы, сиз деле байкасаңыз керек, радиолордон “Паризат” тобунун “Паризат, ой” деген ырынын берилип жатканын? Аталган топто жалаң кыздар. Бул боюнча Маданият агенттигинин директору Ибрагим Жунусов: «Качан эле кыздар кыздарды эркелетип, кыздын атын айтып ырдачу эле? Анан да ноталары бузулган. Эми мындайлар көп»,- дейт.

“Сууну сиңген жерге төк, Сынды көтөрө билгенге айт” деген даанышман адамдардын учкул сөзү эске келет. Жогоруда аты аталган ырчыларыбыз айтылган сөздөрдү туура кабыл алат деген ойдобуз. Чынында баштапкы обонду бузуп, нотадан чыгып ырдоо санап келсек дээрлик көп ырчыларда бар. Алардын баарын тизмелеп жазып, саймедирей берсек кагаз бети чак келбечүдөй.

Сүйүн Кулматова, Махабат Догдурбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Адам
2010-03-12 18:12:51
Сапар Сопубеков менен Назми эми чындыгында "Эсимдени" былжыратып өлтүргөн. Алексей Пак "Жолугарым билгеминди" для интерес ырдаган. Сапар Эркебаев болсо эми такыр эле бовойт. Эч кайсы ыры бир жарытаарлык дегенге жатпайт.
0
KubaBuba
2010-03-16 17:32:47
Эски ырлырдын паркын кетирбей ырдай алган ырдаш керек. Жылдап суйулуп келеген эски ыр 3 мунотто суйулбой калышы мумкун. Элге жагыш учун эле, эски ыр деп эле ырдап чыгаберишсе баары анда бир 20 жылдан кийин биздин убагыбыздан эмне калат же ошол эски ырларды ырдап журушо береби? Меним оюмча ырчы деген озун ичинден жыгарып ыр жазыш керек. ошол эле эски ырчылар коп нече жыл мурун азыркы ырчылардай эле болушкан. Айырмасы заман, менталитет, жетишуу жана коз караштар озгорулгон!!!!! Бизден да кийинки
0
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан