Плагиаттык – искусстводо катаал кылмыштардын бири. Уурдалган ырдын сөзү, обону үчүн көп ырчылар мыйзам алдында жооп берип, миллиондогон акчага чөнтөгү жукарган. Биздин ырчылар арасында да ырдын обону же кайырмасынын кайрыктары чет өлкөлүк музыкаларга окшошконун баамдап калган чыгарсыз. Бүгүн ошол чет өлкөлүк ырлардан уурдалган кыргыз ырларын тизмектеп көрөлү дедик.
АРСЕН: "МУЗЫКАДА 7 ЭЛЕ НОТА БАР, АЙРЫМ КАЙРЫКТАР КОКУСТАН ОКШОШ БОЛУП КАЛАТ"
Ырчы Арсендин "Тагдырың сага жазганда" аталышындагы чыгармасынын обонун SUPER.KG порталынын колдонуучулары америкалык Bayje деген ырчынын "Find A Way" ("Багыт табуу") деген ырынын көчүрмөсү деп жазышууда. Америкалык аткаруучунун ырын тыңдап көрсөк чындап эле обонунда бир топ окшоштук бар экен. Анан да ал 2009-жылы жарыкка чыгыптыр. Ал эми Арсен 2012-жылы ырдап чыккан. Чыгармасы плагиат же плагиат эмес экенин билүү максатында Арсенге байланышканыбызда: "Тагдырың сага жазганда" ырымдын сөзү Кундуз Качкынбаевага, обону Мирбек Атабековго таандык. Болгону аранжировкасы Bayje деген ырчынын ырынан алынган. Мен муну плагиат деп эсептебейм, музыкада өзү 7 эле нота бар, айрым кайрыктар кокусунан окшош болуп калат. Ушул эле аранжировка башка элдин ырларында колдонулушу мүмкүн. Сурагандарга мен "аранжировкасы чет өлкөлүк ырчыныкы" деп айтып келем. Негизи плагиат ырларга көз карашым терс. Эгер музыкасын же сөзүн толугу менен окшоштуруп ырдап жаткан болсо башканыкы деп эле айтыш керек",- деди.
АНЭЛЬ "ТАБА АЛБАЙСЫҢ" ДЕГЕН ЫРЫН КАЗАКТАРДАН ТАПКАН
Учурда тынымсыз радиолордон жаңырып популярдуу болуп жаткан ырчы Анэлдин "Таба албайсың" деген ырын угуп калган чыгарсыз. Мына ошол чыгарма сөзү, обону менен кошо казакстандык белгилүү ырчы Алишер Каримовдун "Таба алмайсың" деген ырынан алынган. Кыргызстанда популярдуу болуп жаткан ырлары тууралуу казак ырчысы жакында эле жергиликтүү басылмаларга берген маегинде: "Чет өлкөлүк артисттердин уятсыздыгына нааразымын. Албетте, автор катары КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болуп жатканым кубандырат. Бирок баары бир аткаруучуда этикет болушу керек. Азыр интернет бар, ал жактан каалаган адамыңды тапсаң болот. Мындан ары менин ырларымды аткаргысы келген кошуна өлкөлөрдүн ырчыларына жок дегенде менин социалдык тармактагы баракчама жазып коюусун өтүнөт элем",- деп билдирген. Ошондой эле маекте биздин ырчы Анэль Алишер Каримовдон уруксат сурабай чыгармасын аткарып жүргөндүгү тууралуу айтылат.
Ырчы кыз Анэлге байланышканыбызда: "Мен бул ырды автордон сурап эле ырдап жүрөм. Менеджери менен сүйлөшүп турабыз. Бул тууралуу кененирээк кийинчерээк айтып берем азыр сыркоолоп жаткам",- деген жообун айтты.
"ЖАШОО СОНУН, КАРАЧЫ!" ИНДИЯЛЫКТАРДАН УУРДАЛГАНБЫ?
"До+Фа-2" тасмасына саундтрек катары ырдалып жүргөн Чолпонай менен Арсендин аткаруусундагы "Жашоо сонун, карачы!" чыгармасы индиялык "Мүмкүн болбогон сүйүү" тасмасына жазылган "Alisha" деген ырга баштан-аяк окшош экенине бир угуп чыккандан кийин эле ынанасыз. SUPER.KG порталынын колдонуучулары ырдын плагиат экенин билгенден кийин "чет өлкөлүктөрдү туурап ырдабай изденбейсиңерби" деген сын-пикирлерин жаадырышкан. Аталган индиялык тасма 2010-жылы жарыкка чыгып, саундтректи Анушка Манчанда менен Салим Мерчант деген ырчылар аткарышкан. Ал эми биздин ырчылар 2013-жылы ырдап чыкканын билебиз.
Лунара Бекиева
star@super.kg