Орусиялык "Кухня" аттуу комедиялык сериалга тартылып белгилүү болгон Жаңыл Асанбекова Инстаграмдагы өздүк баракчасына тарыхый тасмага тартылып жатканын жазып чыкты. "Тарыхый тасмага тартылууну кыялданчу элем. Орусиялык кинокомпания тарта баштаган "Александр Пересвет-Куликово эхо" аталышындагы тасмада мен Мамайдын жубайынын ролун жаратам",- дейт актриса.