Өмүрбек Текебаев: "АТА МЕКЕН" МЕНЕН ИШТЕШКИСИ КЕЛБЕСЕ, КСДП КОАЛИЦИЯДАН ЧЫГЫП КЕТСИН!"

14-сентябрда Жогорку Кеңештин чоң жыйыны кызуу талкуу менен өттү. Өмүрбек Текебаевдин бул жыйындагы учурдун талуу маселелери боюнча айткан пикирлери учурда талкуу чордонунда. Ал сөздөрдү толугу менен төмөндөн таба аласыз.

"5 ЖЫЛДА 1 МЕТРДИ ЧЕЧКЕН ЖОКПУЗ"

- Урматтуу депутаттар, Өзбекстан менен Тажикстан чек ара маселесинин баарын чечкен. Казактар да чечти, түркмөндөр да чечти. Биз гана чече элекпиз. 5 жылда талаштуу аймактардан 1 метр жаңы чекти макулдаша алган жокпуз. Тескерисинче, өзбектер Бакиев убагында макулдашылган 200 чакырым чек арадан баш тартты. Биз бул тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, тапшырманы берип, эмнеден катачылык кетип жатканын тактап, ошол жагынан жардам берели. 5 жылда биз 1 метрди чечкенибиз жок. А өзбек тараптын баш тартканы эмне? Бул басымга жол ачат, кысымга жол ачып берет. Ошондуктан бул маселеде биз артка кетпестен алдыга кеткидей болушубуз керек. Орто Азиядагы кырдаалды эске алып, ошол кырдаалда өкмөттү угуп, жаңы тапшырмаларды бере турган күн бүгүн деп эсептейм.

"СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН КАТЧЫСЫ БОЛУП КАЛДЫБЫ?"

- Бүгүнкү сөзүм 1-сентябрдагы сөзүмдүн уландысы болуп кала турган болду. Мен ошондо айткам. Бардык бийлик Жогорку Кеңеште, биз өкмөттү түзөбүз, өкмөттүн программасын аныктап беребиз, анын ишин көзөмөлдөйбүз, башка жакка элеңдеп карабайлык деп... Элдин алдында уят болобуз. Туура эмес жолго барабыз. Конституцияда бизге так ошондой милдет жүктөлгөн. Эгер бир партия утуп келген болсо, бир партиялык өкмөт болмок. Элибиздин ынтымагы ушундай экен, бөлүнүп-бөлүнүп 6 партия жөнөттү. Биз сүйлөшүп, кеңешип, коалиция түздүк. Кайсыл максаттардын негизинде бириккенибизди айтып, коалициялык келишимге кол койдук. Коалициялык келишимди "Ата Мекен" партиясы бекем кармап иштеп келе жатат. Ошон үчүн акыркы 5 жылда 4 жолу коалиция ураса дагы 4 жолу биз мүчө болуп келебиз. Анткени коалициялык келишимге биздин бекем экенибизди бардык өнөктөштөр билет. Болбосо кирбей калат элек да. Эми Иса Шейшенкулович, Өмүрбек Токтогулович чоң үмүт менен мени карап турат. Бирок туура айтып жатат, мен да коалиция барбы, жокпу деп суроо бергим келет. Анткени өлкөнүн тагдырын чечкен маселе коалицияда чечилиш керек. Өткөн чакырылышта Чыныбай Акунович жалган айттыртпайт, Феликс Шаршенбаевич өкмөттү чакырат эле, көп маселелерди биз Жогорку Кеңеште чечет элек. Бул чакырылышта, урматтуу депутаттар, жашыруун сырды ачып коёюн, өкмөт Жогорку Кеңеш менен эсептешпейт. Коалиция менен эсептешпейт. Дагы бир сырды ачайын. Бизде коалиция барбы деп суроо берип жатасыңар. Эмне үчүн кеңешпейсиңер деп. Коалициянын төрагасы жок. 4 айдан бери коалициянын төрагасын шайлай албайбыз. Мурун коалициянын төрагасы ушул Чыныбай Акунович болгон. Анда анча-мынча жолугат элек, азыр спикер шайлагандан бери коалициянын төрагасы жок. Биз жолукпайбыз. Кызматташкандын ордуна массалык маалымат каражаттарынан же болбосо чоң тойлордо, иш-чараларда бири-бирибизди кекетип, акарат айтабыз. Ошонун кесепети ылдый жактагы чиновниктерге да жугуп жатат. Мына Курман айт күнү Оштун мэри эмне деди? "Атамбаевди сындагандар оңбой калсын, Кудай жазаласын" деп каргады го?! Айт бири-бирибизди каргай турган күнбү? Бул ынтымакка, кечиримдүүлүккө, тынчтыкка чакырган күн го! Кыргызда айтылгандай, "атаңды өлтүргөнгө энеңди бер" дей турган күн го! Бизде ушундай конфронтациянын, жек көрүүнүн, адамды тоготпогондуктун идеологиясы мамлекеттик иш-чараларда таратылып жатат. Бүгүн парламент өз милдетибизди аткарып, өкмөт өз милдетин аткарып жатабы? Жок! Мына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айт күнү чыгып президенттин куттуктоосун үтүр, чекитине чейин окуп берип, аягында Алмазбек Атамбаев деп койду. Атамбаев куттуктасын. Телевизордон куттуктасын, гезиттерден куттуктасын. Премьер-министр өзүнүн атынан сүйлөш керек да. Ал эмне президенттин секретары болуп калдыбы? Фарид Ниязов барып айтсын, эгер ушундай эле ошол жерде айткысы келсе. Ушунун өзү бийликтин орду, дареги башка жакка көчкөндүгүнүн, биздин психологиябыз, көз карашыбыз башка жакка көчкөнүнүн далили. Иса Шейшенкулович бул жерде 15 мүнөт танапис сурайын дегенде мени менен эмес, Икрам менен кеңешет болуш керек деп ойлодум. Чын айтам. Эми Иса Шейшенкулович сизге мына сүйлөймүн деп даярданып турган Мискенбаевге жана башкаларга айтар элем, жакшылап коалициялык келишимди окугула! Ал жерде Атамбаевди сөзсүз колдоп беребиз деген жери жок. Ал жерде Конституцияны өзгөртөбүз деген жери жок. Эгерде кимдир бирөө өзгөртөбүз десе, анда бул ар бир фракциянын жеке ою. Ошон үчүн Бабанов менен чогуу өзгөртөбүз деп жүрөсүңөр. Бул маселе коалициялык келишимдин предмети эмес. Анан Иса Шейшенкулович, мына сиз лидер болуп 4 айдан бери шайлана албай жатасыз. 4 айдан бери 4 киши башыбыз биригип шайлабайбыз. Эми шайлана турган адам ушул жерден чыгып алып кет деп айтабы? Шайлана турган адам негизги өнөктөштөрдүн бири бул жерге чыгып сүйлөйүн деп турса танапис деп жарыялап, аны мыш кылабы? Бири-бирибизди урматтоо, сыйлоо болуш керек да! Эгерде бирөөнүн тапшырмасын айтып, "Ата Мекен" чыккыла" дей турган болсоңор мен кеңеш берет элем: Биз чыкпайбыз. Биз коалициялык келишимди так аткарып жатабыз. Эгерде кимдир-бирөө чыккысы келсе, Иса Шейшенкулович фракцияга тилиңиз өтсө, азыр танапис алыңыз дагы фракцияны жыйнаңыз. Мындай коалиция кереги жок десе КСДП коалициядан чыгып кетсин. Мына менин сунушум! Чыр-чатагы жок. Жыйналгыла,"жакпайт, коалициянын пункттары бузулуп жатат" десеңер конкреттүү күнөөлөрдү көрсөткүлө дагы, чыгып кеткиле. Эл азамат экен дейт. Менин сунушум ошол.

"ӨМҮРБЕК ТОКТОГУЛОВИЧ, РОЗА ИСАКОВНАНЫ КОРГОП КОЙГОНГО ЖАРАБАДЫҢ"

- Урматтуу Өмүрбек Токтогулович! Кожобек Рыспаев чыгып кетти. Президенттин ар-намыс абийирин коргоп жатышпайбы. Ошону Атамбаевге айтып койбойсуңарбы, бүткүл дүйнөгө уят болду. Ар бир элчиге барып сурасаңар айтат, уят болду деп. Айылга барып сурасаңар да уят болду деп айтат. Ошол жерде туруп алып эмне деген сөздөрдү айтып жатат. Урматтуу Өмүрбек Токтогулович, мандатты колуңа берип, биринчи вице-премьер министр кылган Роза Исаковна эле. Ошол жерде Орто Азиядан чыккан чыгаан лидерибизди коргоп койгонго жарабадың го. Ушул жерден мораль айтып, акыл үйрөткөндөн мурун ошого татыктуу болуш керек.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан