"Керектүү буюм менен гана жаша!" Минималисттер дал ушундай ураан менен өмүр сүрүшөт. Алар керексиз буюмдардан арылуу менен өздөрүн бактылуу сезип, мындай кадам ийгиликке жол ачат деп ишенишет. Биз бул сапар дизайндагы минимализм дегенге токтолобуз.
МИНИМАЛИЗМ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Бул – жашоо стили, багыт. Артык баш буюмсуз жашоо десек жарашат. Дизайндагы минимализмге келсек, ал баарынан мурун жөнөкөйлүгү менен айырмаланат. Үйдө керектүү буюмдар гана калтырылып, пол, дубал менен шыптын өңү көбүнесе көзгө урунбаган ак, боз, көгүш түстө болот. Бул стиль менен жашагандардын арасында япондор эң атактуу келишет. Аз, бирок саз болсун дешет алар.
ЭМНЕ ҮЧҮН ЭСКИДЕН АРЫЛУУ КЕРЕК?
Анткени алар өзүндө өткөн эмоцияны, эскерүүнү сактап жүрөт делет. "Эмоционалдык казык" түшүнүгүндө үйдө көп жылдар бою пайдаланылбаган буюм болсо, аны колдонгон сайын эски жашоо сизди имерип алгандай болот. Биздин көз карашыбыз, ой толгообуз жашообузду өзгөртүүчү факторлор. Ал эми ой жүгүртүүнү жаңылаш үчүн таштандыдан арылыш керек.
Эгерде эскинин ордуна жаңы келсин десеңиз, анда колдонбой калган буюмду жоготуңуз! Колдонбогон буюмуңузду ыргытып жатып "балким, жаңы алганга акча таппай калам" деп ойлобостон, эскини ыргытсам, жаңы буюм алганга акча табам деңиз.
ЭМНЕДЕН БАШТАЙБЫЗ?
Колдонулбай калган буюмдарды аныктап алыңыз.
Алдын ала тизме түзүп, атайын бир күндү белгилеп, таштандыдан арылуу күнүн жүргүзүңүз.
Үйдү тазалоодо алгач узак убакытка сакталуучу буюмдардан баштаңыз. Буюм жылдар бою сакталып, бирок ал колдонулбаса, анда керексиз буюмга айланат.
Эгерде ыргытууга көңүлүңүз кыйбай жатса, туугандарыңызга же тааныштарыңызга бериңиз. Ошондой эле аны жаңыртып да колдонсоңуз болот. Эң башкысы ал сизге кызмат кылышы керек.
Керексиз буюмдар менен коштошуучу эң жакшы мезгил – бул жай айлары. Себеби жайында сиз үйүңүздү актап, сырдап гана тим болбостон "таштандыдан" да тазалайсыз.
Керексиз буюмдар үчүн чоң кап алыңыз. Эми өзүңүзгө "27 даана керексиз буюмду ушул мүшөккө салам" деген тапшырма бериңиз. Жакшылап караңыз, сиз көп жылдан бери колуңузду тийгизе элек буюмдар абдан көп. Алар жукпай калган калем, жакпай калган кийим, окулуп бүткөн гезит жана башкалар болушу мүмкүн.
Таштанды үчүн тумбочка бөлсөңүз да болот. Ал жакка колдонулбаган, бирок ыргыткыңыз келбеген буюмдарды чогулта бериңиз. Аны 1 айда бир тазалап туруңуз. Күн сайын кечинде таштандыдан арылууга 10 мүнөт убакыт бөлүңүз. Жыйынтыгы сиз күткөндөй болот.
Бекер эле ыргыттым деп капа болуунун кажети жок. Мейли аз эле буюм, бирок сапаттуу жана сиз колдоно турганы болсун. Мунун жакшысы – көп ичинен керектүүсүн издеп убара болбойсуз.
Учурда буюмдарды мода кууп алуунун зарылчылыгы жок. Себеби сиз жаңы алдым деген нерсе бат эле модадан өтүп кетет. Андыктан сизге зарыл болгон буюмду гана алыңыз.
Минимализм бир гана таштандыдан арылууга үйрөтпөстөн, убакытты жана акчаны үнөмдөө адатыңызды калыптандырат.
Жазгүл Кенжеева
kenesh@super.kg