БАЛАДА БАШ СӨӨГҮНҮН АЛДЫНДАГЫ БАСЫМ ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛАТ?

Кээ бирлер "ымыркайлар дайыма ыйлашат. Андыктан энесинин уйкусу канбай жүрүшү калыптагыдай көрүнүш"дешет. Чындыгында бул жаңылыш түшүнүк. Анткени жаңы төрөлгөн бала жөн жерден ыйлабайт, аны бир нерсе тынчсыздандырып, жанын кейитет. Андай себептердин бири – баланын баш сөөгүнүн алдындагы басымы болушу мүмкүн. Бул жаатта толук маалыматты Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун неврология бөлүмүнүн врач неврологу Кенже Алыкеевадан угалы.

СЕБЕПТЕРИ – ТӨРӨТТҮН УЗАККА СОЗУЛУШУ, БАЛАНЫН БАШЫНЫН КЫСЫЛЫП КАЛЫШЫ

Жаңы туулган баланынбы же чоң кишининби баш сөөк алдындагы басымынын көтөрүлүшү (внутричерепное давление) медицинада баш сөөк гипертензиясы деп аталат. Мунун 3 түрү бар: төрөткө чейин (бала ичте экенинде), төрөт учурунда жана кийин пайда болгон гипертензия.

Төрөткө чейинкисинин себептери төмөнкүлөр:
Кош бойлуулуктун оор өтүшү, кеч талгак, кош бойлуу кезде аялдын инфекциялык ооруга кабылышы (мисалы, кызамык, микоплазмоз).

Төрөт учурунда жаралган гипертензиянын себептери:

  • Төрөттүн узакка созулуп кетиши.
  • Туура эмес төрөт. Башкача айтканда, төрөт учурунда баланын моюн омурткаларынын буралып калышы, баланын башынын кысылып калышы.

Кийин жаралган гипертензияны төмөнкү факторлор шарттайт: баш мээнин жаракатка кабылышы (мисалы, бийиктиктен кулоо, автокырсыкка учуроо жана башка) жана жаракатка кабылган жерде кандын уюп калуусу (гематома), мээде рактын өсүп чыгышы, башка суунун көп толуп кетиши (гидроцефалия).
Жогоруда айтылган себептерден улам адамдын мээсине кычкылтек жетишерлик деңгээлде барбай, кычкылтекке таңсыктык жаралат (гипоксия). Мындай кезде организмде ликвор көбүрөөк бөлүнүп чыгарыла баштайт. Ликвор – адамдын баш сөөгү менен мээсинин ортосунда мээни түрдүү жаракаттарга кабылуудан сактап туруучу жүлүн суусу. Ал тынымсыз белгилүү өлчөмдө иштелип чыгып, өз нугунда айланып жана сорулуп, жаңырып турат. Гипоксияда ликвор көбүрөөк өлчөмдө иштелип чыга баштагандыктан баштын өлчөмү чоңоёт. Мындан улам андагы кан тамырлар кысылып, баш сөөк алдындагы басым көтөрүлөт. Мындан тышкары төрөлүү убагында баланын моюн омурткалары буралып же башы кысылып калса, анда моюн жана баштын кан тамырларына күч келип ичкерет, нервдер да кысылат. Булар да баланын абалын оорлотот.

БЕЛГИЛЕРИ

Жаңы туулган балдардагы баш сөөк гипертензиясынын белгилери төмөнкүлөр:

  • Баланын башынын көлөмүнүн чоңоюшу (эмгеги да чоңоёт)
  • Тынчсызданып башын артка чалкалатып (кежигеси артка тартылып) көп ыйлашы
  • Эмген сүтүн кусушу
  • Боюнун өсүшүнүн жана салмак кошушунун өтө начардыгы
  • Шалдыроо

Кийин жаралган баш сөөк гипертензиясынын белгилери:

  • Эртең менен турганда эле баштын ооруп, көңүлдүн айланышы, кусуу. Кускандан кийин жеңилдеп калуу. Өзгөчө күн ысыкта баштын көп оорушу.
  • Бат чарчап алсыроо, ушундан улам эске тутуунун начарлашы
  • Көздүн чыбырчыкташы
  • Көңүлдүн эч нерсеге чаппашы, ачуунун бат келиши жана башка.

ДИАГНОЗ

Диагноз коюу үчүн керектелет:

  • Нейросонография (баш мээнин УЗИси)
  • Неврологдун, офтальмологдун текшерүүсү
  • Баш мээнин томографиясы
  • Баш мээнин эхоэнцефалограммасы жана башка

ДАРЫЛОО

Жаңы туулган балдардын гипертензиясын сөзсүз дарылатуу керек. Туура дарылатып, баланын уйку режимин сактап, убак-убагы менен таза абада көтөрсө, 5-6 ай ичинде баш сөөк алдындагы басым калыпка түшөт. Ликвордун бөлүнүп чыгышы калыптанып, оору жоголот. Врач нервди тынчтандыруучу, кан айланууну жакшыртуучу, заара кубалоочу (баштагы ашыкча сууларды чыгаруу үчүн) дары-дармектерди, витаминдерди жазып берет. Физиотерапияны да сунуштайт. Моюн омурткалары буралып төрөлгөндөрдү дарылап-айыктырууда вертебролог врачтар да катышып, омурткалардын ордуна келишине салым кошушат.
Эгер баланы убагында дарылатпаса жана оору оор түрүндө болсо, анда оору туруктуу формасына өтөт. Көрүүсү, эске тутуусу да начарлай баштайт. Мындайларды врач көзөмөлгө коюп, каттоого алышы кажет. Баланы 1 жылда 2 ирет: жазда, күздө дарылатууга туура келет. Дарылатуу менен балага туура кам көргөндө бала өзү теңдүүлөрдөн артта калбай окуй берет. Кээ бирлерге врачтар дене тарбия сабагына катышуудан бошотуу жаатында аныктама жазып беришет.
Башка суу көбүрөөк толуп кеткенде гидроцефалия жаралат да, жакшылап дарылатуу кажет болот. Дарылоо жардам бербесе операция жасалып, ашыкча суу топтолбой агып турсун үчүн шунт (атайын медициналык шайман) коюлат.
Кийин жаралган гипертензияны убагында дарылатпаса, өнөкөт түрүнө өтөт. Эки түрүндө тең дарылоодо нервди тынчтандыруучу, кан айланууну жакшыртуучу, заара кубалоочу дары-дармек сыяктуулар сунушталат. Оорусу өнөкөткө айлангандар ысыкта күнгө көп жүрбөй, оорусу кармаганда врач сунуштаган дарыларды ичүүсү же ооруканага жатуусу керек. Ызы-чууда көп жүрүүдөн алыс болуп, режимди сактап, убагында эс алып, стресске кабылбоого аракет кылуулары зарыл. Башкача айтканда, адам өзүнө канчалык жакшы кам көрсө, оорусу ошончолук аз кармайт.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ымыркайдын баш сөөгүнүн алдындагы басымдын пайда болуу себептери
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
omka100514
2016-09-19 10:53:06
баардык ооруган балдарга Аллахым шыпаасын берсин ИншАллах!
0
shadyeva
2016-09-19 11:06:31
Эч ким баласы оорубасын
+3
shadyeva
2016-09-19 11:07:41
Журоктун кемтиги жонундо кенен маалымат бергилечи. Сураныч.
+1
Aisanur_89kg
2016-09-20 11:01:01
Менин кызымда торот учурунда пайда болгон внутричерепное давление болгон,тынчсызданып коп ыйлачу эч нерсеге конбой неврологго коргозуп дары дармек ичирип ыйлаганы басылган,азыр 5жашта кудайга шугур баары жакшы,Аллахым ар бир наристеге ден соолук берсин.
+2
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан