ТЕНТЕК ЖАНА УЯТСЫЗ ДЭДПУЛ

Адатта киного барганда кайсы бир окуянын жүрүшүн, каармандардын кыймыл-аракетин, кайсы бир көрүнүшкө карата алардын жыйынтык чыгаруусун карап отурабыз. А Дэдпулга барсаңыз, баш каарман сиз менен сүйлөшөт. Болгон окуянын бардыгын сизге түздөн-түз кайрылып баяндап берет. "Дэдпул" тасмасынын өзгөчөлүгү ушунда. Сизде стендап "комиктин" кечесинде отургандай элес да калышы мүмкүн. Анткени Дэдпул абдан тамашакөй...

ТАСМА ТУУРАЛУУ:

Чыккан жылы
– 2016-жыл
Тарткан өлкө – АКШ
Режиссёру – Тим Миллер
Башкы ролдордо – Райан Рейнольдс, Морена Баккарин
Тартууга кеткен каражат – 58 миллион АКШ доллары
Чогулткан каражаты – 782 миллион 612 миң доллардан ашуун
Учурда – "Дэдпул 2" тартылып жатат

ДЭДПУЛ РЭП АЙТАТ, СҮРӨТ ТАРТАТ, СИЗ МЕНЕН ДА УЧУРАШАТ

Тасма башталгандан аз өтпөй баш каарман көпүрөнүн кырына отуруп алып сүрөт тартып, рэп айтып отурат да, капысынан көрөрманды (сизди) көрө калып: "О-ой, жакшысыңарбы?! Эмнени ойлоп жатканыңарды билем. Өзүм жөнүндө атайын долбоор (тасма) тарттыруу үчүн кимге кошомат кылдың дейсиңер го? Аны айтпайм! Кыскасы, чуркашым керек, жүзүмдү оңдоо зарыл. Жаман кишилерди өлтүрүп туруп" деп кайрылат да, жөнөп кетет. Ооба, Дэдпулдун бүтүрө турган иштери бар. Ошол иштерин бүтүрүү үчүн ал көпүрөдө анын тагдырында терс бурулуш жасаган адамдарды күтүп отурган.
Мына ушул жерден ал каршылаштары менен салгылашып жатып кантип Дэдпулга айланганын эскерип өтөт.

БАРДЫГЫ СҮЙҮҮНҮН АЙЫНАН

Уэйд Уилсон мурун атайын кызматтагы аскер болчу. Кийин жай турмушта ал акча үчүн башка адамдарды жазалап, тоноп иш кылат. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде өзүнүн досу Жек Хаммердин барынан Ванесса аттуу сойкуга кезигип калат. Экөөнүн ортосунда сүйүү тутанат. Бирок Уэйд Ванессанын колун сурап бактылуу болуп жүрүшкөн чакта анын рак илдетине чалдыкканы белгилүү болот. Өзүнүн сүйүктүүсүн кыйнагысы келбеген Уэйд кетип калууну чечет. Дал ушул маалда кара костюмчан бир адам жигитке жолугуп аны рак илдетинен айыктырып, өзгөчө, супер жөндөмдүү кыла ала турганын айтат. Аргасы кеткен Уэйд макул болот. Далай кыйноолордон өткөн соң Уэйд чынында эле рактан арылат. Бирок анын түрү суук болуп калат. Ал анын үстүнөн ар кандай тажрыйбаларды, кыйноолорду өткөрүп жаткан, адамдардан супер жөндөмдүү аскерлерди жасап саткан Аяксты өзүнүн кейпин кайрадан калыбына келтирүүнү талап кылат. Аякс Уэйдди жаралантып күйүп жаткан имараттын ичине таштап кетет. Бирок Уэйдде регенерация (кайрадан калыбына келе берүү) жөндөмү пайда болгон. Маселен анын башын кесип салса деле кайра баш өсүп чыга берет. Мына ушул жөндөмү менен аман калат да, өзүнүн кейпин мурункудай калыбына келтирүү үчүн Аяксты издей баштап, өзүнө болсо Дэдпул деген ысым ыйгарат.
Көпүрөдө ал Аяксты күтүп жаткан. Тасманын мазмуну, албетте, баналдуудай. Аякс көпүрөдөн Дэдпулдан качып кетет. Кийин Ванессаны барымтага алат. Ванессаны куткарууга барган Дэдпул досторунун жардамы менен "сенин жүзүң оңдолбойт" деп чындыкты айткан Аяксты өлтүрөт. Акыр аягында кыз Дэдпулду кандай болсо ошол боюнча кабыл алат. Айтор, бардыгы сүйүүдөн башталат да, сүйүү менен бүтөт!

ДЭДПУЛ СҮРӨТТӨ ДА СҮЙЛӨШЧҮ

Белгилүү болгондой, Дэдпул Америкада жана Европа мамлекеттеринде абдан популярдуу болгон комикстердин каармандарынын бири. Атактуу комикстерди чыгарып келген Marvel компаниясы "Икс адамдары" комиксинде Дэдпулду экинчи катардагы каарман катары кошкон. Дэдпулдун өзгөчөлүгү – ал комикстин каарманы экенин билет. Ошондуктан ал сүрөттө да окурман менен сүйлөшүп, тамашалаша берчү. Албетте, мындай кызыктуу каарман көз жаздымда калбайт болчу. Ал заматта сүймөнчүккө айланган. Ал тууралуу кино тартуу бир топ жылдан бери каралбай келип, 2016-жылы гана чоң экранга чыкты.

АЛ "ӨЛҮК БАССЕЙН" ЭМЕС


Дэдпул сөзүн англисчеден которгондо "өлүк бассейн" деп которулат. Бирок каармандын ысымы "dead betting pool" сөздөрүнөн келип чыгып, "өлүм мелдеши" дегенди түшүндүрөт. Комикстерде Уэйд Уилсон жаткан оорукананын жамааты өлүм мелдешин ойношчу. Башкача айтканда, ким өлөт деп оорулуулардын өмүрүнө мелдеш уюштурушчу. Уэйд өлбөй калган оорулуу. Ошон үчүн ал Дэдпул. А кинодо болсо Уэйддин досу Жектин барында бүгүн ким өлүп калышы мүмкүн деген суроо менен мелдеш уюштурулчу. Маселен бир ирет Жек "Уэйд бүгүн өлүшү мүмкүн" деп байге коёт. Уэйд өлүп калса анын байгеси жогоруламак. Баса, мына ушул "бүгүн өлчүлөрдүн тизмесинде" Владимир Путиндин ысымы да бар.

СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ АДАТТАГЫ ТАСМА


Адегенде Дэдпулду Кыргызстанда көрсөтүлбөйт деген маалымат таркаган болчу. Бирок акыр аягында кыргызстандыктар аны менен жолугууга мүмкүнчүлүк алышты. Тасманы 17 жашка чейинкилер мыйзамдуу коштоочу менен гана көрө алышат.
"Дэдпул" тасмасын көпчүлүк өтө эле уятсыз, айрымдары болсо түшүнүксүз деп сындашты. Бирок жалпысынан алганда "Дэдпул" сүйүү тууралуу адаттагы тасма. Тентек жигит сойку кызды сүйүп калат. А эмне, тентектер менен сойкулар сүйүшпөшү керекпи?! Алар тууралуу тасма тартууга эмнеге болбосун?!

ДЭДПУЛДУН ЭСТЕ КАЛГАН СӨЗДӨРҮ:

"Сен өлө турган болуп ооруп жатканда сага эмес, сени жакшы көргөндөргө оорураак".
"Жашоо деген түгөнбөгөн маселелер, арасында бакыт жарнамалык тыныгуудай".
"Кыздын жүрөгүн ээлеш үчүн сөзсүз эле супер каарман болуш керек эмес. Мээси бар кыз сендеги супер каарманды өзү жаратат".
"Чоң күч менен чоң жоопкерчиликсиздик пайда болот".
"Сүйүү деген укмуш күч. Ага жолугасың, анан бүт дүйнө нарцисс жыттанып калат".
"Мен менден да акмагыраак акмактарды жыга чапкан акмакмын".

Мирлан Өмүралиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Beka95
2016-09-19 14:16:45
Коруш керек экен
0
Beka95
2016-09-19 14:18:44
Кичинемде ушундай кинолордо теледен жарнама кылса уч кун мурун кутуп ошол боло турган саатты анан корчумун. Азыр ойлосом кино коргону бул жакта турсун телевизорду качан жандырганымды эстей албайм.
0
Abdyrawit
2016-09-21 01:20:06
Билбейм кимге кандай болду,негизинен мага жакты, күлкүнүчтүү, шаңдуу маанай тартуулаган тасма экен.Бирок тасмада каармандын баркын кетирген өтө көп кыймылдар коштолгон..мисалы Дэдпулду гей катарында сүрөттөгөн жерлери бар..бул көрүнүштөр көрүүчүлөрдү ойго салат экен..албетте тамашакөй жигит болгонуна байланыштуу, бир корутунду чыгаруу кыйынга турат экен
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан