Инстаграм жылдызы Эльдана Сатыбалдиева: "КҮНҮГӨ 100ДӨЙ АДАМДАН СЫН УГАМ"

Күлкүлүү видеолору менен Инстаграмда жарым миллион окурман топтоп популярдуулугу артып бараткан Эльдана Сатыбалдиева eldana_foureyes деген ат менен белгилүү. Уялчаак, телефондон көзүн албай, кулагынан наушник түшпөгөн Эльдана Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиевдин кызы экенин көпчүлүк билбесе керек.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү
– Сатыбалдиева Эльдана Элмурзаевна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, айы, күнү – 1995-жыл, 3-август
Билими – Малайзиядагы Тэйлорс университетинин массалык телекоммуникация факультетинде 2-курста окуйт
Кошумча өнөрлөрү – Фортепианодо, гитарада ойнойт
Жеке жашоодо – Жигити бар, турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элек
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын ортончусу

– Эльдана, кандайсың? Инстаграмда эң көп окурманы бар видеоблоггерсиң, айтсаң, бул иш-аракетти эмнеден улам баштагансың?
Кандайсыздар? Инстаграмга видео жүктөөнү мындан үч жыл мурун баштагам. Бул кызыгуум Малайзияда окуп жүргөндө башталды. Мүнөзүм түнт, адамдар менен тил табышып кетүүм кыйын болгондуктан ал жактан досторду деле таба алган жокмун. Бош убакта өзүмдү-өзүм алаксытыш үчүн видео тартып Инстаграмдагы баракчама жүктөй баштадым. Видео жүктөгөндө досторумду белгилеп, алар өздөрүнүн досторун белгилеп, айтор, ошентип жүрүп эле көбүнө тарап кетти. Карасам көпчүлүгүнө жагыптыр. Ошондон улам дайыма видео жүктөөнү адат кылып алдым, кызыгуум да күчөп кетти

– Башында мынчалык популярдуу болуп кетериңди билбесең керек?
Башында аудиториям мынчалык кенен болуп кетерин билген эмесмин. Чынында видеолорумду жүктөөдө көп окурман чогултууну максат кылган жокмун. Анан да мени көбү вайнер дешет, мага бул сөз көп жакпайт. Мен өзүмдү кадимки эле Инстаграмга такай видеолорун жүктөп турган "инстаграмчымын" деп эсептейм. Элге "комик" катары таанылгым келет.

– Видео тартууда идеяны кайдан аласың?
Көбүнчө жашоодон алынат. Достор менен отурганда бир тамашаны баштап каткырып отуруп калганда анын баарын бир видеого чогултса болорун баамдап калам. Атайын сценарий жазып же болбосо башка видеоблоггерлерге окшоп бир жумада мынча видео тартышым керек деген план койбойм. Учурда Инстаграмдагы бир эле баракчамда 500 миң окурманым бар. Окурмандардын агымы көбүнчө мен жаңы видео жүктөгөндө көбөйөт.

– Эмне үчүн eldana_foureyes деген никти тандап алдың?
Мен бул никти мурун Твиттерде отурганда эле ойлоп тапкам. Элдана – атым, ал эми foureyes – "төрт көздүү же көз айнекчен адам" дегенди түшүндүрөт. Мен дайыма көз айнек тагынып жүрөм. Мурун көрүүм начар, -8 болчу, көзүмө операция жасаткандан кийин жакшы көрүп калдым, бирок баары бир көз айнексиз жүрө албайм.

– Концерттик кечелерди, иш-чараларды алып барып берүү сунуштары түшөбү?
Жок, алып баруучулук менин форматым эмес. Сахнадан аябай корком. Жадакалса азыр да камеранын алдында уялып жатканымды байкасаңыз керек. Мага көбүрөөк видео тартып, өзүм менен өзүм иштешкен жагат. Досторумдун арасында гана ачык-айрыммын. Эгер видеону көчөдөн тарта турган болсок, элдин баары кетип, көчө бош калганда тартылам.

– Жарнама демекчи, сен да түрдүү буюмдарды жарнамалап каласың. Бул ишмердүүлүгүңдөн түзүк эле пайда тапсаң керек?
Ооба, жакшы эле табам, канча табарым сыр бойдон калсын. Жарнама боюнча сунуштар көбүнчө казакстандык компаниялардан түшөт. Жакында эле өзүмдүн баракчамда статистика жүргүзгөм, ошондо менин окурмандарымдын 68 пайызын казактар түзөт экен, ал эми кыргызстандыктар 13 пайызы эле болду. Андан кийин Орусия, Кытай, Малайзия, АКШдан болуп чыкты.

– Балалыгыңда ким болууну кыялданчу элең?
10-класска чейин дарыгер болом деген кыялым бар болчу. Анткени мектепте биология жана химия сабактарын жакшы окучумун. Бирок кийинчерээк мындай кесип мага оорчулук жаратат го деп ал оюмдан кайттым. 5 жыл кыргыз-түрк "Айчүрөк" кыздар лицейинде окудум. Андан соң Малайзияга окууга грант утуп алгандыктан ойлонбой эле кетүүгө макул болдум.

– Дарегиңе кандай сындарды угасың?
Эркек балдарга окшоп кийинесиң" деп сындашат. Чапташкан кийимде өзүмдү кысылып калгандай сезем. Ансыз деле комплекстерим көп, өзүмө жакпаган кийим кийсем такыр эле ичип кетем го (күлүп).

– Инстаграмдагы баракчаңда жагымсыз комментарийлер да бар экен...
Күнүгө жүздөй адамдан жаман сөздөрдү, сындарды угам. Айрымдар "ушундай видео тарткандан уялбайсыңбы?!" дешет. Сынды туура кабыл алам.

– Косметика көп колдонбойт экенсиң?
Мен үчүн косметика коркунучтуу нерсе. Акыркы жолу бүтүрүү кечесинде боёнгом. Ал күндү эстегим да келбейт, кирпиктерим бири-бирине чапташып, бетимдеги тоналдык крем кычыштырып тырмап салайын деп араң отургам. Боёнгон кыздарды түшүнө албайм.

– Өзүң тарткан видеолордун санын билесиңби?
Кайдан, менин баракчама хакерлер 5-6 жолу чабуул кылышкан. Ошол баракчаларымда эле канча видеолорум калды. Кээде күйөрмандар эски видеолорумду жиберип, баарын чогултууга жардам бергенде көңүлүм жылып калат.

"Апам, таенем менен. Апам чыгармачылыгымды түшүнөт. Ал эми атам кийинүү стилиме көп сын айтчу, бирок азыр түшүнүп калган".


"Сүрөткө сулуу болуп түшкөнгө аракет кылбайм".


Якутиялык вайнер Денис экөө көп кызыктуу видеолорду тартып жүрүшөт.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
kumushai
2016-09-19 14:13:56
Президенттин кызы Алия шагиева менен тушкон суроттору барго инстада ал оруска тийди эми бул да оруска тийип албаса эле(
-5
Husan
2017-08-03 10:50:51
kumushai, кечиресиз оруска тиеби же башкага тиеби бул озунун укугу)
0
Izdeim_seni.
2016-09-19 19:01:15
Жакшы
-1
Patriot...kg
2016-09-19 19:13:17
Денис экөөнү Беш Сарынын астынан кордум эле. Селфи жасап атышыптыр
-1
pepeshka-12
2016-09-19 19:28:34
Видеосу жок го
-3
pepeshka-12
2016-09-19 19:30:41
Эльданадан качан интервью алат экен деп күтүп жүрдүм эле. Бир да видеосун калтырбай көрөм. Мага жагат)
-1
Koshaly
2016-09-19 22:43:31
Эльдана мага аябай жагат ,рахмат супер менин кумиримен маек алганынардан !
-5
Aksy-13
2016-09-19 23:31:52
Мен тааныбайт экенини Эми коруп атам
+8
Cholpon2801
2016-09-20 03:52:18
Видеодору мурда аябай жакчу акыркы кундору жакшы видеолорун коро елекмин, бирок азамат кыз дагы коп жакшы видеолорду кутобуз
-1
admin_superstan
2016-09-20 14:47:36
frunze777, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырып, кемсинтүүдөн алыс болуӊуз. Эскертүү!
-3
azimut
2016-09-21 12:47:27
Зема алга ))
0
mumu00
2016-09-21 13:25:22
Cонун маек болуптур. Азамат Эльдана, атасына окшош экен.
0
Deniza88
2016-09-21 15:47:00
mumu00, мамасына окшош
+1
Shat.88
2016-09-21 18:14:14
Тааныбайт экемин бирок инстаграмга кулку тартуулоо максатында жургону жакшы экен, оригинально, себеби сулуулугун, машинасын ичкен тамагын тартып жуктогондор тажатып иет азамат, кулку ден соолуктун мулку дейт, сени менен достошушум керек экен
+4
Pandora
2016-09-21 19:38:49
Коп эмес бир,кээ бир видиолорун коргонмун бирок менин табитиме туура келбейт экен.
Кыргыз кыз экени эч ойума келбеген экен,
+1
esentur8893
2016-09-24 02:38:07
Аябай аябай жагат мага дагы,
0
Maha-0711
2016-09-25 15:04:04
аябай жагат да ушул кыз..инстаграмда эмес чыныгы жашоодо достошкум келет
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан