ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ТЕХНОЛОГИЯДА

Фича
– англис сөзүнөн бизче которгондо «өзгөчөлүк, мүнөздүк белги» дегенди түшүндүрөт. Орус тилинде фича көпчүлүк учурда программалардын, мобилдик түзүлүштөрдүн жакшы жагын, өзгөчө функцияларын сыпаттоодо колдонулат. Ошондой эле компьютер оюндарын сүйүүчүлөрдүн, программисттердин оозеки баарлашуусундагы негизги жаргондордун бири. Биз айтып жүргөн «фишка» сөзү менен «фичанын» мааниси бир эле. Акыркы мезгилде лексикада фича сөзүн оозеки гана эмес, жазуу түрүндө да колдоно башташты.

ИЛИМДЕ

Тьютор
– билим берүү тармагында окуучу же студент менен жеке иштешкен адис. Окуу процессинде адис окуучу менен жеке иштеп, практикага көп көңүл бөлөт. Анын кызыкчылыктарын эске алат. Тьютор бир эле мезгилде логопеддин, психологдун, дефектологдун да ишин аткарат. Ошондуктан билимин жогорулатууну каалагандар бул жааттан да кошумча билим алышат. Бүгүнкү күндө тьютор менен иштешүү бала бакчаларда, мектептерде гана эмес, жогорку окуу жайлардын окутуу системине да киргизилген. Мисал катары Англиянын Кэмбридж университетин алсак болот.

ИНТЕРНЕТТЕ

Вайн
– бул 2 секунддан 20 секундга чейинки кыска ролик. Ал жашоодогу кызыктуу учурду чагылдырат. Мындай видеону тарткан адамды вайнер деп аташат. Термин мобилдик тиркеме Vine аталышынан алынган. Бул тиркеме 6 секундга чейинки видеону жаздырууга, жүктөөгө мүмкүнчүлүк берген. Вайнерлердин падышасы катары KingBach саналат. Анын социалдык баракчасына 12 миллиондон ашуун адам катталган. Вайн тиркемеси 2012-жылы "Twitter" компаниясы тарабынан сатып алынган.

Бактыгүл Момбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан