БИР БҮРКҮМ

  • Айбек Карымовдун "Туулган күн" деген ырын ырчылар РОЗА ШАКИРОВА, АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, АЗИЗА жаңылап ырдап чыгышты.

  • Төкмө акын АЗАМАТ БОЛГОНБАЕВ Кырчын жайлоосунда өткөн эл аралык айтышта баш байгени эңип кетти.

  • Ырчы САМАРА КАРИМОВА "Асылкечим", "Ой, булбул" аттуу ырларына клип тарттырып бүттү.

  • БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА менен АЙПЕРИ СЫДЫКОВА "Ламбада" ырын кыргызчалап ырдап чыгышты.

  • АЙПЕРИ КУБИК КЫЗЫ суу астында клип тарттырды.

  • САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА жакында сахнада жүргөнүнө 15 жыл болгонун белгилеп жеке концертин тартуулайм дейт.

  • Актриса АЛИМАН ДҮЙШЕНАЛИЕВА режиссёр Ырыс Жоо­-мартованын "Шаардык келин Шарапат" комедиясында баш каармандын ролун жаратты.

  • Бишкек шаарында 21-23-сентябрь күндөрү "МЕКЕНГЕ ТААЗИМ" аталышындагы жаш жазуучулардын адабий фестивалы өткөрүлөт.

  • ГҮЛЗАДА РЫСКУЛОВА "Айкөл Манас" аттуу ырына клип тарттырууда.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 723, 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан