Бир кезде кыздарды азапка салган Ильяз Абдыразаков эки баланын атасы болду. Он сүйлөсөң бир сүйлөгөн ырчы мырза азыр кесиптештеринин ырларын жасалгалоодон колу бошобой жүргөн кези. Учурда Ильяз Расул Маматкуловдун "Жамиля" деген ырын жаңылап ырдап чыгып элдин колдоосуна арзууда.
– Ильяз, Кытайга, Малайзияга барып келдиң ,чет жакка болгон сапарыңдагы сезимдериң менен бөлүшө кетсең?
– Кытайга ал жактагы белгилүү бийчи жигиттин концертине чакырышкан, эки иштен бир иш деп концертке катышкандан сырткары тойлорго да ырдап келдим. Ошону менен катар ал жактагылардын сунушу менен жеке концертимди да тартуулаганга жетиштим. Ал эми Малайзияга экс-элчибиз Кылычбек Султановдун чакыруусу менен 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата "No name" командасы, Айжамал Кабылова болуп бардык. Ал жактагы кыргыздардын башын бириктирип майрам тартууладык. Негизи концертибиз бир күн эле болду, эс алууга программа түзүп коюшуптур, ошол программа менен толук бир жума эс алдык. Өзүм сахнада ырдап жүрүп, залда эл катарында отуруп концерт көрө элегиме көп болгон экен. Малайзиялыктардын концертин көрүп ырахат алдык.
– Эс алуудан энергия, күч-кубат аласың, ал эми руханий жан дүйнөңдү кантип азыктандырасың?
– Негизи чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү бай болот. Болгону аны толуктап туруш керек деп ойлойм. Мен азыкты жашоодо болуп жаткан жаңылыктардан, окуялардан алам. Тарыхый кинолорду көрөм, кээде китеп окуп калам.
– Малайзияда эс алып жүргөндө да байкап калдым, кээде өзүң менен өзүң болуп, башка дүйнөгө сүңгүп кирип жаткандай элес калтырдың...
– Туура баамдаптырсыз, оюн-күлкү же отуруш, кечелерге караганда мага музыка менен алектенүү кызыктуу. Кээде досторум да "биз менен чогуу жүрбөйсүң, жакшы көңүл бурбайсың" деп капа болуп калышат. Элдин "көп сүйлөбөйсүң" дегени да ошондон болуш керек. Себеби музыка дүйнөсүнө сүңгүп кетип, өзүм менен өзүм болуп жүрө берем.
– Бирок өзүң менен өзүң болуп, элге көп аралашпасаң, сөз байлыгыңа бул нерсенин кедергиси тийбейби?
– Менин кесибим ырчы, музыкант, ошондуктан сөз байлыктын өтө деле кереги жок деп ойлойм. Теле-радио, гезит-журналдарга маек курганы барганда оюмду түшүндүрө алганым мага жетиштүү.
– Ушул жооптон кийин Ильяз Абдыразаков ырчы болбосо ким болмок деген суроо жаралды?
– Бала кезден ырчы болууну кыялданган жаным, башка тармакка деле кызыгып көрбөптүрмүн. Эгер музыкага кетирген энергияны спортко арнаганымда, балким, менден мыкты спортчу чыкмак. Мектепте жакшы окугам, Кудайга шүгүр, башым деле көп нерсеге жетет. Депутат болуу деле колдон келет. Көрдүңүзбү, айланып келип эле элдин адамы болмок экенмин.
– Мүнөзүң аябай токтоо, кайсыл учурда эмоцияларыңды сыртка чыгарасың?
– Мен табиятымдан сабырдуумун, ачуум келгенде деле эч нерсе кылбайм, ошого айрымдар "ээ, буга баары бир экен" деп кетип калат. Бирок өзүмдүкүн да бербейм. Аябай жиним келгенде бильярд ойногону кетип калам. Келинчегим менден башкача, балдар кичине сыркоолоп калса ата-энесине чалып ызы-чуу кылып жиберет.
– Бала демекчи, экинчи жолу ата болгондо жоопкерчилик жогорулайт бекен?
– Албетте, жоопкерчиликти сезип жатам. Негизи ар бир бала ырыскысы менен төрөлөт деп коёт эмеспи. Балдарга суук тийип ооруп калганда келинчегиме кошулуп "переживать" этишип коюп жатам. Медина эне да, кайра-кайра айтып "түйшөлө берсе эч нерсе болбойт, биз топуракта ойноп, баткак кечип чоңойгонбуз" деп сооротуп коём. Үйдө кыз жок, ошондуктан баламды карап, апасы жокто курсагын тойгузуп койгонго жарайм. Эки балам тең мага жакын. Улам кичинекейи ширин көрүнө берет турбайбы. Улуусу Розан башында инисинен кызганып жаткан, азыр көнүп калды. Балдар бакчасына бара элек, мага окшоп ал дагы эшикке чыккандан зериге берет. Келинчегим орус тилинде көп сүйлөгөндүктөн, баламдын тили орусча чыкты.
– Турмушта түгөйлөрдүн кимиси күчтүү болсо, экинчиси ошонун ыгына көнүп кетет дейт. Силерде ким күчтүү?
– Унчукпай эле өзүмдүн оюмду ишке ашыра берсем, келинчегим менин оюма кантип макул болгонун билбей калат. Мага турмушка чыгарда эле ага баарын түшүндүрүп айткам. "Сулуу кыздар менен клипке тартылышым мүмкүн, бир кызга арнап ыр жазылып калат" деп. Гастроль, күйөрман кыздар, айтор, мунун баарын келинчегим туура түшүнөт. Азыр "клипке бул кызды тартпайсыңбы, сулуу экен" деп турат. Музыканы терең түшүнбөсө деле "бул ырың жеңил-желпи болуп калыптыр го" деп көңүл буруп турса сүйүнүп калам. Демек, мен күчтүүмүн деп айтсам болот. Ырчылар тентип эле жүрүшөт деп ойлогон туура эмес. Биздин жумушубуз ошол, үй-бүлөнү багышыбыз керек. Мединанын ушул кезге чейин "бизге көңүл бурбай калдың" деген учуру боло элек. Мен үчүн биринчи орунда үй-бүлөм турат. Алардын көңүлдөрү ток, баары жакшы болуп күлүп-жайнап турганда гана чыгармачылыкка киришем.
Замира Рахманбердиев
Алишер Алиев
star@super.kg