Ушул кезге чейин агамдын мынчалык жайдары болуп, ичпей жүргөнүн көрө элек болчумун. Мурун жаңы жыл да, туулган күн да, катардагы жөнөкөй күн да тынч өтчү эмес. Сөзсүз достору менен ичип алган агам үйгө келгенде атам менен кыйкырышып, аялын сөгүп-сагып тынчыбызды алчу. Мен жүрөккө тийген ошондой ызы-чуудан коркуп, аракты ичимден жек көрүп гана тим болчумун. Арактын айынан чыккан уруш-жаңжалдар мени абдан ойлондуруп, кыйнайт болчу. Кээде кыйналганымдан тополоң болуп жаткан учурда эшикке чыгып ыйлап, Кудайга жалбарып агамдын ичпей калышын суранар элем. Соо болгон кезде:
– Ичкенди качан токтотосуз?! Эскертип коёюн, сизди сыйласам ичпеген абалыңызда гана сыйлаймын, мас болгондо сиз башка адамга айланасыз, ал учурда мен тааныган агам болбой каласыз, сыйлабайм!- деп көп айтчумун.
– Эми кичине көбөйүп кетиптир да. Үйдөгүлөрдүн урушканы жетет мага, кой, сен эркексиң го, мени түшүнүп эле койсоң, сени да көрөм чоңойгондо,- деп кайра мага кысым кылып койчу.
Жаштыгымдагы эң жаман элес калтырган күндөрүмдүн баарына арак себеп болгону үчүнбү, айтор, жинди сууну көрсөм ачууланып, ичкен адамды көрсөм ого бетер сиркем суу көтөрбөй калчу болдум. Адам баласы бир нерсе менен алек боло берсе ал иштин устасы болуп кетет экен. Анын сыңары мен да мас адам менен тиреше берип тажрыйбалуу болуп калган окшойм, агамдын ичкенин укканда эле тез артынан түшүп таап, үйгө тынч жаткызып койчумун. Мен айылда болгон учурда агам ичпейт эле. Буга себеп – менин мүнөзүм.
Ошентип мен да чоңоюп, университетке тапшырдым. Окууда жүргөндө апамдарга тез-тез чалып "агам ичип жатабы?" деп сурайт элем. Бирде кейип, бирде ыйлап апам даттанып алчу. Ичкенин уккан соң ачуум келип айылда болгонумда ичирбейт элем деп кейип калам.
Ошол жайда окуумду аяктап каникулга чыгып, айылга шаштым. Үйгө жетерде агамдын мен жокто ичип, тополоң кылгандарын эстеп, азыр урушам аны деп кадимкидей даярданып алгам. Себеби ал ичкен сайын апам чүнчүп, ден соолугу начарлап баштаган. Атам да анын ичкенин көрүп, "мен өлсөм инилериң ыйлайт, сен ошондо да мас болуп, оонап жатасың" деп кейичү. Бул сөздөр мага абдан катуу тиет эле. Үйгө келип атамдар менен учурашып, сагынычты тараткан соң агама жолуктум. Баягы жиним жок. Эмнеси болсо да бир боор экен. Ичкенин көзүм менен көрбөгөн үчүнбү, бул сапар кечиришим оңой болду. Айтууга даярдаган сөздөрүмдү айтпадым. Жөн гана кучакташып көрүштүк. Чынын айтсам, жаштайыман агам экөөбүздүн ортобузда жаш айырма чоң болсо да, көңүлүбүз жакын болчу. Эч ким түшүнбөгөн экөөбүздүн тамаша сөздөрүбүз бар эле. Ошол тамашалар уланып, кайрадан эле мурункудай мамилеге өттүк.
Менин келгениме бир ай болду, агам оозуна арак алган жок, атам менен апама да өзгөчө сылык мамиле кылып калыптыр. Мен анын мындай кадамына сүйүнүп, Кудайга үнүм жетиптир да, тынч жашоо башталат эми деп кубанып жүрдүм. Ошол күндөрү агам кичине сыркоолоп калды. Мурда да ооруп кайра айыгып кеткендиктен, көңүлүмдү көп бурган жок. Көрсө, бул мурункусунан башкача оору тура. Ичип алганда сууга түшүп, жамгырда, карда, ар жерде жыгылып калып айыккыс дартты илээштирип алыптыр. Акыркы бир айда баары менен жылуу мамиледе болуп, ичпей, үй-бүлөсүнүн көңүлүн алганы бекеринен эмес экен. Өлөрүн билген окшойт. Көп өтпөй ошол оорусунун айынан операциядан чыкпай калды.
Бул окуядан соң өзүмчө сүйлөнүп, "мына, турмуштун муштары сага тие баштады, туруштук бер эми" деп күбүрөнүп ыйладым. Азыр да ойлоп коём, агамдын артынан ыйлап аракка жолотпой жүргөнүм – аны өлүмдөн кайтарганым экен да, көрсө. "Мен өлсөм сен ыйлабайсың" деп айткан атам өзү ошол баласынын жаназасында ыйлап турганын көрүү мен үчүн өтө оор эле. Мына, ошентип арак дагы бир үй-бүлөнү талкалады...
Садыр