Малика Бердибекова, Манас Бердибековдун жубайы: "УШАК КЕПКЕ ЭМЕС, МАНАСКА ИШЕНИП ЖАШАДЫМ"

Күйөрмандарынын эсинде болсо керек, Манас Бердибеков сахнага чыккандан көшөгөгө кирип кеткиче боорубуз эзиле каткырчубуз. Жараткан куудулдан талантты аябаганы менен, өмүрүн кыска кылып койгон экен. Мындан 15 жыл мурун кырчындай 45 жашында, чыгармачылыгы толкуп-ташып турган кезде куудул дүйнө салган. Кыргыздын жөнөкөй уулу катары эскерсек, 23 жыл бирге жашаган өмүрлүк жары Малика Бердибекова экөөнүн ортосунда чоң сүйүү болгон деген кептер айтылат. Маек учурунда Малика эже өткөн күндөрүн эстеп бир сыйра каткырып, бир сыйра ыйлап алды.

"МЕНИ ДОСТОРУ "КОБРА" ДЕШИПТИР"

­­- Кара-Суу райондук Маданият үйүндө 1981-жылы жигиттерден түзүлгөн "Мурас" деген эстрадалык топ ачылып калды. Мен ал кезде Маданият үйүндө ооз комуз чертчүмүн. Бир жолу репетицияга үстүңкү кабатка чыгып бара жатсам тепкичтен бирөө токтоп калды. Мага жол бошотуп жатат го деп көңүл бурбай чуркап кеттим. Репетиция кылалы деп жатсак улам бир жигит эшикти ачып бизди шыкаалап каткырып коюшат. Көрсө, тепкичтен мага жол бошоткон Манас экен, ал мени жакшынакай кыз экен деп карап калыптыр. Топтогу балдарга айтса, "кана, көрсөтчү, кайсы кыз?" деп мен кирген эшикти шыкаалап жаткандагылары тура. Мени көргөндө "бул кыз эмес, баласы бар келин. Анын үстүнө эч ким менен сүйлөшкүсү келбеген "кобра" деп каткырышыптыр. Ошондо Манас "көрөсүңөр, ал "кобраны" мен баш ийдирем" деп айтат. Ошол күндөн тартып Манас менин турмушума жакындан аралаша баштады. Бирок мен аны сезбей, кесиптеш катары эле кабыл алчумун. Бир жолу Маданият үйүндөгүлөрдү бир нече топко бөлүп гастролго жөнөтүштү. Манас "бул биз менен ырдайт" деп жетекчилерди укпай мени машинага салып кетти. Дагы бир жолу "Мурастын" балдары сыйлайбыз дешкенинен барсам жетекчи экөөбүздү эле чакырышыптыр. Кыскасы, ушинтип эле жүрө бердик. Мен анда Манасты мыкты куудул катары баалап калгам.
Күндөрдүн биринде кызуу болуп келиптир. "Ичип алып келбесем айта албайт экем. Сени көптөн бери жактырып жүрөм, баш кошолу. Мен деле аппак эмесмин, мынча аял алгам, мынча балам бар",- деди. "Мен да сен жөнүндө угуп жүрөм, биринчи мага эми эч ким менен жүрбөйм деп сөз бер",- дедим. Ал кезде мен күйөөм менен ажырашып жүргөм. Манастын туугандары да, меники да каршы чыгышты, ошого карабай баш кошуп жашап калдык.

"БАЛАБЫЗ ТОКТОБОЙ КОЙДУ"

- Кара-Сууда өкмөттөн мага берилген үй бар эле, ошол жерде жашап калдык. Манастын чыгармачылыгына байланыштуу борборго көп каттачубуз. Бир жолу Борончу Кудайбергеновдун үйүнө келдик. Кечинде Манастар сатира жазабыз деп кетишкен, Борончунун келинчеги да жок болчу. Жалгыз жатсам эшиктин алдында 2 колун бөйрөгүнө таянып саксайган бирөө турат. Чаңырып тура калып, жарыкты сыйпалап жүрүп араң күйгүздүм. Кошуна орус аял экен, "Тез жардамга" телефон чалып алайын деп келиптир. Боюмда бар болчу, чочуганымдан улам козголуп калган экен. Эртеси ооруканага көрүнбөй туруп машина менен Кара-Сууга жөнөп кеткенбиз. Ошентип боюмдан түшүп калды. Удаасынан бир нече жолу боюмда болду, бирок сактай албадык. Кудайга шүгүр, Манастыкын, меникин кошкондо 7 балабыз бар. Балдар азыр деле бир туугандардай катташат. Манас каза болгондон кийин бир кызы пайда болду. Телефон чалып, "мен Манастын кызымын, сен атамды өлтүрдүң, эми мен сени өлтүрөм" дейт. "Манас өлгүчө келбейт белең, анын кызы экениңди кантип далилдейсиң?"- десем, "Рахман Разыков далилдейт",- деди. "Манастын сакталуу каны бар, сеники менен салыштырып текшерели, кел" дегем, ошону менен экинчи телефон чалган жок. Чын эле кызыбы же кызы эмеспи билбейм.

"МЕНИ ЖУРНАЛИСТТЕН КЫЗГАНЫП..."

- Канчалаган ушак-айыңдар айтылды, бирок бир гана Манаска ишенип жашадым. Бир жолу ал үйдө уктап жаткан. Бирөө телефон чалып "мен Фрунзеден чалып жатам, күйөөң кечинде мени менен болгон, азыр үйдө уктап жатат, алып кетпейсиңби" дейт. Ал кыз кандай максатта чалды түшүнгөн жокмун. Мындай ойдон чыгарылган сюжеттер да бизди бөлө алган жок. Рахман да ар кайсыны айта берчү. Анан "Рахман айтып жатпайбы, ошондой болуптур го" десем, "сен Рахманга ишенесиңби же магабы?" деп койду, ошондон кийин кыздар тууралуу кеп козгогон жокмун. Мен да эркектер менен абайлап сүйлөшчүмүн. Бир жолу борборго келип Жаныбек Алыкуловдун үйүндө жашадык. Манас сырттан келгенде эле үйдөгү телефон шыңгырап калды. Сүйлөшүп туруп "ме" деп трубканы мага карматып койду. Менден интервью алган журналист жигит экен. Ал менин бала-чакамды, мен аныкын сурап бүтүп, аягында жөн турбай "мейли, дагы жолугабыз" деп койгом. Манастын жини келгенсип калган. Тамак ичип бүтүп туруп бара жатсам эшиктин айнеги күбүлүп түшүп калды. Көрсө, туруп кеткенимде Манас мени чыны менен бир уруптур. Ал мага тийбей эшикке тиет. Ваннага кирип алып бир саат эшикти ачпай таарындым. Ошондо ал мени журналисттен кызганганын түшүндүм.

"КЕСИПТЕШТЕРИ КЕНЕДЕЙ ВРЕМЯНКА АЛЫП БЕРИШКЕН"

- Куудулдар чогулуп концерт коюп, түшкөн акчага Бишкектен үй ала башташкан. Манаска алып беришкен үйүн көрөйүн деп барып аябай ыйладым. Ага чейин алгандардыкы жакшынакай эле үйлөр болчу. Бизге Ала-Тоо конушунан полу топурак, түрмөнүкүндөй кичинекей терезеси бар времянка алышыптыр. Анда бул конушка үйлөр жаңы түшө баштаган. "Жок, Манас мындай үйдө жашабайт, ал чыгарма жазышы керек, анын үстүнө балдар менен кыйналабыз, акчасын бергиле",- дедим. Ортомчу аялдарга 15 миң сом берип коюшкан экен, кайрыганда толук беришкен жок. Анын үстүнө акча кошуп шаардын четинен эки кабат үйү бар дача алдык. Манас ошол жерге көчүп баргандан тарта чыгармачылыкка катуу киришти, жакшы сатиралар жазылды. Мен анын концерттерин уюштурууда жардам берип, кассир боло баштадым. Акыркы концертинде афишаларга катышат деп берилгенине карабай Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Жамбыл Камчиев келбей койду. Манас туталанып, аябай капа болду. 5 күн коюлган концерт аншлаг менен өттү. Ошентип түшкөн акчага Бишкектен 3 бөлмөлүү үй алдык. Өлөрүн билген окшойт, ал үйдү мага каттатыптыр, аны кийин билдим.

"ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРБЕЙМ ДЕГЕНИМДИ ЭЧ КИМ УККАН ЖОК"

- Манас 2001-жылдын 2-сентябрында Көлгө куудулдар менен гастролдоп кетти. 5 күндөн кийин таң эрте кыйналып ойгондум. Жүрөгүм түпөйүл тартканынан Жаныбек менен кошо Көлгө барайын деп үйүнө жөнөдүм. Дарбазадан кирсем Бек (ред. Борбиев)менен Жаныбек отуруптур. "Манас бир аз ооруп калыптыр" дешти, "ачыгын айткыла, эмне болду?" десем, өлгөнүн угузуп жатышпайбы. Такыр ишенген жокмун. Көлгө эмне болуп жеткенимди деле билбейм. Караколдогу концертинен кийин Бөкөнбаев айылына конокко келишип, Манас ошол жактан үзүлүптүр. Барсам диванда жатат, бетин жаап коюшуптур. Ачсам эки колу көкүрөгү тушта катып калыптыр, көзү, оозу кичине ачык. Мени ар кимиси ар кайсы жакка сүйрөп, дары ичирип, бетиме суу чача беришти. Манасты экспертизага бербейм деп жаткам, мени уккан жан болгон жок. Болбой эле алып кетишти.

"МАГА АЗЫР ДЕЛЕ КЕЛИП КАЛЧУДАЙ СЕЗИЛЕТ"

- Өлгөн кишинин каны токтош керек эле, туулган жери Базар-Коргонго жеткиче Манастын кийими, төшөгү чылпылдап кан болуп барды. Бөкөнбаев айылындагы экспертиза панкреатиттен каза болду дешти. Анын жыйынтыгын Караколго да жиберишиптир, ал жактан башка жыйынтык чыгарышты. Эмне болуп өлгөнүн Кудай, анан бир өзү билет. Эмнесин айтайын, жакшы күндөр көп болду, бирок ичте арман калды. Көпкө чейин өзүмө келе албай, эшик тыкылдагандай, бирөө кирип келгендей болуп жүрдүм. Азыр өзүмө келгеним менен, көчөдөн элесин издеп, бир бурчтан чыга калчудай боло берет. Манастан ажырагандан берки өмүрүм аны күтүү менен өтүп келет.

"Экөөбүздүн жашыбыз тең, 27 жашыбызда баш кошконбуз. Көзү тирүү болсо быйыл 60ка чыкмак".


"Манас жанда жок ак көңүл, берешен, бала кыял эле. Концерттерде бирөө менен акча эсептешип көргөн эмес. Кыйналган бирөөнү көрсө акыркы тыйынын карматып кала берчү".


"Базар-Коргон акимчилигине, жергиликтүү кеңештин депутаттарына рахмат. Манастын эстелигин ошол райондук Маданият үйүнүн алдына коюшту. Быйыл 60 жылдык юбилей концертин беребиз. Кесиптештеринен Кубик Калыков уюштуруу иштерине жардам берүүдө".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
М.Бердибекова: “Манасты куудулдар менен катыштырбай койгонум чын”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nura.1012
2016-09-19 11:59:57
Эн мыкты куудул таланттуу адам болчу,жаткан жери жайлуу болсун.Манас байкедей куудул чанда чыгат,олгондон кийин башкалардын концертин анча коро бербейм.
+12
Alixan-Nookat.2015
2016-09-19 13:41:28
Абдылда,Рахман,Жамбыл агаларыбыз коро албайт окшойт эле концертине келбей койсо ал эми уюштуруу иштерине Кубик эле жардам берип жатса.
+24
paula.90
2016-09-22 20:20:56
Alixan-Nookat.2015,мен дагы ошондой окшойт деп ойлоп калдым,анан концерттеринде Манас досум деп калааты сүйлөшөт...
+2
Medina87
2016-09-19 19:57:27
Жаткан жери жайлуу болсун!
Мыкты куудул эле козун жымшыйтыып кулгону укмуш эле ээх....
+6
Kroxa
2016-09-19 22:19:08
Ошол учурда ушак чыкты эле короалышпайт Манастан башкасы жакшы уйлорду алып кезеги жеткенде веремянка алып берип,,кудай бардыр,коруп тургандыр,,,
+6
tatynam_88
2016-09-20 03:33:32
Санжардын апасыбы?
-1
Miroslav
2016-09-20 10:22:55
Санжардын апасы эмес,Куудулдун,Алла Таала булжагы кызык болдугоо,карасам баары эле экиекиден баратат,мендагы айтканга деле так не удобно деп айткан сатирасын эстеп кулуп калабыз.Талантту куудул болчу,жайы жаннаттан болсун.
+2
MIRBOLOT
2016-09-23 09:28:27
Негизи эле адамды күлдүрүүгө караганда, ыйлатуу оңой, Манас Бердибеков бүтүндөй залды, элди "жарчу" да! Өзгөчө "Жалпак жөжөсү", "Кроссворду" эстен кетпейт ко
+1
babushka1510
2016-09-24 13:48:23
Жакшы адамдар аз жашайт окшойт
+1
Shekerbek05
2016-11-21 20:47:05
акимчилик жергиликтуу кенештин депутаттары бир тыйын кошкон эмес баары жалган
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан