Буга чейин Элмирбек Иманалиев менен Гүлбү Ороскул кызынын тун кызы Айзуура Иманалиева диктор Мирзат Муканов менен кыз-жигит экенин кабарлаган элек. Бул эки жаш Гүлбү айымдын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" деген ырынын клибине да тартылышкан. Эми минтип күркүрөгөн күз айында баш кошуп, дүркүрөтө той берип элдин батасын алалы деп жаткан кези. Кызын узатып, кайнене болуу алдында турган Гүлбү айым: "Кудайым буюрса, той жакында. Кызымды узатууга ичим ачышканы менен, Мирзаттай уулдуу болот экем деп өзүмдү сооротуп жатам",- дейт. Эки жаштын үлпөт тоюн биринчилерден болуп "Супер-Инфо" гезитинен окуй аласыздар.