10-сентябрда Спорт Ордосунда «Тамашоунун» командалары SUPER.KG`нин кубогу үчүн ат салышты. Таймаш «Универсал», «Brooklyn», «Ала-Тоо», «Элестет», «Ассорти» командалары арасында өттү. 1-орунду «Универсал», 2-орунду "Brooklyn" командасы ээлесе, 3-орунга "Ала-Тоо", 4-орунга "Ассорти" жана "Элестет" командалары тең чыгуу менен ээ болушту.
SUPER.KG 10 ЖАШТА
SUPER.KG порталы аркылуу алыста жүргөн миңдеген мекендештерибиз өлкөбүздө болуп жаткан коомдук урунттуу окуялар, элибиздин жашоо-турмушу тууралуу маалыматтарды алып келишет. Ошондой эле ар кайсы чөйрөдө ийгилик жараткан атактуу инсандар менен кызыктуу маектер, хит болуп жаткан ыр-клиптерди да биринчилерден болуп аталган порталдан табууга болот. Тез арада кыргыз тилдүү сайттарды басып өтүп, алдыга озуп чыккан маалымат-маанайшат порталы быйыл 10 жашка чыгып отурат. Мунун урматына уюштурулган SUPER.KG`нин кубогу үчүн жарыш кызуу жүрдү. Бул ирет калыстар курамында өзгөрүүлөр көп. Алсак ырчы Назгүл Токтакунова, SUPER.KG порталынын директору Айсулуу Алимбекова жана II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрүнүн жылдызы, белгилүү улакчы Манас Ниязов бул күнү командаларга өз баасын берип отурушту. Оюндун жыйынтыгында алдыга озуп, кубокко «Универсал» курама командасы ээ болсо, Бали аралына жолдомону команданын капитаны Калыбек Турдубаев илип кетти. Сулуулар сынагында баткендик сулуунун ролун катыра аткарган Калыбектин өзбек көйнөгү менен маасысы эле бир тайлык болду. Ал эми анын таштап кеткен жигитине арнаган ыры залдагыларды «жарды». 2 саат бою элди зериктирбеген тамашаларга сиз да бир жылмайып коюңуз.
«САЛАМДАШУУ»
Силерде «качать» этип белди чыгарабы? А Баткенде «качать» этип сууну чыгарат.
Бири чаар баштык, экинчиси чемодан сүйрөп алган жигиттердин маегинен.
Чемодан сүйрөгөнү: – Эй, сен бул баштыгың менен каякка жөнөдүң?
Чаар баштыкчаны: – Балиге.
– Сен Балиге эмес эле Баткенге жөнөгөнсүң го.
– Сен бул баштыкка асылба, бул мага чоң атамдан атама, атамдан улуу байкеме, улуу байкемден кичүү байкеме, андан мага тийген. Бул деген эмгек сиңирген баштык! Сен өзүң чет өлкөгө чыккансыңбы?
– Жок.
– Бул баштык Орусияга 7 жолу барып келген. Сага караганда көптү көргөн.
(«Ассорти»)
– Сенин кличкаң ким?
– «Дрыщ».
– А картайганда ким болот?
– «Бырыш...»
Селсаяктар бири-бирине куда түшүп келишет.
– Силерде гүл бар экен, бизде булбул бар, ошого кондуруп койбойлубу?
– Түшүнгөн жокмун, өзүбүздүн тилде эле сүйлөңүзчү.
– Силерде баштык бар экен, бизде баклажка бар, салып койбойлубу?
– Салса салып коёлу, «кыздын барар жери баштык» дейт.
– Келгиле анда, эки жашка бата берип биз жыла берели.
– Ай, бир аз коё турбайт белеңер, саат 7де «мусорный» КамАЗ келет, «ужин» ичип кетмексиңер...
(«Ала-Тоо»)
(«Brooklyn»)
Гүл сатып жүргөн блондинка Атыркүл эже орус жигитке тийишип:
– Мага апамдар кичинекей кезимде «тентек кылсаң сени орустар алып кетип калат» дечү. Мен азыр деле тентекмин...
(«Brooklyn»)
«КИМ ТАПАН?»
Бектемир Мамаюсупов
– Нью-Йоркко качып кетсек эле түшүнөт го дейм.
(«Ала-Тоо»)
– Бишкекте кандай билбейм, бирок бизде «апа, мен катын алам» десең эле түшүнөт.
(«Универсал»)
– Кыздар Көчмөндөр оюндарына катышса кайсы мелдеш боюнча жарышмак?
Назгүл Токтакунова
– Улуттук чач тартыш.
(«Ассорти»)
– Сиз катышсаңыз көк бөрү эмес, сапсары бөрү болмок.
(«Ала-Тоо»)
– Кыздар ал спортко катышкыча көчмөндөр тарап кетмек.
(«Brooklyn»)
Жазгүл Кенжеева
Алишер Алиев
star@super.kg