Манас Ниязов, улакчы: «ТАЙ КАЗАНГА УЛАК ТАШТОО ҮЧҮН КҮЧ ЭМЕС, АКЫЛ КЕРЕК»

«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши». Бул макал белдүү улакчыбыз Манас Ниязовго айтылгандай. Ал ат үстүндө шамалдай ойноп, улакты алып баратканда уламыштарда айтылган баатырларга окшоп кетет. Ат тай казанды көздөй ылдамдыкта барса дагы улакты таамай таштап, оңтойсуз абал болсо улак менен өзү да казанга кирип кетет. Аны атсыз көрсөң катардагы эле кыргыз жигити. Аз сүйлөгөн, көп күлбөгөн, бир мүнөздүү улакчы менен кыска-нуска маек курдук.

УЛАКЧЫ ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү
– Манас Ниязов
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 27-апрель
Туулган жери – Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылы
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 83 килограмм
Билими – Орто
Үй-бүлөдө – 7 бир туугандын кичүүсү, бойдок
Жетишкендиктери – 2016-жылдын 9-май күнү болгон оюнда «Мыкты чабуулчу», Нооруз майрамында «Мыкты оюнчу», II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында «Мыкты чабуулчу» аталган.

– Манас, сен Өзгөндөгү белгилүү улакчылардын үй-бүлөсүндө чоңойдуң. Агаларыңды ээрчип эле улакчы болуп кетсең керек?
– Атам жаш кезинде улак тартчу экен. Аны көрүп 4 агам улакчы болду. Мен да 10 жашымдан тартып улакка кызыгуум артып, 16 жашымда «Кожомкул» командасына кошулуп көк бөрү ойной баштадым. Башка кесипти тандоо да, каалоо да менде болгон жок.

– Жаныш, Байыш деген агаларың өткөн жылы чоң той берип, Ош-Бишкек жолунда тыгын болду эле...
– Агаларымдын бири балдарына той берген болчу. Тойго эл аябай көп келди. Торпок улактын байгесине 5 машина, 5 ат, 25 тай коюлган. Мындай тойду 2-3 жыл мурун бир депутат берген эле.

– Спорттун башка түрүнө кызыгасыңбы?
– Футбол ойноп коём.

– Сен торпок улак дагы тартасың. Чет мамлекеттерде болгон улак тартыштарга барып турасыңбы?
– Тажикстан, Өзбекстанга барып улак тартып турабыз. Жаныш, Байыш деген агаларым ал жакта да таанымал. Чоң байгелерди алып жүрүшөт.

– Улакчы болуп эч ким туулбаса керек. Мыкты улакчы болуу үчүн эмне кылуу зарыл?
– Улакчы болуу үчүн кызыгуу керек. Ат үстүндө бекем жана шамдагай болуу абзел. Анан тынбай улак тартып туруу зарыл. Чыдамкай болбосоң ат оюндарын ойной албайсың.

– Балбан адам тамакты көп жейт. Сенчи?
– Ашыкча деле тамак жебейм. Көбү улакчы күчтүү болуш керек дешет. Акыл менен шамдагайлык болбосо кара күчүң эч нерсе чечпейт. Менден «спорт залга барып машыгасыңбы?» деп көп сурашат. Тай казанга улак таштоо үчүн кара күч эмес, акыл керек.

– Улакчы үчүн аргымак да маанилүү. Атты эмнесине карап тандайсың?
– Улакчынын атагы чыгуусуна 70 пайыз аргымактын салымы бар. Мага чоң, күлүк аттар жагат. Көк бөрү ойноп баштагандан бери эки ат алмаштырдым. Амадор деген аргымак менен 4 жыл улак тарттым. Азыр минип жүргөн аргымагымдын аты Бойка. 10 миң долларга сатып алгам. Аны өзүм багып, таптайм. Ал менин, мен анын сырын билем. Бул оюн учурунда абдан жардам берет.

– Автоунааны катуу ылдамдыкта айдаган жагабы же аргымакты катуу чапканбы?
– Атты кандай ылдамдыкта чапсам, унааны да ошондой айдайм. Ылдамдыкты сүйгөндөрдүн катарына кошулам.

– Көк бөрүдө кайсы позицияда ойногон жагат?
– Чабуулчу.

– Бир жылда канча байге аласың?
– 2015-жылы бир сезондо торпок улактан 10 төө, 30 тай, 5 автоунаа алдым.

– Сен тай казанга улак менен кошо секирип кетесиң? Ден соолугума залал келет деп кооптонбойсуңбу?
– Ал көнүмүш адат болуп калды. Оюндун кызуусу менен андай учурларда бир жериңдин ооруганын билбейсиң. Бардыгы эртеси күнү билинет.

– Көчмөндөр оюндарынын финалындагы казак боордоштор менен болгон оюн кандай өттү?
– Оюн курч болду. Утулуп калбайбызбы деген кооптонуу болду. Оюн болор күнү түнү менен уктай албай чыктым. Бул оюнга 2 ай машыкканбыз, натыйжасы биз күткөндөй болду. Көчмөндөр оюндарында жалпысынан 10 улак таштап, «Мыкты чабуулчу» аталдым.

– «Мыкты чабуулчу» болгондон кийин «Тамашоу» долбооруна калыс болдуң. Калыстык кылган кандай экен?
– Мурун «Тамашоуну» көрчү эмесмин. Ошондуктан калыс болуу аябай оор болду.

"Кээде аттын ылдамдыгын токтото албай улак менен кошо тай казанга түшүп кетем".


"Мага күлүк, чоң аттар жагат. Минип жүргөн атымды 10 миң долларга сатып алгам".


"Тамашоу" долбоорунда калыстык кылуу оор болду".


Султан Төрөбеков
Алишер Алиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ere
2016-09-19 09:38:13
азаматсын Манас
+10
ayildik_kiz
2016-09-19 11:23:33
Озгондун дагы бир мыкты жигити
+4
aiba_00
2016-09-19 11:24:50
Улакчылар деле бай болот турбайбы,улак тартып журушуп. Бирок ото коопту го, ат менен чогу жыгылган учурларды коргондо корком, колу буту моюндары сынып кетпесе экен деп.
+9
aytkulova
2016-09-19 12:22:00
Жердеш го))
+2
piramida
2016-09-19 12:59:18
Озгоон алга.
+2
jemile
2016-09-19 21:17:18
Бул Месси, Роналду турбайбы?
+7
rukopashnik
2016-09-21 13:27:34
Акыл эмес биринчиден күч керек,анан акыл керек...
Акылың жетет да улакты ошол тайгазанга ташташ керек экенине,а күчүң жок болсо каякта таштайсың,35 кг көтөрө албай жыгыласың.
Бирок эр жүрөк экенсиң азамат.
+1
joysin777
2016-09-22 11:16:37
rukopashnik,ким билет менда улакчы дегенде чоон адамдарды элестетчу элем Манасты коруп тан калдым тактикасы кучтуу негизи бирок менда бирок сендей ойлойм Манас ошончолук тарамыш тырышчаакт кычкачтай кармаган колдору менен коп ийгилике жетишет ой жугуртуусуда катуу бирок ал экинчи орунда болсо керек деп ойлойм
0
joysin777
2016-09-22 11:31:30
мен озу видеого тартылган маекти куттумеле мейли жоктон коро жогору
0
MIRBOLOT
2016-09-23 09:54:55
Манас баатырдай эле бар экенсиң, аты да Манас, заты да Манас дегендей, бар бол, элибизде намыска жараган сендей эр-азаматтар көп болсун!
+1
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан