ЖАКТЫРГАН МУЗЫКАҢЫЗ МҮНӨЗҮҢҮЗДӨН КАБАР БЕРЕТ

Музыкага болгон табит адамдын бир гана кулк-мүнөзүнөн эмес, жаш өзгөчөлүгү, улуту, жынысы ал тургай социалдык абалы тууралуу да кабар берет экен. А сиз кандай музыканы жактырасыз?

МУЗЫКА – БУЛ ЖАН ДҮЙНӨ...

"Мен эмне үчүн музыка угам?"
деген суроону өзүңүзгө берип көрдүңүз беле? Кээ бирибиз көңүл көтөрүү, дагы бирибиз жымжырттыктан качуу, башкалар спорт менен машыгууда алаксыш үчүн же жүрөктөгү жагымсыз сезимдерди унуткаруу үчүн угабыз. Айтор, себептери көп. Бирок ар адамдын музыкага болгон табити ар башка. Мисалы, сиз эс алуу үчүн классикалык музыканы жактырсаңыз, жаныңыздагы адам ошол эле максатта рок стилиндеги музыканы угушу мүмкүн. Көрсө, бул нерсе адамдын кулк-мүнөзүнөн да көз каранды экен. Талдап көрөлү.

КЛАССИКА


Социалдык аналитиктердин билдирүүсүнө караганда, классикалык искусствону баалагандардын көбү жогорку билимдүү, ак көңүл, бир аз түнт, чыгармачыл келишет. Анан да алардын басымдуу бөлүгүн материалдык жактан камсыз болгон жана музыкалык сабаты барлар түзөт. Өздөрүн абдан баалашат жана ишенишет. Психологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына көңүл бурсак, "классикалык музыканы көп угам" дегендердин арасында өзүн башкалардын алдында искусствону түшүнгөн адам катары көрсөткүсү келип, "Бахты, Чайковскийди угам" дегендери көп. Эгер сиз чыны менен эле классикалык концерттерге байма-бай барып, үйдө Моцарттын музыкасын коюп алып идиш жуугандарга же чөп чапкандарга кошулсаңыз, анда бул жанрдагы музыканы сүйүүчүлөрдүн катарындасыз.

ЖАЗ, БЛЮЗ


Саксофон же электр гитарасы менен коштолгон музыкалык чыгармаларды сүйүп уккандар да абдан көп. Алар ак көңүл, өздөрүнө ишенген, тегерегиндегилер менен тез тил табыша алган жандар. Анан да өзгөчө ой жүгүртө алуулары менен айырмаланышат. Аталган жанрларды музыкалык жанрлардын элитасы деп да атап жүрүшөт. Чындыгында эле кайталангыс, ыргагы күчтүү жаз же блюз стилиндеги ыргактарды түшүнүү кыйын. Совет доорунда идеологдор жаз жөнүндө терс көз карашта болушкан. Мисалы, "Саксофондон бычакка бир кадам", "Бүгүн жаз уккан адам эртең мекенин сатат", "Жаз – бул семиздердин музыкасы" деген кептер ошондон калган.

РЭП ЖАНА ХИП-ХОП


Музыка жана адамдын кулк-мүнөзү тууралуу эң чоң изилдөө 2010-жылы жүргүзүлгөн. Аны Эдинбургдагы Хэриот Уотт университетинин профессору Адриан Норт жетектеп, жалпысынан 36 518 адамдан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча рэп жана хип-хоп жанрындагы музыканы сүйүүчүлөр эркин, адамдар менен оңой тил табышкан, шаңдуу отуруштарды жактырган, өзүн абдан жогору баалаган жана өзүмчүл инсандар болушары тастыкталган. Анан да бул топтогу адамдардын көпчүлүгү IQ тесттерден эң төмөнкү бааларды алгандыгы айтылат.

КАНТРИ, ВЕСТЕРН, ФОЛЬКЛОР


Бул музыкалык жанрларды, башкача айтканда, элдик музыка деп койсо болот. Мындай жанрдагы музыканы сүйүүчүлөр абдан эмгекчил келишерин изилдөөлөр көрсөткөн. Кантри менен вестерн жанрларынын күйөрмандары Америкада абдан көп.

ПОП


Жалпысынан 104 музыкалык жанр бар. Алардын арасынан эң популярдуусу жана көпчүлүк масса сүйүп укканы поп музыкалык жанры. Бул заманбап музыканын багыты жөнөкөйлүгү, вокалга басым жасалып, музыкалык аспаптарга азыраак көңүл бөлүнгөндүгү менен айырмаланат. Мындай жанрдагы музыканы сүйүүчүлөр өзүнө ишенген, эл менен оңой тил табышкан, жайдары, эркиндикти сүйгөн, бирок бир аз эмоционалдуу келишерин айтышат психологдор.

РОК


Рок жанрындагы музыканын ичинен хэви металл (англис тилинен "heavy metal" – оор металл) жанрына өзгөчө маани берилет. Ал 1970-жылдардын башында Улуу Британияда пайда болуп, 1980-жылдары дүйнө жүзүн каптаган. Бир уккан адамга абдан оор, мээни чарчатып жиберчүдөй сезилген музыканын бул түрүн сүйүүчүлөр да миллиондоп саналат. Мындай өзгөчө табити бар адамдарды жалгыздыкты жактырган, түнт деп сүрөттөп жүрүшөт. Бирок белгилүү психологдор мындай мүнөздөмөнү жокко чыгарышат. Алардын айтымында, оор рок уккан адамдардын мүнөзү жумшак, чыгармачыл, бирок өзүн анча баалабаган болушат. Ал эми инди-рок стилин жактыргандарды креативдүү, бирок жалкоо деп мүнөздөшөт. Анан да рок сүйүүчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү классикалык музыканы да жактырышып, интеллектуалдык деңгээли абдан жогору болору айтылат.
Ар бирибиз "эмне үчүн бул музыка жанрын жактырасыз?" деген суроого ар башкача жооп кайтарабыз. Кимдир бирөөбүзгө музыкасы, дагы бирибизге андагы ырдын сөзү же аткаруучусу жагат. Балким, ал угуп жаткан чыгарма сүйүктүү киносундагы саундтрек чыгар... Андыктан эгер жаныңыздагы кесиптешиңиз инди-рок угуп жаткан болсо, ал сөзсүз жалкоо экен деп түшүнүп албаңыз.

Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Музыка аркылуу мүнөздү билүүгө болобу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
ayva
2016-09-20 12:06:43
Музыка укпагандарчы?
0
mahabat.
2016-09-20 13:38:40
классика поп фольклер жагат мага.кыскасы бары эле бат тил табышкандар экен да ээ
+2
ozgeldi
2016-09-20 23:15:45
Поп соп дегендерин омуру укпайм..мага шандуу ырлар жагат
+1
RASTAMAN
2016-09-21 21:35:46
indie rockту угам ,Coldplay группасы жагат. Жалкоолугумду туура айтышыптыр:-)
0
gulaza
2016-09-22 05:12:22
Мен классиканы коп угам
0
muke88
2016-09-22 15:35:29
"Алардын айтымында, оор рок уккан адамдардын мүнөзү жумшак, чыгармачыл, бирок өзүн анча баалабаган болушат" --;---кантип рок уккан адамдын мунозу жумшак болсун. Тообо кылдым.
0
muke88
2016-09-22 15:39:30
"интеллектуалдык деңгээли абдан жогору болору айтылат." ---башын ары бери чайпап атып интеллектуал болот имиш
0
Mers124
2016-09-24 14:42:05
Мага кээ бир убакта реп жакса, кээ бир убакта кайгылуу ырлар, кээ бирде шаңдуулар.
0
muni5
2016-09-24 15:51:06
Музыка укпагандар кандай адамдар. Мен теледе ырдап жатканда эле угуп койбосом атайылап музыка укпайм. Мага кандай музыка жагарына деле маани бербептирмин
0
Maks_shop
2016-09-25 03:18:04
IQ эмне ал?
0
jorobek.kg
2016-09-25 15:33:19
Мага комуз же гитара ырлары жагат калганы аллергия тартуулайт
0
elmurat.kg
2016-09-25 15:54:34
мага ультра звук жагат
0
elmurat.kg
2016-09-25 15:57:13
музыка ооруну да даарылайт
медицинада да колдонулат
майсал жетимдин ырлары жагат (майкл джексон)
0
alibekova94
2016-10-19 19:22:33
Мен реп хип хоп угуучуларга кирем.
0
Argenbai
2017-02-21 11:53:24
Реп жана классика жагат ишенип болбойт го бул нерсеге
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан