ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-сентябрдан 25-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сиз үчүн жашоонун жаңы эшиги ачылат. Жаңы тааныштарды күтөсүз. Бирок абайлаңыз, жаныңызда жүргөн эле адам сизди сатып коюшу ыктымал. Ошондуктан ар бир кадамыңызды ойлонуп жасаңыз. Апта соңунда достор менен жолугушасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбү, бейшемби күндөрү баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Бирок жыйынтыгы жаман болбойт. Аптанын акыркы күндөрү маанилүү окуялар күтүлөт. Тааныштарыңыздын бири сиздин жардамыңызга муктаж болот. Бирок колуңуздан келбеген ишке аракет кылбаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Оптимист болууну үйрөнүңүз. Анткени жашооңузда убактылуу кризис башталат. Бул акча жаатына да, жеке турмушуңузга да байланыштуу. Баарын жакшылыкка жоруп, бир аз чыдай турсаңыз, жеңиш сиз тарапка өтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өмүрүңүздө буга чейин кездеше элек жагымдуу окуянын күбөсү болосуз. Балким, үй сатып аласыз же жакындарыңыз сиздин кыялыңызды орундатат дегендей. Ал жакшылыгыңызды жакшы санаалаштарыңыз менен бөлүшүп чакан той өткөрөсүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптаны өзүңүзгө гана арнаңыз. Бул өзүмчүлдүккө жатпайт. Болгону өзүңүздү өзүңүз сүйүп, баалоону билиңиз. Сулуулук салонуна баш багасыз, базар аралап гардеробуңузду да жаңыртасыз. Жолдон өтүүдө абайлаңыз, жаракат алып калышыңыз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ооруканага барууну улам артка жылдырбаңыз. Анткени дартыңыз күчөп кетиши мүмкүн. Жумушуңуз көп убактыңызды алып койгону менен, жыйынтыгы ич жылытат. Апта ортосу капчыгыңызга сак болуңуз. Алдамчылар тузак жайышы ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул апта кесиптештериңиз же өнөктөштөрүңүз менен алдыдагы 2-3 жылга план түзүүгө ылайыктуу экенин унутпаңыз. Бизнес долбоорлоруңуз болсо, келечекте жемишин берерине ишенип коюңуз. Апта соңунда бир нече жолугушууларга кез келесиз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кайсы бир иштер боюнча адистин кеңешине муктаж болосуз. Толук кандуу эс алууга убакыт келгенин сезип, мүмкүн, эмгек өргүүсүнө чыгасыз. Узак жолго чыгып адаттан тыш эс алууну уюштурасыз. Жакындарыңыздын ийгилигине кубанасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чыгармачыл адамдарда мыкты идеялар жаралат. Сүйүүдө жолдуу болосуз. Анткени жаңы таанышуулар акырындык менен сүйүүгө айланат. Келбетиңизди калыпка келтирүү үчүн спорт менен машыгууну да чечесиз. Апта соңунда бир аз маанайыңыз түшөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбү күнү маанайыңыз бир аз бузулат. Буга ишиңиздин кубантарлык эмес жыйынтыгы себеп болот. Айланаңыздагы адамдар менен баарлашканда абайлаңыз, пикир келишпестик келип чыгышы мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алдыңызда эки тандоо болот. Жан дүйнө тынчтыгы же кадыр-баркыңыз үчүн жандалбастоо. Тынчтыкты тандасаңыз, убактылуу мээңиз тынч болот. Ал эми кадыр-баркыңыздын артышын кааласаңыз көп мээнет, убакыт, акча талап кылынат жана ийгилик жылмаят.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Келечек пландарды, жаңы долбоорлорду түзүү үчүн жакшы убакыт. Жумушуңузда ийгиликтер күтүлөт, кызмат ордуңуздан жогорулашыңыз мүмкүн. Шейшемби күнү жашооңузду өзгөрткөнгө чейин барган маанилүү окуянын күбөсү болосуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан