Түрктөрдүн "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara Sevda") сериалы Сеул эл аралык фестивалында "Жылдын мыкты драмалык сериалы" наамын алды. Түштүк Кореяда өткөн аземде бул байге Бурак Өзчивит менен сериалдын режиссёру Хилал Саралга тапшырылды. Бурак ыраазычылык сөзүндө түрктөр корей дорамаларын жакшы көрөрүн белгилеп, бул сыйлыкка татышканына абдан кубанып турганын билдирди. Айымдардын жүрөк оорусу болгон актёр дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда "өзүн түркмүн деп эсептеген адам абдан бактылуу" деп сөзүн жыйынтыктаган. Көпчүлүккө жаккан бул сериалдын 2-сезону 21-сентябрдан баштап көрүүчүлөрдүн назарына коюлганы турат.
Белгилей кетсек, 3 жыл мурун жаш режиссёр Руслан Акун тарткан "Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аталган фестивалда "Корейлер тарабынан эң жакшы кабыл алынган тасма" деген атайын сыйлыкка татыган.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg