Бопуйкан Нажимудинова: "ЧОҢ АТАМ КЫТАЙГА ЖЕТКЕНЧЕ ОРУСТАР АРТЫБЫЗДАН КУУП БАРГАН ДЕЧҮ"

"Чоң атам Нажимудин Үркүн окуясында чоң орду бар Ыбрайым Төлө уулунун баласы болот. Ыбрайым бабабыз Үркүн тууралуу өзү көргөн, өзү салгылашкан окуяларды арабча жазып кеткен. Ал эми Нажимудин чоң атамдан тарыхый окуя кандай башталганын, кантип Кытайга барганын көп ирет уккам. Чоң атамдын өз оозунан тарых болсун деп диктофонго жаздырып алганбыз",- деген Бопуйкан Нажимудинова бабаларынан уккандарын айтып берди.

"ПАДЫША БИЗДИ БУЛ ЖЕРГЕ ЖАШАТПАЙТ ДЕП КӨЧҮШКӨН"

– 1916-жылы августтун башында толкундоолор башталып, көтөрүлүш жетекчиси катары Мөкүш Шабдан уулун хан көтөрүшөт. Көп өтпөй атаке жана сарыбагыш болуштугунан Мөкүш Шабдан уулу баш болуп, Султан Далбай уулу, Боромбай Сазан уулу, Калбай Калкан уулу, Белек Солтоной уулу жетектеген 300 киши Самсоновка кыштагын камоого алышат. Орустардын малын талап, чоң козголоң кылгандан соң Алматы жолуна кароол коюшат. Орус кыштагын камоого алгандан кийин Шабдан баатырдын мечитинде жыйын болгон. Ага Жантайдын балдары, сарыбагыш болуштугунан Калмаакы Байтуума ажы, Чертике Абдыракман, Кемел Шабдан уулу, Аман Шабдан уулу болуп чогулуп акылдашышат. Кемел Шабдан уулу: "Болор иш болду, ажыдаардын куйругун басып алдык. Падыша бизди бул жерге жашатпайт. Азыр Текес жана Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы жолдор, ашуулар ачык, Кытайга ашып кетсек болот. Ысык-Көл айланасында бир нече болуштун эли көтөрүлүшкө чыгып жатышат. Бул чындык болсо көчүшүбүз керек",- дейт. Ыбрайым чоң атам "андай болсо түндөп Ысык-Көлдөгү арык тукумуна (Бугу уруусунун ичине кирет) барып кабарлайын" деп Кеминден кеч күүгүмдө жолго чыгыптыр. Арык тукумуна барса Көл аймагында да кыргыздар орустардын малдарын талап, кээ бирлерин өлтүрүшкөнүн угат.

"ОРУСТАРДЫ ӨЛТҮРҮП, КУРАЛЫН ТАРТЫП АЛЫШЫПТЫР"

– Ыбрайым чоң атам көлдүк туугандары менен сүйлөшүп турганда Кемин тараптан чабарман келип, "кечинде кызыл желек байлаган 7 араба мылтык, он жоокер жана Жел-Арыктагы бекетчи орус дагы кошо келди. Көк-Мойнок бекетчиси, орустар камданып таң атары менен Ысык-Көлгө жөнөгөнү жатышат" деген кабар айтат. "Эгерде куралдар Балыкчыга келсе эч ким бизди соо койбойт" деп арык уруусунун мергендери чоң атама кошулуп орус аскерлеринин жолун тоскону жөнөшөт. Алар орустарды эски бекеттен (Боом капчыгайынын ичинде жайгашкан) тосууну болжошот. Чоң атам бир тамдын ичине, жанындагылар суунун боюндагы чоң жарга жашынып турушуптур. Жарым саат өтпөй арабанын алды, артынан кайтарган аскерлер көрүнүп, аларга атам ок чыгарат. Жарадар болгон аскерди арабага салып качып жөнөшкөндө чоң атам алдынан тосуп чыгып, чоң арабанын алдыңкы атын атып жибериптир. Ат жыгылганда калгандары арабасын таштап качып кетишет. Тартып алган 7 арабада 9 чоң, 12 кичине жыгач сандык бар экен. Чоң сандыктын биринен 20 бардеңке, ал эми кичинелеринен ок чыгыптыр. Көлдөн келген Арык тукумуна 80 мылтык, 5 жашик ок берип, калганын эки төөгө артып, түндөп айылга кайтып келишет. Чоң атам 20 мылтык, 3 жашик окту айылдагыларга таштап, калганын Самсоновканы камап жаткан атаке менен сарыбагыш болуштугуна берейин деп жолдо баратса Самүдүн Шабдан уулу алдынан чыгат. Ал Алматы жактан жүз чамалуу орус аскери, ага катар эле Пишпек, Токмоктон бир канча аскер Самсоновкага келгенин айтыптыр.

"ОРУСТАРДЫН КУРАЛ-ЖАРАГЫНА ТУРУШТУК БЕРБЕЙ КАЧЫШКАН"

– Ыбрайым Төлө уулу таң атканда кичи кеминдик мергенчилерди алып, атаке, сарыбагыш элине баратса Кара-Кыя деген ашуудан мылтык атылат. Дүрбү салып караса эки атчан аскер бир кишини кылычтап жаткан экен. Жанындагы мергенчилерге "тиги жакта бир кишини аскерлер өлтүрүп жатат. Тиги кыр менен өйдө чыгып атышалы" деп жөнөшүптүр. Ыбрайым бабабыз уулдары Нажимудин менен Нурдин үчөө дөбөгө биринчи жетип, атышууга ыңгайлуу жерди тандап, Нажимудин атабыз бир орусту атынан кулата атат. Көрсө, ал аскерлеринин командири экен. Мергенчилердин туш тараптан аткан огуна туруштук бербей, орустар качып барып жашынып калыптыр. Ошол маалда Мөкүш Шабдан уулу, Боромбай Сазан уулу адамдары менен келип, "атаке, сарыбагышты казак-орустар мылтык менен атып, чыдай албай Чоң-Кеминге качып түштүк" дешет. Аңгыча алыстан кылактап орустар көрүнүп, сурнайдын добушу угулуп, орус аскерлери сурнай үнү чыккан тарапка качып кетишет. Орустардан 14 аскер, кыргыздардан 2 мергенчи өлгөн экен.

"ЭЛ КЫТАЙГА УЗАП КЕТКЕНЧЕ ОРУСТАРДЫ АЛАКСЫТЫП ТУРУШКАН"

– Орустардан качып, бугу, саяк көч баштап, атаке сарыбагыш болуштуктары артынан Кытайга жөнөшүптүр. Ыбырайым Төлө уулу мергенчилерди тандап алып, көч узап кеткиче орус аскерлеринин жолун тосуп алаксытып турушат. "Аскерлер арттан калбай кууп, алар менен атышып, алаксытканга аракеттенип Турпанга ашып кеткенбиз" дечү чоң атам. Ал жерге баргандан кийин жергиликтүү башчылардын бири Самүдүн Шабдан уулу, Кемелге "мыйзам боюнча бардык куралдарыңарды тапшыргыла" деп буйрук кылгандыктан, 70 мылтык чогултуп беришкен экен. Ал "ушул убакытта орус падышасы менен кытай падышасы жакшы. Силер баатырдын балдары экенсиңер, дарыя боюнда калың токой бар. Ошол жактагы айылга барып жашагыла" дептир. Жантай, Шабдан уулдары жана алар менен кошо баргандар ошол киши айткан айылга көчүп барышат. Чоң атамдын эскерүүсүндө, эли абдан бай жашачу экен. 1917-жылы ошол жерде кыштап, май айларында Совет бийлиги орногонун угушуптур. Анан Ак-Суу деген шаарга көчүп келип, баягы мылтык тапшырган адамга барышса "сиздер абал тынчтанганча бир жыл кыргыз жерине барбай туруңуздар" деп кеңеш берет. Анан алар1918-жылы Турпанда кыштап, 1919-жылы Кашкарга көчүп келишет. Ал жерде 1922-жылга чейин жашап, анан мекенибизге кайтышыптыр.

"Нажимудин чоң атамдан Үркүн тууралуу диктофонго жаздырып жаткан учур".


Үркүн окуясында чоң орду бар Ыбрайым Төлө уулу.


Султан Төрөбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mahabat.
2016-09-19 10:35:37
Чоон рахмат маалыматынызга.окуп отуруп озумду ошол мезгилде жашагандай элестетип кеттим
+4
mirbek99
2016-09-19 11:40:17
киного даяр сценарий экен
+3
aziziko
2016-09-19 21:11:53
Бизди жакында чон энемдин туугандары издеп келди Кытайдан . 92 чыккан чон энемдин бир тууган байкесинин баласы бар экен . Козумдун тируусундо жолугуп кеткиле деп айтып жатыптыр . Кудай жол берсе чон энемдин тилегин ишке ашырам козу тируусундо
+1
belka
2016-09-20 01:26:48
aziziko,Кудайым озу колдосун,бир туугандарды жолуктуруп соопко калыныз.
+1
sagida06
2016-09-20 10:03:23
aziziko, Чоң энеңиз үркүн тууралуу айтып бере алабы?
+1
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан