ПРИПРАВА – ТАМАКТЫН ДААМЫН АРТТЫРГАН КОШУЛМА

Алдыбызга коюлган тамак канчалык даамдуу болбосун анын даамын дагы арттыра түшкөн кошулмаларга (приправа) баарыбыз көнгөн убак. Күркүрөгөн күз мезгилинде мындай кошулмаларды камдап алгандардын катарын сиз дагы толуктагыңыз келсе, анда төмөнкү рецепттер сиз үчүн.

ЭТТҮҮ ТАМАКТАР ҮЧҮН



Бул приправа түрүн шишкебек, манты же куурдак сыяктуу эттүү тамактар менен дасторконго койсоңуз утасыз. Эң башкысы бул кошулманы муздаткычта сактоо керек экендигин эске алыңыз.

Керектелүүчү азыктар:

Помидор
– 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Ачуу калемпир – 1-2 даана
Райкан, петрушка – 1 боодон
Сарымсак – 3 тиш
Туз, горчица – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Керектүүлөрдүн баарын таза жууп, райкан менен петрушканы кургатып алабыз.
2. Жашылчаларды эт туурагычтан өткөрүп, көк чөптөрдү жакшылап майдалап туурап алуу кажет.
3. Эми баарын бир идишке салып, татымына жана каалооңузга жараша туз менен кургак горчицаны кошуп аралаштырасыз. Өсүмдүк майын кошуу же кошпоо каалооңузга жараша.
4. Даяр болгон приправаны таза, кургак банкаларга куюп муздаткычта сактайсыз.

КАМЫР ТАМАКТАР ҮЧҮН



Бул кошулманы спагетти, рожки, вермишель сыяктуу тез даярдалуучу камыр тамактарга кошуп жеген жакшы.

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 2 килограмм
Сарымсак – 5-6 тишче
Райкан – 1 боо
Зайтун (же өсүмдүк) майы – 4-5 аш кашык
Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидордун кабыгын сыйруу. Курч бычак менен помидордун так ортосунан узунунан жана туурасынан тилип, кайнак сууга 2-3 мүнөтчө салсак, кабыгы оңой сыйрылат. Анан помидорду майда туурайбыз.
2. Кабыгы аарчылып, жуул­ган сарымсактарды жанчып алабыз. Эми зайтун майы куюлган идишке салып, өңү өзгөрө баштаганга чейин кууруйбуз.
3. Кызыган майдан сарымсакты алып таштап ага тууралган помидорду, райканды (башка көк чөптөрдөн кошсоңуз да болот), тузду жана мурчту салып кайнатабыз.
4. 7-10 мүнөт кайнаган соң кошулмадан помидордун уругун көк чөптөр менен кошо сүзүп алганыңыз оң. Андан соң коюу болгуча кайнатып, бууга кармалган банкаларга куюп капкак менен жаап коёсуз. Аягында сөзсүз көмкөрүп, жылуу ороп коюу керек.

КАЙНАТЫЛБАГАН ПРИПРАВА



Приправанын бул түрү кышкыга витаминдери "тирүү" сакталганы менен баалуу. Кайнатып же кууруунун кереги жок. Кышкыга жакшы сакталсын десеңиз, болгону азыктарды жана куюлуучу идишти таза жуу керек.

Керектелүүчү азыктар:

Помидор
(кызыл, эттүү түрү) – 5 килограмм
Болгар калемпири (өңү кызыл) – 4-5 даана
Ачуу калемпир – 1 же 2 даана
Сарымсак – 1 баш
Хрендин тамыры – 80-100 грамм
Аспирин – 5 таблетка
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Керектелүүчү жашылчалардын баарын жууп-тазалап эт туурагычтан өткөрүп алган соң кененирээк идишке куюп, татымына жараша туз салып аралаштырасыз. 1 литрине 1 таблетка аспиринди тез эриши үчүн талкалап кошосуз.
2. Даяр болгон кошулманы бир суткача идиштерге куйбай, маал-маалы менен аралаштырып турган оң. Бул туздун толук эрип аралашышына жана арасында калган абанын чыгышына шарт түзөт. Бир суткадан кийин таза жуулуп, кургатылган желим бөтөлкөлөргө же банкаларга куюп муздак жерде сактай бересиз.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

Хренди эт туурагычтан өткөрүп жатканда башына целлофан баштыкты байлап койсоңуз, жыты бөлмөгө тарабайт жана өткөрүп жаткан адамдын көзү ачышпайт.
Банканы стерилизациялоонун эң оңой жолу – бул микротолкундуу мештер. Болгону бир чөйчөкчө сууну банкага куюп, болжол менен 3-4 мүнөткө мешке саласыз.
Желим бөтөлкөгө куюлган кошулмаларды жерге көмүп койсоңуз жакшы сакталат жана муздаткычтан орун ээлебейт.

Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
shadyeva
2016-09-19 11:02:44
Мына сага.....
0
ZHaziko
2016-10-31 08:37:32
Приправа биз жакта чертополок деп коет
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан