КАРАТЭ БУЛ – ЖАШООНУН МЕКТЕБИ

Кубандырганы, бизге почта, интернет, СМС аркылуу көптөгөн каттар келип турат. Ошондой каттардын ичинде “спорттун каратэ деген түрү боюнча маалымат берип койсоңуздар” деген сунуш, өтүнүчтөр да бар эле. Андыктан бул жолу Чыгыштын атактуу уруш өнөрлөрүнүн бири тууралуу чакан маалымат беребиз.

КАРАТЭ ДЕГЕН ЭМНЕ?
“Каратэ” бул 2 сөздөн турган япон термини: “кара” (куру) жана “тэ” (кол), башкача айтканда, куру кол менен мушташуу ыкмасы. Мында кол эле эмес, дененин башка мүчөлөрү менен да түрдүү ыкмаларды ишке ашырса болот. Ошондой эле каратэнин жогорудагыдан башка чечмеленүүсү да бар. Башкача айтканда, “жаман ойлордон алыс болгон кол” деген. Бул деген каратэнин бирөөнү сыйлоо, адилеттүү мамиле жасоо, өзүңдөгү жек көрүү сезимин ооздуктап билүү деген эрежелеринен келип чыгат.
Каратэ бул – адам денесин чыңдап, духун бекемдеп, өзүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен жүрүп отурган жол. Каратэ менен машыгууда адамдардын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу гана эмес, жаратылыш менен гармонияда болуусу да каралган. Бир сөз менен каратэ спорт түрү гана эмес, жашоонун образы, жашоонун мектеби.

ТАРЫХЫНАН
Айрым маалыматтарда каратэ Кытай менен Японияга жакын жайгашкан Окинава аралында жаралагандыгы айтылат. Аралдын жашоочулары каратэни япон баскынчыларына каршы күрөшүү үчүн ойлоп табышкан. Бул өнөр Японияга XX кылымдын башында ооп келе баштайт. Ошондо аралдын жашоочулары жумуш издеп Японияга көчүп, өздөрү менен кошо каратэни да ала келишкен делет. Каратэнин негиздөөчүсү деп Фунакоси Гитин эсептелет (1929). Каратэ дүйнөгө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кеңири жайыла баштаган.

ТҮРЛӨРҮ
Каратэнин 3 түрү бар: ката, кумитэ жана тамэшивари. Ката өзүнө түрдүү стойка, кыймыл-аракет жана ыкмаларды камтыйт. Мында атаандаш менен контакт жок. Андагы мушташты өз көлөкөсү менен болгон мушташты элестетсе болот. Кумитэде болсо катадан айырмаланып, спортчуга реалдуу атаандаш каршы турат. Бирок мында деле атаандаш менен контактка барбай эле мушташуу жагы да каралган. Кумитэнин кантактсыз, жарым контакт жана толук контакт деген 3 түрү белгилүү. Ал эми 3-түрү бул – тамэшивари, тактап айтканда, түрдүү нер- селерди сындыруу.

ФИЛОСОФИЯСЫ
Каратэнин философиясынын маңызын бирөөгө зордук-зомбулук көрсөтпөө идеясы түзөт. Каратэнин башкы эрежелери – эч качан биринчи болуп кол салбоо жана адамдарга зордук көрсөтпөө, тескерисинче, зордук-зомбулуктун алдын алуу болуп саналат. Каратэни үйрөнүп жаткан адам эч качан бирөөгө карата күч колдонуп, зордук көрсөтө албайт. Андайда жаратылыш менен гармония бузулат делет. Көптөгөн эл аралык улуттук ассоциацияларда каратэ менен машыгып баштаган окуучулар үйрөнгөн ыкмаларын коргонуудан башка максатта колдонбоону айтышып, атайын ант беришет. Чыгыштын каратэ мектептеринде каратэ менен диндин да байланышы бар. Бирок каратэ динден көз каранды эмес. Анын эрежелеринин биринде “баары Жаратканды сыйлоого милдеттүү, бирок андан көз каранды эмес” деп айтылат. Алсак, медитация каратэге динден кирген.

ЭМНЕ ҮЧҮН ОЛИМПИАДАДА ЖОК?
Каратэ бүгүнкү күндө да олимпиадалык программага кириши мүмкүн болгон талапкер-спорт түрлөрүнүн бири. Азырынча анын кабыл алынуу маселеси ачык бойдон калууда. Кабыл алынышына башкы тоскоолдук катары каратэде спортчулардын жаракатка кабылуу коркунучу жогору экендиги болуп турат. Мындан тышкары каратэнин бири-бирине баш ийбеген стилдеринин, федерацияларынын көптүгү да каратэнин олимпиадалык спорт түрүнө айлануусуна терс таасирин тийгизүүдө.

АТАКТУУ КАРАТЭ ЧЕБЕРЛЕРИ
Атагы алыска кеткен Голливуд актёрлорунун арасында кезинде каратэ менен машыккандары да бар. Алар – Чак Норрис, Стивен Сигал, Жан-Клод Ван Дамм, Марк Дакаскос жана Дольф Лундгрен. Аталгандардын ичинен каратэ менен профессионалдык деңгээлде Норрис, Ван Дамм, Лундгрендер алектенишкен. Өзгөчө Норристин жетишкендиги мактоого татыктуу. Ал каратэ боюнча Дүйнөнүн 7 жолку чемпио­ну болуп саналат.


КАРАТЭ КЫРГЫЗСТАНДА

Издеген суроолорубузга жооп издеп, КРнын косики каратэ федерациясынын вице президенти, курама команданын башкы машыктыруучусу ЛЕОНИД КОГАЙГА кайрылдык.

– Леонид Николаевич, алгач өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз, каратэге кантип келип калгансыз?
– Мен каратэ менен 22 жашымдан бери алектенем. Анда үй-бүлөбүз менен Ленинградда жашачубуз. Ага чейин грек-рим күрөшү менен машыгып жүргөм. Анан Евгений деген досумдун таасири менен дзюдого кызыга баштадым. Ага мен да дзюдого кызыгып жатам, мени да тарт десем, “кой дзюдону эмне кыласың? Андан көрө жаңы чыгып келаткан каратэге бар” деп, каратэ менен алектенип калышыма себепчи болуп калган. Анан өзүм да кызыгып кеткем. Кыргызстанга келгениме 10 жыл болду.
– Каратэ Кыргызстанга качан келген?
– СССРде каратэнин тарыхы расмий түрдө 1978-жылдын 13-ноябрынан башталат. Кыргызстанда кайсы жылы федерация түптөлгөндүгүн так билбейт экенмин. Кыргызстанда каратэ спортунун түптөлүшүнүн башында тургандардан болуп Тейфуров, Исмаилов, Обозов, Турусбеков, Болотбеков мырзалар эсептелет.
– Кандай жетишкендиктер менен мактана алабыз?
– Талашсыз түрдө эң чоң жетишкендигибиз бул 2003-жылы Японияда өткөн Дүйнө чемпиондугундагы ийгилигибиз. Ошондо Кыргызстандын атынан 2 гана спортчубуз барып, дүйнөлүк даражадагы мелдештен жеңиш менен кайтышкан. Таалай Эсеналиев алтын медаль тагынса, Бек Бөкөтаев күмүш медалга татыган. Учурда кыргыздан чыккан жалгыз Дүйнө чемпиону Таалай Эсеналиев КРнын Кинсико каратэ федерациясынын президенти болуп саналат.
– Өлкөбүздө кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат?
– 2008-жылы сентябрда 20дан ашуун спорт федерацияларынын катышуусунда биринчи жолу уруш искусствосунун фестивалын өткөрдүк. Ал фестиваль 2 максатты көздөгөн. Биринчиден, спорттук федерациялар арасында карым-катнашты күчөтүү, тажрыйба алмашуу. Экинчиден, спортту пропагандалоо. Фестивалдын катышуучулары көргөзмөлүү чыгуулары аркылуу элди өзү алектенип жаткан спорт түрүнө болушунча тартууга аракет кылышкан.


Жергиликтүү кабарлардан

Вале тудо

НОКАУТТАРДЫН АЧЫК ЧЕМПИОНДУГУ
6-7-мартта Бишкектеги "Стронг" бокс жана фитнес борборунда Кыргызстандын 3-ачык чемпиондугу өткөрүлдү. Ага өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген командалардан тышкары коңшу Казакстан жана Түркмөнстандын да эр урушчулары катышышты. Мелдештин өзгөчөлүгү ага 7 жаштагы өспүрүмдөрдөн тарта спортчу кыздарга чейин катышкандыгы болду. Катышуучулардын саны 200дөн ашып, 2 күн ичинде 150дөн ашуун былчылдашкан беттеш өттү. Чоңдор арасында төмөнкү спортчулар чемпион аталышты: Жолдошбай уулу Абдырашит (55 килограмм, УДПКР), Өмүрбеков Рустам (60, "Стронг"), Манас Коноков (65, Алыш), Рустем Капалов (70, Дене тарбия академиясы), Эмилбек уулу Руслан (75, Дене тарбия академиясы), Абдраим Рахманов (80, Ош), Жээнбек уулу Тилек (+80, "Самбист").

Футбол

ДАГЫ БИР ЛЕГИОНЕРИБИЗ ПАЙДА БОЛДУ
Канттык “Абдыш-Атанын” футболчусу, КРнын 2009-жылкы сезонунун мыкты чабуулчусу наамынын ээси Антон Землянухин жаңы сезонду казакстандык “Кайраттын” курамында өткөрөт. Бул тууралуу 9-мартта АКИpress маалымат агенттиги маалымдады. Алматылык команданын жетекчилиги аны курамына кошуп алууну Түркиядагы машыгуу сборунан кийин билдирген. Анда Антон өзүн жакшы жактан көрсөтө алган. Ошентип, азырынча чет өлкөдө ойногон футболчуларыбыздын саны 2ге жетти. Жыл башында дордойчу Мирлан Мурзаевдин орусиялык "Локомотивдин" курамына кошулгандыгы маалым.


Эл аралык кабарлардан

Бокс

ХАТТОН ЧОҢ СПОРТТОН КЕТТИБИ?
Жакында британиялык ММК­лар Рикки Хаттондун бокс­тон кеткендигин жазып чыгышкан. Буга жооп кылып мушкердин өзү таркатылган мындай маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, ал спорттон кетпейт, машыгууларды жөн гана убактылуу токтоткон. Бирок учурда кайрадан мурдагыдай калыпта машыгууларга киришти. Ал азыр кезектеги беттешин ким менен өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маалыматтар боюнча ал Хуан Мануэль Маркести беттешке чакырып, андан чемпиондук курду тартып алууну максат кылган.

ВАЛУЕВ КЛИЧКОДОН КОРКТУБУ?
Профессионалдар арасында WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугу үчүн Виталий Кличко менен Николай Валуевдин өз ара беттеши болбой калды. Ал үстүбүздөгү жылдын 29-майына пландаштырылган. Беттештин үзгүлтүккө учурашынын себеби катары эки тараптын гонорар жагынан келише албагандыгы айтылууда. Эми Виталийдин кезектеги атаандашы польшалык Альберт Сосновский болмокчу. Бул беттеш качан болору тууралуу азырынча так маалымат жок.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 384, 12-18-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан