Кыргыз кыздарынын өмүрүн алган Москвадагы өрт окуясы чырактай кыздарынан айрылган ата-энесинин, бир туугандарынын, дегеле жалпы журттун эсинде түбөлүк сакталары белгилүү. Мына ошол кырсыкта жабыркагандар менен кыздарды куткарууга көмөк көрсөткөн биздин мекендештерибиз окуя тууралуу айтып беришти.
«АЗЫР ДЕЛЕ ОШОЛ ӨРТ, КЫЗДАР ЭСИМЕ КЕЛЕ БЕРЕТ»
Өрт учурунда куткаруучулар тарабынан аман калган Кызбурак Калбай кызы кырсык тууралуу буларды айтып берди:
-Ошол басмаканага жумушка киргениме 2-3 гана күн болгон. Каза болгон Гүлбара Бообекова менен чогуу иштечүмүн. Гүлбара эже мага жумуштан жардам берип, билбегендеримди үйрөтүп турчу. Иштеген кыздар менен чогуу мен да түнкү нөөмөттө иштеп, аны өткөрүп, чечинүүчү бөлмөдө болчубуз. Баш-аягы отуздай кыз болсо керек. Анан эле «өрттөнүп жатат» деген сөздү уктук. Ошол учурда эшикти ачсам 4-кабатты түтүн каптап калыптыр. Жанымдагылар «эшикти жап» деп кыйкырышты. Мага эптеп эшикке чыгыш керек деген ой келди. Чынында нес болгондуктан кантип чыгып кеткенимди билбейм, өлгүм келген жок. Моюн орогуч менен бетимди ороп, өрттү аралап чуркап чыктым. Ал учурда биз иске уулана баштаган экенбиз. Сыртка чыгып баратып башым менен бир нерсеге урунуп алып, өзүмдү жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем, үстү жак түтүн, асты жагында аба бар экен, ошондон бир аз дем алып, эс-мас абалда эшик издеп жөнөдүм. Өзүмдү өлүп калган окшойм деп ойлодум. Анткени аябай коркуп калганда эс-мас боло берет экенсиң да. Бир убакта балдардын чечинүүчү бөлмөсүнө барып калыптырмын. Ал жактагы жигиттер жерге түшүш үчүн кийимдерди байлаштырып жатышыптыр. Аба жетпей баштаган учурда бир жерим сынса дагы мейли, аман калышым керек деп терезеден секирүүгө аракет кылдым. Бирок балдар мени секиртпей кармап турушту.
Жигиттер «жардам бергиле» деп кыйкырышканда ары жактан өрт өчүрүүчүлөр унаанын шатысын алып келип мени алып түшүштү. Анан эле ооруканага алып барышты. Бир аз эсиме келгенде жанымдагыларды карасам, чогуу иштеген кыздар көрүнбөйт. Сураштырсам, алар каза болуптур дешти. Алар да менин артымдан чыгышты деп ойлогом. Өрттөн колум, чачым күйдү. Кулактарым да бир аз күйдү. Азыр караңгы кирсе эле ошол өрт, кыздар эсиме келе берет. Түнкүсүн уктай албай калдым. Дагы деле өзүмдүн аман-эсен экениме ишене албай жатам.
«КОРКТУМ, БИРОК ӨЛӨМ ДЕП ОЙЛОГОН ЖОКМУН»
Өрт учурунда кыздарга жардамга келгендердин бири Азамат Акматов ошондогу абал тууралуу айтып берди:
-Мен ошол өрттөнгөн басмаканада 1 жылдан бери иштеп жүргөм. 26-августта да күндөгүдөй эле түнкү нөөмөттө иштегени чыккам. Эртең менен жуунуп-тазаланып жатсам эле чогуу иштеген балдар чуркап келишти «күйүп жатат» деп. Ошол жердеги балдар өрттөнүп жаткан жерге чуркап барып, өрттү өчүргөнгө аракет кыла баштадык. Аңгычакты өрттөнүп жаткан имараттын ичинен «башка да кыздар калып калды» деп кыздар ыйлап, кыйкырып чуркап чыгышты.
Чындыгында аларды куткарып калууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби ал жак аябай түтүн болуп, киши киргенге болбой калган. Төртүнчү кабатка көтөрүлүш керек болчу. Ошол жердеги балдар шаты менен 4-кабатка көтөрүлүп, 2 жигит менен 2 кызды куткарганга жетиштик. Куткарылган кыздардын бири ооруканага жетпей каза болуп калды. Калган эки жигит менен бир кыз: Кызбурак Калбай кызы, Уларбек Исраил уулу, Нурмухамед Кадыржанов азыркы тапта ооруканада дарыланып жатат деп уктум. Андан кийин кечке ошол жерде болдук.
Иштеп жүргөн учурда биринчи кабатта иштеген Жаңылмырза Коргонбай кызы менен Кыял Алабердиева деген каза болгон кыздар менен мамилем жакшы болчу. Алар ак көңүл, жакшы адамдар эле. Алар ошол жакшы сапаттары менен менин эсимде калды. Өрт учурунда өзүм аябай корктум, бирок өлөм деп ойлогон жокмун. Болгону башыма өрттөн кантип куткарыш керек деген эле ой келди.
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги бизди сыйлайт экен деп уктум. Бирок өзүмдү эрдик кылып салдым деп эсептебейм, анткени ал жакта чогуу иштешкендериң чыркырап күйүп жатса кантип жардам бербей туруп аласың?! 10-сентябрда бир косметикалык компания үчөөбүзгө: Таалайбек Марип уулу, мен жана Адыл Шакировго Ардак грамота тапшырып, белектерин берип, биргеликте курман болгондорго куран түшүрдүк.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg